КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУН РЕФЕРЕНДУМГА ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ ТАЛАШ ЖАРАТТЫ

10-мартта Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап, референдумга алып чыгуу жөнүндө мыйзамдын долбоору 2-окууда талкууланды. Талкуу кызуу талаш-тартыш, депутаттардын кайым айтышуулары менен коштолду. Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорун кароодо парламенттин регламенти бузулуп жатканын айтып чыкты.

– Бул мыйзам долбооруна 2-3-окууда бир добуш берүүгө болбойт. Регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алсак, шерменде Конституция болот. Кечээ эмне үчүн тийиштүү комитеттин жыйыны болбой туруп 2-3-окууда бир кароого киргизип жатасыңар? Эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, эмне, Конституцияны ууруларча кабыл алабызбы? Депутаттар маанилүү учурда чечкиндүүлүктү көрсөтөлү,- дейт депутат.

Жанар Акаевдин айрым депутаттардын Атамбаевдин тушунда ага жагынып жүргөнү тууралуу айткан сөзүн депутат Бакыт Төрөбаев өзүнө алып, каяша жооп кайтарды.

– Мен эч бир президенттин баласы болгон эмесмин. Баласы атасын саткан чоң күнөө. Сен ким элең, ким болдуң, эсиңден чыгарба!- деген Төрөбаев кесиптешине Атамбаевдин “балашка” деген сөзүн эскертип өттү.

Жыйынтыгында төрага Талант Мамытов мыйзам долбооруна добуш берүү 11-мартта болорун жарыялады. – Бүгүн добуш берилүүчү мыйзам долбоорлорунун катарында бул мыйзам долбоору жок экен,- деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, талкууланып жаткан документ – конституциялык мыйзам долбоору. Аны палатадан кабыл алуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын добушу керек.

Өткөн аптада бул мыйзам долбоорун 1-окууда 87 депутат колдоп добуш берген. Референдумду быйыл 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүү сунушталууда. Бишкекте азыркы парламентти таратуу талабы менен митингдер өтүп жатат. Референдум дайындоо демилгеси парламенттен жетиштүү колдоо табабы?

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан