“КУМТӨР”: 2020-ЖЫЛДЫН IV ЧЕЙРЕГИНИН ЖАНА ЖАЛПЫ 2020-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

“КУМТӨР” 2020-ЖЫЛЫ МАМЛЕКЕТКЕ САЛЫК ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ ТӨЛӨМ ТҮРҮНДӨ 15,3 МИЛЛИАРД СОМ КОТОРДУ

Негизги өндүрүштүк жана финансылык жыйынтыктар

2020-жылы «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампадагы запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 556 136 унция же 17 297,76 килограммды түздү. Салыштыруу үчүн: 2019-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 600 201 унцияны же 18 668,35 килограммды түзгөн. Алтынды өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү, ириде фабрикага жеткирилүүчү рудада алтындын курамы азыраак, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун коэффициентинин төмөндөшүнө байланышкан. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде фабрикага 81,4% ылгоо көлөмүндөгү 3,27 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,69 г/т жана 83,5%ды түзгөн.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 90 4024 унцияны түздү, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде ал 148 523 унцияны түзгөн. Алтынды өндүрүүнүн көлөмүндөгү көрсөтүлгөн төмөндөө фабрикага жеткирилген кампа рудасындагы алтындын орточо төмөн курамы менен, ошондой эле рудадан металлды ылгоо коэффициентинин төмөндөгөнүнө байланыштуу. 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде кен фабрикасына жеткирилүүчү алтындын курамы орточо 74,2% алтын ылгоо көлөмүндөгү 2,11 г/т түзгөн, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,79 г/т жана 85,3% түзгөн.

2020-жылы мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которулду.

COVID-19ГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫРДААЛ

“Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Мурда кабарлангандай, компания Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция жана башка оорулардан улам эмгек жамааттын айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканын белгилеген. Булардын кесепетинен июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлгөн эмес, бирок сентябрь айында компания толук түрдө ишин уланта баштады. АЫФ (Алтын ылгоочу фабрика) боюнча айта турган болсок, ал жыл бою толук кубаттуулукта иштеди.

ЛЫСЫЙ СУУ ӨРӨӨНҮНДӨГҮ ТОО-ТЕК ҮЙМӨГҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ КЫРДААЛ

2020-жылдын июль айында Лысый суу өрөөнүн бош тек үймөктөрүн жайгаштыруу үчүн орун катары андан ары пайдаланууга уруксат алды. Жакынкы эки жылда Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгү №20 иш зонасына жакындыгынан улам кендин негизги үймөгү болот. Лысый суу өрөөнүндөгү бош текти жайгаштыруунун жаңы планы боюнча бош тек алгач өрөөндүн этегине жайгаштырылат жана бош тек өрөөндүн жантайышы боюнча жайгашып, бул алгачкы мезгилдерде бош текти ташуунун каттамын бир кыйла узартат.

2021-ЖЫЛГА “КУМТӨР” КЕНИ БОЮНЧА ТЕХНИКАЛЫК ОТЧЁТ ЖӨНҮНДӨ

2021-жылдын февралында Компания тарабынан 2020-жылдын 1-июлунда түзүлгөн (2021-жылга “Кумтөр” кенинин техникалык отчёту) чыкты, анда кенди пайдалануу мөөнөтү 2031-жылга чейин, беш жылга узартылат. Ал эми алтындын запасы 107%га рудада 6,3 миллион унция алтынга чейин жогорулады (73,3 миллион тонна алтындын орточо курамында 2,66 г/т бир унцияга 1350 АКШ доллары эсебинен).

ӨНДҮРҮШТҮК ИШМЕРДИК

Алтын өндүрүүнүн өздүк наркы – 2020-жылы алтындын бир унциясы 342 долларга барабар болду, бул көрсөткүч 2019-жылы бир унциясына 381 долларды түзгөн эле. Өздүк нарктын төмөндөшү негизинен рудадагы алтындын төмөндөшү жана андан алынчу алтындын пайыздык өлчөмүнүн азайганынан улам руданын фабрикалык кайра иштетүүсүнүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.

2020-жылдын төртүнчү чейрегинде алтын өндүрүүнүн өздүк наркы унциясына 439 долларга барабар болду, бул көрсөткүч 2019-жылы унциясына 363 долларды түзгөн эле. Өздүк нарктын өсүшү негизинен металлды сатуунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ТӨЛӨМДӨР

Кыргыз республикасынын аймагында 2020-жылы жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн (салык, аффинаж чыгымдары, жергиликтүү жабдуучуларга төлөмдөр, инфраструктураны колдоо, кайрымдуулук жана башка) суммасы 344 680 миллион АКШ долларынан ашты. Ошентип Кыргыз Республикасынын аймагында 1994-2020-жылдары жүргүзүлгөн чегерүүлөр 4,48 миллиард АКШ долларынан ашты.

Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасирлер

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча,

• “Кумтөрдүн” Кыргыз Республикасынын ИДПсына 2020-жылы болгон үлүшү 12,5%;

• “Кумтөрдүн” Кыргыз Республикасынын өнөр жай продукцияларынын көлөмүндөгү үлүшү 23,3%.






























СКОТТ ПЕРРИ: “КУМТӨР” 2020-ЖЫЛЫ ӨНДҮРҮШТҮК КӨРСӨТКҮЧҮН ЖОГОРУЛАТА АЛДЫ”

“Центерранын” президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри төмөнкүлөрдү белгилейт:

– “Кумтөр” үчүн 2020-жыл дагы ийгиликтүү жылдардын бири болуп, анда ал пландуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулата алды. Ошентип, алтын өндүрүшүнүн көлөмү 556 136 унцияны түздү жана муну менен негизги фонддорду колдоого жалпы жумшоолор сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде аралык өндүрүмдүн негизинде 741 долларды түздү. Тактап айтканда, алар негизги фонддорду колдоого жалпы чыгымдар үчүн белгиленген төмөнкү чектен дагы аз.

Бир жыл ичинде Компания өз карызын толук жаап, жылды карызсыз аяктады. Муну менен накталай акча 545,2 миллион долларды түздү. 2021-жылдын январь айында биз “Гринстоун Голд Майнз Партнершип” компаниясындагы акциялардын 50%ын саттык, муну менен 210 миллион доллар накталай акча түрүндөгү пайда таптык (бардык тиешелүү салыктарды жана төлөмдөрдү кошо) жана өз балансыбызды дагы да бекемдедик.

2021-жылдын 24-февралында SEDAR издөө системасы аркылуу “Кумтөр” кенин пайдалануу мөөнөтүн чагылдырган “Кумтөр” кенинин жаңыртылган Техникалык отчёту жайгаштырылган. Кенди пайдалануунун жаңы планы болгон карьердик запастарга таянат жана ушул план боюнча “Кумтөр” кенинин ишинин мөөнөтү дагы 5 жылга узартылды. Жалпысынан кендин иштөө мөөнөтү жаңы план боюнча 11 жылга белгиленген, ал эми сырьёну фабрикалык кайра иштеп чыгуу ал жакта 2031-жылга чейин улантылат. Ушул жаңы планга ылайык, 2022-жылдан баштап кен беш жылдын ичинде жылына орточо 590 000 унция алтынды ишенимдүү өндүрөт. Муну менен кошумча продукттун негизинде өндүрүштү жаңылоого жалпы чыгымдар сатылган продукциянын унциясына 828 доллар өлчөмүндө орточо белгиленген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан