Көк бөрү. Нооруз-2021 турнирине саналуу күндөр калды. Командалар мелдешке кызуу даярданып жаткан чагы. Оюнчуга минген аты, атка үстүндөгү оюнчусу жарашпаса экөөнүн тең жылдызы жанышы кыйын. Бишкек шаарындагы ипподромдо өтүп жаткан белгилүү “Достук” командасынын машыгуусуна күбө болуп, аргымактары тууралуу маалымат алдык. АТАГЫ АЛЫСКА КЕТКЕН БОЙКА
Аты – Бойка
Жашы – 10
Оюндагы позициясы – Чабуулчу
Ээси – “Достук”
Таалайбек Мырзакматов, саяпкер:
– Бойка – Кыргызстандагы эң легендарлуу аттардын бири. 2014-жылдан баштап көк бөрүдө ойноп келе жатат. Бул көк бөрүгө төңкөрүш жасаган Америкадан алып келинген Кахармандын биринчи баласы. Бойка командага келгенде Манас Ниязов минген. Башынан эле Манаска деп алынган ат болчу. Экөөнүн мүнөзү бири-бирине төп келип, болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратышты. Мыкты чуркайт, күлүк, мүнөзү жоош. Накта көк бөрүнүн аты. Улак колго тийген учурда өзү эле илгиртпей тай казанды көздөй жөнөгөнү менен башка аттардан өзгөчөлөнүп турат. Жаракат алып калгандыгына байланыштуу эки жылдан бери оюнга чыга элек. МЫКТЫ АРГЫМАК ПЕГАС
Аты – Пегас
Жашы – 6
Оюндагы позициясы – Чабуулчу
Ээси – Руслан Тетуев
– Пегас жарышка чабылып жүргөн ат болчу. Бирок жарышта 8-9-орунду ээлеп калчу. Ошентсе да көк бөрүгө жарайт. Бизге ылдамдыгы керек. Пегас дагы Кахармандын баласы, Бойканын бир тууганы. Командада учурда Кахармандын 4 баласы бар (Бойка, Пегас, Браус, Каркыра). Пегас жакшы ат. Былтыр президенттин кубогуна арналган турнирде “Мыкты аргымак” наамына татыды. Анда Майрамбек Рысбек уулу чапкан, тилекке каршы, ал салым сала алган жок. Бул оюнда Бекболсун Алтынбеков мингени турат. Бул ат “Достукка” чейин “Жаш күч” командасында чабылган. Аттын ээси, күйөрманыбыз биздин командада чабылсын деп алып келген. Күлүк, алдынан чыккан аттарга тостурбайт, сүзөт. ОЮНЧУСУ ЖАРАШПАЙ ТУРГАН ТОКМОК
Аты – Токмок
Жашы – 7
Оюндагы позициясы – Чабуулчу
Ээси – “Достук”
– Токмок 2019-жылы арткы бутунан жаракат алып калган. Жаракаты айыгып оюнга даяр болгон. Былтыр ноябрда өткөн турнирде чабылды. Бирок үстүндөгү чабандес бала начар болуп калды. Атта эч кандай айып жок. Күлүктүгү, акылдуулугу боюнча алдына ат салбайт. Бул өтө назик жылкы, суутууга бат келет, адамды кыйнабайт. Өзүн-өзү сууткан ат десем болот. Токмок үчүн өтө шамдагай, активдүү оюнчу керек. Оюнчусу жарашса Токмокко улак тийди дегиче ийгилик жылмаят деп эсептей берсе болот. Ноорузда оюнга чыгар-чыкпасы белгисиз. Оюнчунун ылайыгы келбей жатат. 2019-жылы 31-августта тарамышы чоюлуп калганына карабай бутундагы жаракаты менен оюндун акыркы мүнөтүндө салым салып, “Достукка” жеңиш алып келген ат. ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕНИН АТЫ ШАХМАТ
Аты – Шахмат
Жашы – 6
Оюндагы позициясы – Жекеме-жеке
Ээси – “Достук”
Айдаркан уулу Эрсултан, көк бөрүчү:
– Бул менин атым болчу. Азыр командага өткөн. Мүнөзү токтоо, өжөр, күчтүү. Таластан чыккан ат. Орус-кыргыз аргымагынын баласы. Базардан минип көрүп жекеме-жекеге турганга жакшы ат экен деп сатып алгам. Бир жыл чаптым. Өзүнүн дээринде бар экен, шыр эле көнүп кетти. Ортого жекеме-жекеге түшкөнүн билет, чийинге түшкөндө өзү эле түртүшүп баштайт. Улак алгандан кийин да өзүнчө аракет көрөт. Кулк-мүнөзүн жакшы эле түшүнүп калдым. БЕТТЕГЕНИН БЕРБЕГЕН КӨК БЕТ
Аты – Көк бет
Жашы – 14
Оюндагы позициясы – Жекеме-жеке
Ээси – “Достук”
Айбек Темирбаев, көк бөрүчү:
– 2018-жылдан бери оюндарга Көк бет менен чыгып келем. Бул аябай өжөр. Аты айтып тургандай, көк беттиги бар. Беттегенин бербейт. Нарындан алып келинген. Аты да ошол жактан коюлуп келген. Башта коюлган атын өзгөрткөн жокпуз. Накта кыргыз жылкысы. Келгенден бери мен минем. Кыялы абдан жаман. Бирок экөөбүз бири-бирибизди түшүнөбүз. Оюн учурунда сонун мүмкүнчүлүктөрдү алып берет. КЫЯЛЫ ЧАТАК АЛАЙ
Аты – Алай
Жашы – 10
Оюндагы позициясы – Коргоочу
Ээси – “Достук”
– Алай белгилүү аттардын бири, коргоодо мыкты. Муну менен Таштемир Майлыбашев ойноп келген. Азыр Ильяз Исаков чабат. “Достукка” келгенине 6-7 жылдай болду. Кыялы өтө чорт. Клеткасына (кармалган бөлмөсү) киргизбей атырылып турат. Мүнөзү аябай оор. Тилин таап алдашып келе жатабыз. Азыр эле өзүңөр көрдүңөр го, жанына ат кирип кеткенде кандай ызы-чуу салганын.
Саяпкерден эки ооз сөз:
– Саяпкерлик кесип өтө оор. Аттын тили жок. Ар биринин абалын көз менен көрүп, акылың менен сезишиң керек. Ар бир ат өзүнчө мамилени талап кылат. Бири тез суутулса, экинчиси оңою менен суубайт. Таңдан кечке аттардын жанында жүрөсүң, үйгө барганда аларды ойлоносуң. Оору-сыркоосу жокпу деп дайыма денесин, көзүн, жем, чөптү кандай жеп жатканын карап текшерип турабыз. Булар дайыма сарайда кармалгандыктан жайы-кышы дебей көк чөп жешпейт. Андыктан аларга маалы менен витамин, туз жана сабиз көбүрөөк берилиши керек.
Динара Акимова