(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
«Камасутраны» билбеген аял – күйөөсүнүн «асыл тамчыларын» анын ойношу менен тең бөлүшкөн аял. Мындай аял үйдө жөн гана аялдык милдетин аткарып калат.
«Камасутрадан» кыргыз жаштарына ылайык келген жерлеринен үзүндү келтиребиз.
Жигиттин кызды кучактап эркелетүүсү
Эгер жигит колдору менен кыздын башын кармап, анан эриндеринен өпсө, бул “гүлдүн аңкыган жытына кумарлануу” деп аталат.
Эгер жигит кыздын көрктүү ийиндерин ачып, анын эмчектерине өзүнүн көкүрөгүн тийгизип туруп кызды өпсө, бул “таңдагы сергүү” деп аталат.
Эгер жигит колдору менен кыздын ийиндеринен баштап, колдорунун учтарына чейин сылап, анан кыздын белинен тартып өпсө, бул “сонундуктун туу чокусу” деп аталат. Өбүүнүн мындан башка да түрлөрү бар.
Кыздын жигитти кучактап эркелеши
Кыз башын жигиттин көкүрөгүнө жөлөп, колдору менен жигиттин мойнун, көкүрөгүн сылап жана эриндери менен жигиттин эмчегинин үрптөрүн соргулап же тиштегилесе, бул эркелетүү “уялчаактык” деп аталат.
Кыз эмчектерин жигиттин көкүрөгүнө такап, жагымдуу сүйкөнсө, бул “шибеге менен көзөө” деп аталат.
Кыз жигиттин мойнун кучактаган бойдон эки бутун көтөрүп жигиттин жамбашын ороп, кысып, жабышып алып сүйкөнсө, бул “бакытка секирүү” деп аталат. Мында кыз киндигинен ылдый жактагы төмпөйгөн жери менен жигиттин чыңалып турган “аспабына” сүйкөнүп, аны дүүлүктүрө алат.
Кыз-жигиттин бири-бирин өөп, эркелетүүсүнүн 15 түрү бар. Мисалы, эриндерин бири-бирине акырын тийгизишип, назик өбүшүү же тиштерине тиштерин такап өбүшүү жана башка.
Жигит өзүнүн эриндерин мурчуйтуп туруп, кыздын эриндерин өзүнө тартып соруп өпкөнү “түзөтүү” деп аталат.
Жигит кыздын тилин оозуна салып болор-болбос тиштеп, анан сорот. Кыз дагы жигиттин тилин жутуп ийгенче соруп, жигитти өтө каалаганын, аны менен төшөккө жатып, сүйүү кумарына канууга даяр экенин билгизген өбүшүү “самаян” деп аталат.
Жигит колдору менен кыздын эриндерин бири-бирине тийиштирип туруп, өзүнө тартып өпсө, бул “гүл үзүү” деп аталат.
Жигит тилинин учу менен кыздын үстүңкү эрининин ички беттерин дүүлүктүрүп козгойт. Же жигит колдору менен кыздын астыңкы эринин өзүнө тартып, тилин кыздын бир ууртуна сойлотуп жиберет. Кызды дүүлүктүрүп, аябай эркелетет. Бул өбүшүү “сойлоо” деп аталат.
Бүткүл денени дүүлүктүрүп өбүшүүнүн 4 түрү бар. Жигит менен кыз бири-биринин көкүрөктөрүн соруп, өбүшөт. Эмчектин үрптөрүн миң түрлөнтүп козгоп, соруу керек.
Аялдардын эсине! Ар бир үчүнчү эркектин эротикалык чекити эмчегинде. Кеп эмчекти билгичтик менен дүүлүктүрүүдө.
Өнөктөр бири-биринин ичин өбүш керек, киндиктин ылдый жагындагы чаткаяк дөмпөктөрүн өбүү кажет. Сандарынын ички беттерин ылдый карай, анан өйдө карай түрлөнтүп өпсө, аялдар үч эсе дүүлүгүшөт. Тизенин астындагы ийри такымдарын да өбүүнү унутпоо керек.
Жигит менен кыз бири-биринин бардык жерин өпкүлөп чыгышса, ошондо делебелери козголуп, денелери кызыйт.
(Уландысы кийинки саныбызда)