ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ АЗИЯНЫН МЫКТЫСЫ АТАЛДЫ

Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын жана Алматы шаарынын «Кайрат» клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов АФКнын версиясы боюнча «Аптанын мыкты оюнчусу» деп табылды. АФКнын сайтында жүргүзүлгөн добуш берүүдө Алыкулов 44,39 пайыз добушка ээ болуп алдыга озуп чыкты. Ал эми 22,42 пайыз добуш менен "Зениттин" чабуулчусу Сердар Азмун 2-орунду ээледи. Ошондой эле Алыкулов 13-мартта өткөн "Кайрат" – "Жетысу" беттешинде гол жаратып жана голдук пас чыгарып берип, оюн 2:0 эсебинде "Кайраттын" жеңиши менен аяктады. Бул оюнда да кыргыз футболчусу мыкты аталды.

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан