Гүлнара Калдарова, ырчы: «СТЕРВА МҮНӨЗҮМ БАР, АНТПЕСЕ ТЕБЕЛЕП КЕТИШЕТ»

Гүлнара Калдарова “Кыз-Бурак” тобунан чыгармачылыктагы пайдубалын түптөдү. Топтон кеткенден кийин өз аракети менен чоң сахнада калды. “Чыгармачылыктагы алган тажрыйбам Гүлшайыр эженин эмгеги” дейт ал. Жагымдуу үнү гана эмес, күлүп турган көзү менен да өзгөчөлөнгөн ырчы менен аялзаты, жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

– Гүлнара айым, саламатсызбы? Түштүк жергесине гастролдоп барып келдиңиз окшойт?

– Ош, Жалал-Абадга чакыруулар менен барып келдим. Эл карантинден кийин концерттерди сагынып калыптыр. Мурун концерттерден көңүлү калгандай отурушчу эле, бул жолу маанайлары сонун экенин байкадым.

– Маектеше элегибизге көп болуптур. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

– Жаңы ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат. Алдыга койгон пландар көп. Алардын бири – жеке концерт берүү.

– Өтүп кетсе да сизди Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктай кетейин. Жолдошуңуздан эмне белек алдыңыз?

– Рахмат! Жумушка байланыштуу майрамдарда үйдө болбой калам. Бул жолу да сапарда болуп калдым. 9-мартта учуп келдим. Келсем жолдошум аэропорттон гүл менен тосуп алды, чакан белегин берди, кафеге алып барды. Аял кишиге көңүл буруу эле жетиштүү эмеспи.

– Жолдошуңуз менен түтүн булатып жатканыңызга 16 жыл болуптур. Карьера менен үй-бүлөнү аксатпай, кантип бирдей алып кетсе болот?

– Айымдар карьерага караганда үй-бүлөнү бийик коюш керек. Анткени аял – үйдүн куту. Турмушка чыккандан кийин чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын. Ал үчүн чоң аракет керек. Экөөнө тең жетишсе болот. Мисалы, гастролго кетип жатканда баарын тыкыйтып, 2-3 күндүк тамагынан бери даярдап кетем.

– Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызды толугу менен түшүнөбү?

– Башында түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер болгон. Кеч келгенимди кабыл алчу эмес. Азыр толугу менен түшүнөт. Кесибим оор экенин билет. Сапардан келгенде “биринчи эс алып ал, үй жумушун анан жасайсың” деп турат. Бул этапка келиш үчүн көп энергия кетти. Азыр көбү “жолдошуңуз жакшы, ырдатат. Гастролго кеткенде түшүнөт” деп калышат.

– Ортодо пикир келишпестиктер болгондо ким кечирим сурайт?

– Жолдошум сурайт. Анткени кемчиликти ал кетирет да (күлүп). Кээде катуураак сүйлөп алат, жалган айтып алат дегендей.

– Капа болгондо өзүңүздү кантип алаксытасыз?

– Музыка угам, унааны айдап бир жакка кетип калам. Сырымды айта алган курбуларыма чалып аларды чакырып, шопинг жасап алаксыйм.

– Эмне капа кылышы мүмкүн?

– Эгер бирөө үнүн бийик көтөрүп урушуп салса жүрөгүм ооруп, капа болом. Сөз менен көңүл калтырыш оңой. Жалган сүйлөп коюшканда да катуу тиет.

– Мүнөзүңүз кандай? Сизди “стерва” десе болобу?

– “Стервалык” бар. Ансыз болбойт го (күлүп).

– Андай мүнөздөн жапа чегип калган учур болду беле?

– Болот. Негизинен, ачуум чукул. Бирок сабырдуу болгонго аракет кылам. Чектен ашып кеткенде өзүмдү кармай албай урушуп салам. Сыртымдан бул мүнөзүм билинбейт. Толкунума кабылып калгандар “жиниңиз жаман турбайбы, андай ойлогон эмеспиз” деп калышат (күлүп).

– Бул мүнөз табиятыңызбы?

– Турмуш үйрөттү окшойт. Унчукпай, жоош, шайыр болуп жүрө берсең “жыгачтын жумшагын курт жейт” дегендей болот. Катуураак болуунун пайдасы бар. Антпесе шоу-бизнесте жөн эле тебелеп коюшат (күлүп).

– Ырчылык жан дүйнөңүздүн каалоосубу?

– Бул муктаждык деп айтпайм. 17 жаштан тартып чоң сахнадамын. Турмушка чыккандан кийин тыныгуу болду. “Ырдабай эле койсомбу?” дедим. Жолдошум “бизнес ачып берейин” деп тигүү цехин ачып берди. Жумуштун көзүн таап бизнести жакшы жүргүздүм, жакшы киреше таап жаттым. Бирок жан дүйнөм ал тармакты каалабай, ырды, сахнаны сагынып туруп алды. Жолдошум “аябай кыйналып жатканың көзүңдөн билинип турат. Кыйналсаң бизнести сатып сал. Кайра чыгармачылыкка кириш, колдойм. Ырдабай калганың үчүн жүзүңдөн бактылуулукту көрбөй жатам” деди. Бизнести саттым да, чыгармачылыкка кириштим. Каалаган жумушуңда иштебесең толук кандуу бактылуу боло албайт экенсиң. Ошондуктан чыгармачылыкка кайтып келдим.

– Кыргыздар жеке жашоого көп кийлигишет эмеспи. Сизге да “качан төрөйсүң?” деп жатышса керек?

– Туугандарды айтпай эле коёюн, кызым “апа, башкалардын көп бир туугандары бар экен. Эмнеге мен жалгызмын? Менин да иним же сиңдим болсо жакшы болмок. Сиз ырдап жүрө бериңиз, баланы өзүм эле карайм” дейт. Быйыл Аянаны инилүү же сиңдилүү кылуу планын ишке ашыралы деп жатабыз.

– Тилегиңиз ишке ашсын! Кызыңызга кандай энесиз?

– Кызым менен өтө жакшы мамиледемин. Ага “менден эч нерсе жашырба” дейм. Кээде “жигиттер кат жазып жатабы? Сени ким жакшы көрөт?” деп сурап калам. Мени курбусундай көрүп, ачык сүйлөшүп турушун каалайм. Кагып койсоң экинчи сырын айтпай калат экен. Аябай эркелетем, ошол эле учурда тентектик кылса урушуп, баланс сактап турам. Чыгармачылыкка жакын. Жакшы бийлейт, бий ийримине барат. Мүнөзү мага да, атасына да окшош. Тартынбайт, бул мени менен көп жүргөндүктөн болсо керек. Ачык, шайыр кыз.

– Көпчүлүк аялдар карылыктан коркушат. Өзүңүздүн жаш курагыңызды кабыл алганды үйрөндүңүзбү?

– Эл менен көп иштешип, позитив энергия алып тургангабы, көп адамдар “аябай жаш көрүнөт экенсиз” дешет. Туулган күн болгондо гана канчага чыкканың билинет (күлүп). “Апаларыбыздай көп жашка чыгарсын” деп тиленем. “Карылыктан корком” деп жаш эле өтүп кетип жатышпайбы.

– Кайсы жериңизге пластикалык операция жасатмаксыз?

– Мага “көзүңүздү жасатпайсызбы” дешет. Бирок азыр өзгөрткүм келбейт. Балким, 10 жылдан кийин ойлоном. Көзүн жасаткандардын көзү киртийип, оорукчан адамга окшошуп калганын көрүп коркуп кетем. Көбүнчө көзүмө комплимент айтышат, “жылдыздуусуң” дешет. Көзүмдүн өңүнө кызыгып “линзабы?” деп сурашат. Келбетим, жүзүм толугу менен өзүмө жагат.

– Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?

– Толуп кетпегенге аракет кылам. Спорт залга барып машыгам, диета кармайм. Организмди тазалаган чайларды ичем. Косметологго барып бетиме кам көрөм.

– Дайыма жаш бойдон жүрүңүз! Маегиңизге рахмат!


Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
“Жаштыктын эң кызыктуу учурлары “Кыз-Бурак” тобу менен өттү” дейт Гүлнара Калдарова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-03-15 10:47:34
Көзүңүз сонун.Үй-бүлөлүк,чыгармачылык ийгилик каалайм
+7
Aselya_9105
2021-03-15 11:25:55
Стерва көрүнбөйт го, ар дайым ачк, шайыр, жаркылдап жүргөнүн көрөм. Жылдыздуу айым, жаркылдаган.
+7
dkrf
2021-03-15 12:08:37
Азаматсыз Гулнара айым. Сиз чачынызды кое берип, жасап алсаныз укмуштай сулуу корунуп калат экенсиз. Сиздин Узун чачыңыз мени таң калтырды - ал абдан сыйкырдуу экен. Сиздин чачыныз - бул бакыттын жана кубанычтын нуру!
Сиздин сулуулугуңузга эч качан шек санабаңыз, анткени сулуулугуңузга көз артууга болот! Сиз чыныгы сулуусуз жана жөн гана сүйкүдүүсүз! Аял кишиге дайыма сулуулук каалайм.
-1
Paol
2021-03-21 10:21:12
dkrf,кааап десе))))
0
Haanykeim
2021-03-15 12:24:55
Дайыма жылмайып жүрүң,аялдык бакыт каалайм.
+6
Nina.alex
2021-03-16 23:04:13
Ото эле куу айым. Гулнарадай достор турганда душмандын деле кереги жок. С таким друзьями и врагов не надо деп орустар айткан соз ушул аялга тиешелуу
+2
Merelisha
2021-03-18 12:27:49
Дагы деле бар экен ээ "Чачынызды кое берип...."-деген тата матата создор.
+1
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан