АКШ КАМЧЫ КӨЛБАЕВ ҮЧҮН 5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР СУНУШТАДЫ

АКШ бийлиги кримтөбөл Камчы Көлбаевдин абактан бошотулушуна тынчсызданарын билдирди. Аталган өлкөнүн Мамлекеттик департаменти “кримтөбөл” Камчы Көлбаев тууралуу маалымат жарыялагандарга сый акы катары 5 миллион долларга чейин каражат берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 5-мартта билдирди. АКШны Барак Обама жетектеп турган учурда Көлбаевге байланыштуу ушундай эле маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сый акы убадаланган. Көрүнүп тургандай, сумма 5 эсе жогорулады.

«Мамлекеттик департамент Камчы Көлбаевдин камакка алынышына жана соттолушуна, ошондой эле Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн 5 миллион долларга чейин сый акынын жогорулагандыгын жарыялайт»,- деп айтылат билдирүүдө.

Көлбаев өлкөдө былтыр 5-октябрь окуяларынан кийин кармалган. Ага карата "кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Быйыл 2-мартта туруктуу жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде сот чечими менен эркиндикке чыккан.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан