Бек Борбиев: «АВТОР ӨЗҮНҮН ЫРЫН УНУТУП КАЛСА ЭЧ НЕРСЕ ЭМЕС...»

Концерттин аталышы – “Айымдарга ыр десте”

Өткөн күнү – 8-март

Өткөн орду – Спорт ордосу

Билет баасы – 350-500 сом

Башталышы – 19:00 (30 мүнөткө кечигип башталды)

Алпаруучулар – Айзада Жамгырчиева жана Руслан Адилбек уулу

Концерттин коноктору – Мирлан Баеков, Омар, Элиза Орозова, Жакут Сыдыков, Талант Кадыров, Алтынбек Ажалиев, “Музаман” тобу жана башкалар

Мыкты номерлер – Бек Борбиевдин 90-жылдардагы хит ырларын аккордеон менен көрүүчүлөр да кошо ырдаганы

Көрүүчүлөр – залдын 80 пайызы

“Делбирим”, “Тазасы барбы?”, “50 жаш”, “Аселдейим” чыгармаларынын автору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап “Айымдарга ыр десте” концертине барууга мен дагы күн эрте камындым. Карантин убагында калың эл көптөн бери ыр-майрам жок буулугуп калышканбы, айтор, зал бат эле толду. Аудиториянын басымдуу бөлүгү 40-50 жаш курактагылар. Алардын арасында 60тан ашкан улгайган апалар дагы отурушту. Залда отурган кыз-келиндердин, апалардын маанайы жайдары. Белек алып, гүл көтөргөндөрү да бар. Майрамдык маанайда кыздардын жылмайган жүздөрүн көрүп менин да көңүлүм көтөрүлдү. Борбор калаабыздагы Улуттук гвардиянын 60ка чукул жоокери дагы атайын чакыруу менен келишиптир. Ушул жерден баса белгилеп кетейин, концертте дүркүрөтө кол чаап, залды жандуу көрсөткөндөр да аскерлер болушту.

Сахнанын жасалгасы өтө шумдук эмес, орто. Мурда фонограмма менен өткөрүлгөн концерттерде сахна таза көрүнчү. Бул жолу жандуу концерт болгондуктанбы, айтор, сахнада электр чубалгылары жагымсыз көрүндү.

Ошентип биз күткөн жандуу концерт “Береке” бий тобунун кыздарынын бийи менен башталды. 7 жаштан 70 жашка чейинки муундун сүймөнчүлүгүнө айланган Бек Борбиевди алпаруучулар сахнага чакырышты. Дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда “Энекем” ырын тартуулады. Бек Борбиевдин куудулдук таланты бар эмеспи. Залда отурган аялзатына тийишип “жаным деген сөздү көп айткандардын өмүрү узарат экен. Ар кимге айта берсе 30 жылга кыскарып кетет экен” деп тамашага салып, айымдарды майрамы менен куттуктады. “Билетке акча төлөп киргенсиздер, кол чаап убара болбой эле коюңуздар. Концертке акча төлөгөндөн кийин милдеттүү түрдө ырдап беребиз. Башка жакта кол чаап, гүлдөрдү берип ырдатышпайт. Сиздер тынч, батага келгендей отурасыздар. Рахмат...” деп чымчый сүйлөгөндө эл кол чаап коштоп, зал шаңга бөлөндү.

Бек Борбиев өзүнө жарашыктуу классикалык костюмдарды кийип чыкты. Көп деле костюм алмаштырган жок. Жандуу ырдаганга энергиясын көп короткусу келбедиби, бир ордунда эле оңго-солго кайрылып ырдап турду. Эми концерттин майлуу жерин айтпасам болбойт. Бек Борбиев 90-жылдардагы хит ырларын аккордеонун колго алып ырдап баштаганда күйөрмандар кошо жарышып ырдашты. Каалоочуларды коштоп ырдаганга сахнага чакырды. Артта отурган жоокерлердин бири чыгып “Жолугалы, гүлүм” ырын созолонтуп ырдап берди.

Бек Борбиев концерт аяктаар алдында “Ай толгондо” чыгармасын аткарып жатып, ырдын сөзүн унутуп калса болобу?! Аны өзү да моюнуна алды. Ырчы тамашалап “дайыма ырдап жүргөн ырларымды эле эстеп калбасам, ырдалбай жүргөн ырларымды унутуп калам. Автор өзүнүн ырын унутуп калса эч нерсе эмес, күйөрмандар унутуп калса уят...” деп тамашалап бул абалдан чыгып кетти.

Концертке келген коноктордон Омар, Мирлан Баеков, “Музаман” тобу, Талант Кадыров Бек мырзанын чыгармаларынан аткарышты. Концерт супсак болгон жок. Ар бир ырчыны коштогон бийчилер, залды күлкүгө бөлөгөн куудулдар, Жакут Сыдыков аялдардын майрамына арналган сатиралары менен көңүлдү көтөрсө, Алтынбек Ажалиев өлкөбүздүн мурунку ажолорун туурап, залды күлкүгө бөлөдү. Концерттин аягында жандуу ырдаган Бек байкебиздин чарчаганы байкалды. Акыркы ырларында үнү угулбай калып жатты. Бул учурда артында эки жигит коштоп ырдап турду. Жалпысынан концерт баштан-аяк шаңдуу, ырлар да, эл да жандуу болду. Көптөн бери Бек Борбиевдин концертин сагынган күйөрмандардын гана эмес, менин дагы купулума толгон, көөдөнүмө жаккан концерт болду. Мени ырчыга бир да адамдын гүл бербегени өкүндүрдү. Бирок көптөн бери буулуккан эл кол чаап, коштоп ырдап отурганына ыраазы болуп, ичим жылыды. Концерттен чыгып Бек байкенин ырларын кыңылдап ырдап үйгө жагымдуу маанайда кайттым.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sarbo
2021-03-15 18:22:16
8март болуп гулдор кымбатта
0
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан