АТАКТУУ ФИНПОЛ ЖОЮЛДУ

Премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому менен өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жоюлду. Көпчүлүктүн көңүлүн мекемени жоюудагы өкмөттүн түшүндүрмөсү бурду.

– Көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ички дүң продукциянын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет. Көз карандысыз эксперттер жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан Каржы полициясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар да айтылып, аталган мекеменин коррупциялашкандыгы жана жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүлөр болуп жаткандыгы айтылууда,- деп жазылат түшүндүрмөдө.

Маалыматта ошондой эле Каржы полициясы экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керек экени, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы айтылат.

Айта кетсек, Финполду 2020-жылдын октябрь айынан тарта Сыймык Жапыкеев жетектеп келген. Мекемеде жалпы 400дөй кызматкер иштегени айтылат. Финполду жоюу иши боюнча атайын комиссия түзүлдү.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан