Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭҢ МЫКТЫ ЫРЫМ АЛИ ЖАРАЛА ЭЛЕКТИР...”

Бизде чоң эки ырчы болсо, анын бири ушул киши. Дагы бир өзгөчөлүгү – чанда гана маек берет. Сөз баккан адам менен маектешкендин ырахаты да өзгөчө. Мактаган жокмун, сөздүн чыны ушул. Ырчы басып өткөн жолу, атактуулукту кантип көтөргөнү, жашоодогу жалгыз сүйүүсүнө кантип жолукканы, ырларынын тарыхы, айтор, толтура сиз биле элек кызыктарды айтып берди.

– Саламатсызбы, Сыймык байке? “Гастролдоп келдим” деп калдыңыз. Учурда мурункудай көп гастролдор жок эмеспи, эл кандай кабыл алды?

– Саламатсыңар, эл токтосо токтогондур, бирок менде гастроль такыр токтогон жок. Пандемия учурунда эле токтоп калбасам, кыдырып жүрдүм. Эң биринчи концертим Караколдо өткөн, быйыл да ырымдап ушул шаардан баштадым.

– Артка кылчайсаңыз, кайсы жылдардагы гастролуңуз эсиңизде калды?

– Кыргызда “келиндин келгендегиси эсинен чыкпайт” дегендей, ырчынын да биринчи гастролу эстен чыкпайт. 1994-жылы "Эл ырчысы Эстебес" тобу менен биринчи жолу Ысык-Көлгө гастролдоп барам деп толкунданып уктабай чыккам. Бала кезден Ысык-Көл тууралуу чыгармаларды окуп таасирленгем. Барып эле Айтматовдун “Ак кемесине” жолукчудай дегдегем. Залкар инсандар Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиевдердин батасын көп алдым. Ал убакта сүрөткө түшкөнгө азыркыдай чөнтөк телефон жок болгондуктан, сүрөттөрүбүз жок. Эмнегедир алар мага өлбөчүдөй сезилчү.

Жеке өзүмдүн гастролумду 1996-жылы Ысык-Көлдөн баштагам. Ыраматылык досум Элмирбек Иманалиев “афишаны башкача жасайбыз” деп сунуштап, “Сыймык Бейшекеев “Көлдүк кызын” төркүлөтүп келет” деген тема койгонбуз. Анда “Көлдүк кыз” популярдуу болуп турган убак эле. “Баш куда – Болот Токтобаев, күйөө жолдош – Элмирбек Иманалиев, кудагый – Стамгүл Турдалиева” деп жазып төртөөбүз чыкканбыз. Кызыктуусу, гастролдоп бара жатабыз, борбордон саат 12де автобуска отурдук. Колдорубузда комуз, аккордеон, башка эч нерсебиз жок. “Аппаратураңар кана?” десе, “мына” деп комуздарды көрсөтүп коёбуз. Ыраазы болгонум, мени баласынтпай эл жакшы колдоп берген. Филармонияда эки жылдай иштеп, өзүмдүн атымды жасап, дараметимди сынап көргүм келип бул гастролго чыккан элем. Элмирбекке оюмду айтсам колдоп, “эч нерседен коркпо” деп дем-күч берип жанымда жүргөн. Ушундай колдогон досум болуп, жолборстун терисин жамынып алган баатырдай гостролго комуз менен чыгып кеткенибиз ошондон.

– Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар менен чогуу жүрүптүрсүз. Ошол кездин жылдыздары кандай эле?

– Өтө жөнөкөй, жүрөктөрү башкача эле. Эстебес ата башында “сенин акындыгың бар” деп мага ыр жаздырып жүрдү. Ал убакта “эстрада жанрында ырдасам” деп ал жакка басым жасап калгам. Анткени эл ошол жакка ыктап турган. Эстрада менен атымды жасап, кайра комузума кетип калам деп ойлогом. Элмирбек ошондо “жок, сен эстрадада эле каласың” деген. Айтканындай эле болду. Эстебес аталардын жолу менен кетсем, мыкты акындын катарын толуктабасам да, орто заар акын болуп калсам керек эле. Өкүнүч деле эмес, жөн эле ой. Тууганбай ата болсо өзүнүн баласындай көрүп курсагыбызды ойлоп үйүнө алып барып тамак берип жүрчү.

Бир күнү Элмирбек келип “Тууганбай атанын күндөлүгүнөн сонун ыр көрдүм” деп калды. “Көлөмүң болуп кичине, көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй катып жүрмөкмүн, көңүлү жаман кишиге” деген кызганыч тууралуу ыр экен, көңүлүмө уюп калды. Тууганбай атадан “ушундай саптарыңыз бар экен, мен обон чыгарып жүрдүм эле” деп сурап калдым. “Аны эмне кыласың, балам? Андан көрө муну ырда” деп башка бир ырды берди. Шаабайым сууп калды. Кийин эстрадага кетип калдым. Бирок ошол саптар көңүлүмдө жүрө берди. Кийин убакыт өткөндөн кийин “ушул ырды улап жазып бериңиз” дедим. Ал кезде 70 жашка чыгып калган эле “балам, эми менде андай кызганыч сезим жок” деп калды. Башка акындарга окутсам кызганып кетип, кайра өзү жазып берген. Ал ырга обон чыгардым, кийин ооруп калганда үйгө чакырып ырдап бердим.

Айтматов менен эки күн чогуу жүрдүм, ал дагы узун тарых, кийин айтып берейин. Бир өкүнгөнүм, ошончо жүрүп бир эле жолу аянттан сүрөткө түшүп, аны алайын десем орус фотограф каза болуп калып ала албай калгам. Залкарлар менен ушундай далай тарыхтар бар.

– Бир топ жыл Сыймык деген ат дүңгүрөп турду. Мынчалык атактуулукту көтөрө албай кеткен учуруңуз болдубу?

– Ашыраалы Айталиев атабыздын “Сыймык, мен убагында көпкөнүмдөн улам “мен жок кыргыз эли кантип жашайт?” деген ойго туш келгем” дегени бар. Элдин сүйүүсүн көтөрүү оңой эмес, көбү ушундай нерсеге туш болушат. Менде бул сезим болгон жок десем туура эмес болуп калат. Болду, бирок устаттарым дердеңдеп бара жатканымда тизгинимди тартып турушту. Андыктан жеңил өткөрдүм. “Мен жок кыргыз эмне болот?” деген нерсеге жетпесем да, бир-эки жыл кыйшаңдап барып түзөлдүм. Бир окуяны айтып берейин, түштүккө жыртык бут кийимчен, такси менен гастролдоп барганбыз. Катары менен 3 күн концерт коюп, эл ушунчалык көп келип, заводдон жаңы чыккан машине минип келип калган күндөр болду. Элестет, жөө барып, кайра машинелүү болуп кайтсаң. Мындай учурларда пендесиң да, көтөрүлүп кеткен учурлар болду.

– Өзгөчө обондоруңуз бар, алгачкы обонуңузду качан жараткансыз?

– 3-классымда Акбары аттуу эжейибиз бар эле. Бир ырды берип, “обон чыгара аласың” десе, турган жеримден обон чыгарып салганым эсимде. Толук кандуу 7-классымда “Жүрөк сезет” деген ырга обон жазгам. Радиолордон ыр укканда алтымыш тамырым зыркырып, “качан менин ырым ушинтип радиодон берилип калат?” деп ойлочу элем. Бир күнү радио угуп жатсам жанагы ырга Асанкалый Керимбаев эбак обон чыгарып койгон экен. Бирөөнүн бир нерсесин уурдап алгансып жаман болгом. Анда бир ырга бир нече обончу обон чыгарса болорун билчү эмесмин. Шагым аябай сынган. Азыр ошол кайрыктарды эч эстей албайм. Анткени жүрөгүмдөн бул обонду жоготконго аракет кылган экенмин. Кийин 17 жашымда ооруканага жатып калып, ал жерде медайым болуп иштеген Бегайым деген кызга арнап ыр чыгаргам. Аны ырдап чыккан жокмун.

– “Көлдүк кыз”, “Күзгү нөшөр” деген хит ырларыңыз менен бир муун тарбияланды. Ошолордун жаралышы тууралуу айтып кетсеңиз.

– “Көлдүк кыз” бир кызга арзып деле жаралган ыр эмес. Мен Ысык-Көлдү көрө электе эле, чыгармалардан окуп сүйүп калгам. Чыгармачылыгымда Көл башкы темада турганы да ошондон болсо керек. Көлдүк кыздан мурун мен Көлдү сүйдүм. Ушул кезге чейин эле сүйгөнүмө жолукчудай эңсеп, дегдеп барам. Ырчылар “биз Көлгө концерт берсек эл келбейт, сен берсең эле аншлаг менен өтөт” деп айтып калышат (күлүп). Мен кыялымда бир каарманды ойлоп алып, аны сүйүп ыр чыгара берем. “Көлдүк кыз” ушинтип жаралган. Эл “50 жашка жакындап эмне актанып жатат?” дешпесин, чындыгы ушул.

“Күзгү нөшөр” чоң эргүү менен жаралган, качанкы бир элдик кайрыктар келип көңүлүмө туруп алып кетпей койду. Ал кезде жаздырганга телефон жок, жубайым жанымда болчу, ага ырдап берсем жакты. Элмирбекке барып ырдап берсем, ал катуу таасирленип ыйлап жиберди. “Үн жаздыралы” дедик. Азыркыдай кайра-кайра жаздырмай жок, үн режиссёрдун да убактысы жок эле. Бул ырга дагы эки ырды кошуп бир дем, бир дубль менен ырдап жаздырып салдык. Ал кезде кандай ырдасаң ошондой түшчү, азыркыдай үндү тазаламай жок эле. Кассетага жаздырып алып, түнү менен угуп чыктым. Эртеси радиого бергени келсем Бекболот Абдраимов деген киши “эй бала, эмне турасың?” деп бир тийди. “Ыр алып келдим” десем, “эмне балээ деген ырларды чыгарып жатасыңар, алып келчи бери” деди. Кудай жалгап “Күзгү нөшөр” биринчи жазылыптыр. Биринчи куплет бүткөндө эле жашып кетти, бүткөндөн кийин кучактап өпкүлөп жиберди. “Ушул ырды сен чыгардыңбы, сен ырдадыңбы?” деп кубанды. Ыр тез арада хит болуп кетти. Бул окуя мага аябай шык берди.

– Мындай хит ырларыңыз кийин көп болбоду...

– Чыгармачылыкта бир ырың жакшы чыкса калганы ошонун айланасында калып калат экен. Мен Рыспай Абдыкадыровдун ырын өз кайрыгымда, өз стилимде ырдайм. Азыр бир ырдын пайдубалын түзүп койгом. Ал “мен сен тууралуу дагы да болсо ырдап бүтө элекмин” деген маанидеги ыр. Мен, балким, эң мыкты деген ырымды жарата электирмин, балким, мындан жакшы ырларым чыгат. Ырыңдын кайрыктары бири-бирине окшош деген сынды угуп калам, бирок ар бир обон жүрөктөн чыгат.

– “Сүйүүдө ар жок” деп айтыптырсыз бир маегиңизде. Чын эле ошондойбу?

– Эркектин табияты ушул экен. Көзүң көрүп, жүрөк согуп турганда сулууларга суктанбай коё албайт экенбиз. Эркек сөзсүз сулуу кыз сүйгүсү келет, күлүк ат мингиси келет. Ошондон улам айткан сөзүм болуш керек. Бирок адамга чыныгы сүйүү бир эле жолу келет экен. Калганы кызыгуу, жакшы көрүү десек болот.

– Чоң сүйүүңүзгө жеттиңизби?

– Үйдө, жашап жүрөм азыр (күлүп). Бул кызды издеп жүрүп сүйдүм, эңсеп жүрүп үйлөндүм. Мен убара болуп шаардан, булуң-бурчтан издеп жүргөнүм айылда экен (күлүп). Классташымдын бөлөсү болуп чыкты, сүрөттөн көрүп жактырып калгам. Анда жубайым 18 жашта болчу. “Болду-болбоду бул да каникулда жүрсө керек” деп болжоп барып жолуккам. Мен чоң эне тарбиялаган уулмун, ага айтсам “жакшы адамдын кызы” деп, батасын берип, биринчи жолугууга баргам. Ошол күндөрдү сүрөттөгөн күндөлүгүм бар, азыр аны жубайым Нурзада сактап жүрөт. Уктай албай жүрөк дүкүлдөп укмуш болгом. Ушундай алоолонгон махабаттын аркасында баш кошуп, төрт балалуу болдук. Алоолонгон махабат ар бир чыгармамда учкун болуп берди. Нурзада мени эле сүйгөн жок, ата-энемди, бир туугандарымды кошо сүйдү. Сүйүү жакшы дечи, бирок үй-бүлөдө көп нерседен сактап кала турган нерсе аялдын акылдуулугу. Жубайым менин тукумумду улайм деп төрт жолу өмүрүн тобокелге салды, операция жолу менен төрөдү. Акыркысында врачтар “өмүрүнө коркунуч келтирет” дешкен. Аялдын мына ушундай курмандыгын, жан дилин арнаганын, акылын сүйөт экенсиң.

– Үй-бүлөнү кадырлоонун үлгүсүн кимден алгансыз?

– Атам биздин көзүбүзчө эч качан апама катуу айткан эмес. Биз ошолорду көрүп чоңойдук. 10 жашта болсом керек, бир машинага түшкүлө десе балалыкка салып түшүп алыпмын. Ал, көрсө, ажырашып жаткан жубайлардын жүгү экен. Ошол жерден ата-эне бири-бирине жаман сөз айткандарын көрдүм. Баарынан жаманы – балдарды бөлүштүргөнү эле. Апам “ошондо өңүң купкуу болуп келип “апа, мен үйлөнсөм эч качан ажырашпайм” дегенсиң” дейт. Бала болсом да жан дүйнөм бүлүнүп жаман болгом.

– Балдарыңыздын чыгармачылыкка жакыны барбы?

– Эки эркек балам тең чыгармачылыкка жакын, үндөрү жакшы. Азамат учурда чет өлкөдө, англис тилин мыкты билет. Ага “сен ырдасаң болот” деп калам. Чыгармачылыгын баштаса көп ырчыга атаандаш болсо керек. Бирок азыр жеке иштери менен жүрөт. Кийинки уулум Кадырлуу да чыгармачылыкка жакын. Азыр өткөөл курагы болгон үчүн ырдатпай жатам. Комузду жакшы чертет. Эки кызым чыгармачылыкка анча жакын эмес.

– Маегиңизге чоң рахмат, алдыда боло турган концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алыңыз!

– Китептерин окугандан тажабаган жазуучуңуз?

– Чыңгыз Айтматов.

– Акын?

– Алыкул Осмонов.

– Ордунда болгуңуз келген тарыхый каарман?

– Токтогул Сатылганов.

– Саясаттагы каарманыңыз.

– Жок.

– Сизди суктандырган айым?

– Апам.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Сыймык Бейшекеев: “Күзгү нөшөрдү угуп, Элмирбек ыйлаган”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-03-15 10:58:08
Ден-соолукта,өмүрүңүз узун болсун.Өң,келбети атама окшош болгон үчүн аябай жакшы көрөм:)
+2
kkkk3259780
2021-03-15 13:39:50
россияда эс алган кундор эсиндеби...
+1
Nursultan2508
2021-03-15 16:28:12
kkkk3259780,
0
i-bilim
2021-03-15 17:15:53
Оо, окуп алып жашагым, жашагым келип кетти го, чиркин! Сырткы келбети да, жан дүйнөсү да күлмүңдөгөн, аруу инсан турбайбы) Чоң рахмаат Супер!
+2
Marni
2021-03-15 20:52:00
Айзат кыз(Тюп районунун Санташ айылынан болот, гл. гинекологдун кызы) менен мамилеңиз үзүлгөнбү?
0
Sara1993
2021-03-19 10:39:15
Кандай гана керемет адам!Биздин тарыхта кала турган инсандар, концерттин абдан кутуп жургом бирок числосун билбей калып откоруп жибериптирмин.омурунуз узун болсун.
0
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан