БИР БҮРКҮМ 2 ОБЛУСКА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ...

  • Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү жарандык паспорттор ушул жылдын 1-майынан тарта бериле баштаарын жарыялады.
  • Бакыт Нарбеков Талас облусунун жетекчиси болуп дайындалды.
  • 11-марттан тарта өлкөдө район акимдерин, алардын орун басарларын аттестациялоо башталат.
  • 10-мартта Бишкекке Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий иш сапары менен келди.
  • Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта расмий иш сапары менен Өзбекстанда болот.
  • Өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоору боюнча 372 миллион сом бөлүнгөнү 10-мартта маалымдалды.
  • Райымбек Матраимовго жакынкы күндөрү операция жасалары айтылды.
  • 2021-жылдын 1-февралына карата өлкөдө мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 456 500 адамды түздү.
  • Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бирине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы Каныбек Ташиевдин ысымын берүү сунушталды.
  • Эркин Тентишев Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды.
  • 10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 246 миллион метр кубду түздү.
  • Замирбек Надырбеков Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
  • УКМК жетекчилигинин атын жамынып 180 миң доллар пара алган 2 жаран кармалганы маалымдалды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан