«Өнөгү барда өзөгү жок,
Өзөгү барда өнөгү жок,
Көмөкөй шерик,
Көмөкөй шерик...»
Кыскасы, алдыңызда Тамга! Жөнөкөй, ошол эле учурда татаал, “дерзкая”, муну менен катар назик, ачык-айрым, бирок тереңде каткан сыры бар, айтор, таптакыр эки башка нерсени өзүнө камтыган чыгармачыл инсан. Интервью ачык-айрым, жөнөкөй болду, сизге да жагат, сөзсүз окуңуз.
– Салам, Тамга! Биринчи жолу актрисалык өнөрүңдү көрсөтүп жатасың, болгондо да дароо эле башкы ролду ойнодуң, андан да кызыгы, мыкты режиссёрдун колуна түштүң. Ийгилик дайыма эле сага ушундай жылмаябы?
– Саламатсызбы? Өзүңүз баарын байкап коюптурсуз, дал ошондой болду. Дебютум башкы ролго туш келди, эң мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Ак салкын” тасмасына тартылдым. Алгач сунуш түштү, анан фото проба, видео проба болду, анан роль такталды. Алгач киного тартыларыма ишене албай жүрдүм, Ысык-Көлгө барып тартуу иштери башталганда гана ишендим. Кино тартуу ушунчалык оор экенин, артында чоң команда турарын, канча эмгек кетерин, айтор, ысык-суугунун баарын билдим. Мен канчалык деңгээлде аткардым, өзүм айта албайм, аны Эрнест байке баалайт болуш керек, бирок болгон күчүмдү арнадым. Ийгиликке жолдуумун.
– Ырчы Бегиш сени менен башкы ролду аткарды, тез эле тил табышып кеттиңерби?
– Бегиш башкы ролдо болору башынан эле дайын болчу, экөөбүз тең ролубузга тез эле кирип кеттик. Мурун көп эле жерден көрүшүп жүрчүбүз, бирок жакындан сүйлөшүп көрө элек болчубуз. Тасмага тартылып жатканда өзүнүн дүйнөсү бар адам экенин билдим. Музыканын толкунунда жүргөн кызыктуу адам экен, көзүбүздөн эле түшүнүшүп жаттык. Жеңил болду.
– Бир ишти баштап жатканда сенде “кыла албай калсамчы” деген коркуу болобу?
– Жок, эч нерседен коркпойм. “Бул нерсе колумдан келеби?” деп ойлоном, колумдан келерине көзүм жетсе тике эле кирем. Ишене албасам, баш тартам. Кылам деп чечсем, анда коркпойм.
– Рэп окуганыңды угуп, чыныгы кыргыздын руху бар саптар бар экенин байкадым, бул өзүңдүн жан дүйнөңдүн кыйкырыгыбы же командаңдын идеясыбы?
– Ооба, кыргыздын колорити менен ырларды алып кетүүнү көздөп жатабыз. Бардык ырларым продюсерим Чыңгыз Алиевге таандык. Мен ага ыраазычылык билдирем, ал эми стиль же башка нерсени команда биригип чечебиз. Ыр элдин колдоосуна алынса, ал башкача бир сезим. Багбан бак тигип, мөмөсү бышканда колуна алганда кандай ырахат алса, биз да ошондой ырахат алабыз. Жан дүйнөм деле ошол нерсеге жакын, кыскасы, биримдикте чыгарылган нерсе. Проюсерим менен 3-4 жылдан бери иштешип келе жатабыз, келишим бар, бирок келишимден мурун биздин ортобузда ишеним жана жакшы мамиле бар.
– Эгерде бирөөнү сүйүп калып, бир айдан кийин турмушка чыгуу чечимин кабыл алдың деп коёлу, бул келишимге залакасын тийгизбейби?
– Негизи чочуп кеткендей чечим чыгаргандан алыс адаммын. Эгерде андай болуп калса, көпкө ойлонуп, сырымды айтып команда менен кеңешип чечебиз го дейм. Бирок азыр андай маселе жок.
– “Дерзкий” образың бар го, бул образ дейли. Чыныгы жашоодогу Тамга кандай?
– Образ ошондой, бирок бир канча пайыз өзүмдө да бар. Жашоодогу Тамга ачык-айрым, жөнөкөй, көп сүйлөшкөндү жакшы көргөн, көп сүйлөгөн адам.
– Шоу-бизнеске келдиң, анда эмнелер бар экен?
– Башында байкаган эмесмин, бирок эл көзүндө болууда бир аз эркиндигиң чектелип калат экен. Элдин назарында микроскоптун алдында тургандай жүдөп кетем кээде. Мындай көңүл буруу сахнада эле болсо сонун болмок. Башка эч бир жаман абалга туш келе элекмин, баары жакшы, мага жагат.
– Тойлорго барасыңбы?
– Барабыз. Азыр концерттер да жок болуп калды, элдин алдына чыгууну каалап, көкүрөгүң самап буулугуп калат экенсиң, карантин маалында муну аябай сездим. Той жакшы нерсе го, салтыбызда да бар.
– Атаң дүйнөдөн кайтып, сени апаң жалгыз чоңойтконун билебиз, апаң тууралуу айтып берчи.
– Апам болбосо мен өзүмө ишенимдүү болуп чоңойбосом керек эле. Бизде кандай гана күндөр өткөн эмес, ошонун баарына чыдады. Өтө жөнөкөй үй-бүлөдө өстүм. Апам бизди тил үйрөнсүн деп, келечегибизди ойлоп борборго жакын көчүп келгенбиз. 7 жашыма чейин тоолуу айылда чоңойдум, тоонун кызымын десем болот. Тоону аябай сагынам, кыялым – кийин айылга үй куруп, ошол жакта жашап калсам, шаарга иш болуп калганда гана келип турсам дейм. Табиятка жакынмын, жайлоодо кой жайып өткөн балалыгым болгон. Баса, менде чоң энемдин да тарбиясы бар. Эки күчтүү аялдын тарбиясын алдым десем болот. Чоң энем мени телевизордон көрүп “телевизордон көрдүм сени” деп эле коёт (күлүп). Апам ийгиликтериме кубанса, чоң энем “ии, ырдап жатасыңбы?” дегендей эле жөнөкөй кабыл алат болуш керек.
– Музыка жаатына ким багыттады?
– Борборго жакын келгенибизден кийин өзүм эле музыкалык окуу жайга барып, комуз черткенди үйрөнүп алгам. Апама “мен ушундай ийримдерге барам, ушунча акча керек” десем ойлонуп калчу. Мен өзүмдү бардык жактан издедим, тикмечи болдум, психологиялык курстарга бардым, спорт менен машыкчумун. Волейболдо менден бою узун кыздар менен бирдей секирсем эле таң кала беришчү. Өзүмдү музыкадан таптым (күлүп).
– Кел, биринчи сүйүүңдү эстейбиз...
– 5 жашымда мектепке баргам, ал бала 7 жашта болсо керек, экөөбүздү чогуу отургузуп коюшкан. Ал бала мага тийишип, жаман сөз айта берсе да бир сезим бар эле (күлүп). Мен чакчаңдаган, балдарды анча-мынча сабап койгон, кыздарды ары бас, бери бас деп башкарган кыз элем. Бирок азыр таптакыр башка Тамгамын. Ошол балалык сүйүү болсо керек.
– Сүйүү менен мамилең кандай, тез-тез бул сезим болуп турабы же көптө барып бир келеби?
– 23 жаштамын, эми сүйүү темасын сүйлөй берсем болсо керек, ээ (күлүп)? Мен сезимдерге ишенем, чоң сүйүүнү башымдан өткөрөм деп ойлойм. Бирок сүйүү келе элек. Мага пейили кенен, берешен, ак көңүл жигиттер жагат, сырткы көрүнүшүнө көңүл бурбайм.
– Сага катуу таасир берген окуя?
– Атама өтө жакын элем, каза болгону катуу таасир берген. Машинесинин үнүн сагынып, күтүп, келбесине ишенгим келбей жүрдүм. Менимче, эң катуу таасир берген окуя ушул болуш керек.
– Тамга, сен мага аябай таасир калтырдың, бар бол.
Нуржамал Жийдебаева