Актёр, вайнер, каскадёр Шумкар Бейшеналиевдин учурда колу бошобой, бир иштен экинчисине чуркап жүргөн кези экен. Жеке жашоосун да унутта калтырбаптыр. Жакшы жаңылыгы менен бөлүшүп, “жакында үйлөнөм” дейт. Кыскасы, Шуманын жашоосундагы кызыктар ушул маекте.
– Шума, салам! Маекке чакырсак “убактым аз” деп калдыңыз. Эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Салам. Биринчиден, үйдө маселе болуп жатат. Дегеним, атам сыркоолоп, анын ден соолугу менен алек болуп жатабыз. Экинчиден, көбүнчө жарнамалык ролик тартып, аны баракчама жүктөп иштеп калбадымбы, ошого да бошобой жатам. Мындан тышкары, өзүңүздөр билгендей, “Эки баатыр” тасмасына тартылбадымбы, жакында тасма элдин сыноосуна коюлат. Азыр ушул иштер менен да алекпиз.
– Атаңыз тезирээк айыгып кетсин! “Эки баатыр” тасмасына кантип тартылып калганыңызды сурайын.
– “Эки баатыр” деген тасма тартып жатабыз. Эки баатырдын биринин ролуна сени ылайык көрдүк” деп Руслан байке (ред.: режиссёр Руслан Акун) бул тасмага башкы ролдордун бирине чакырып калды. Макул болдум. Элди патриоттуулукка үндөгөн жакшы тасма жаралды. Кинону көргөндөн кийин элдин руху, духу көтөрүлөт деп ишенем.
– “Бул тасмада таптакыр башка образдамын” деп жарыя кылдыңыз. Кандай образдасыз?
– Ооба, тасмада образым такыр башка. Буга чейин жараткан образдарымдан айырмаланат. Мурдагыларга караганда кичине олуттуу жумушта иштеген олуттуу адаммын. Картаны толук ачпай турайын, калганы сыр болуп турсун.
– Макул. Билишимче, кесибиңиз боюнча режиссёрсуз. Режиссёр катары тасма тартуу оюңуз барбы? Тартып калсаңыз кандай тасма тартмаксыз?
– Кино тартам деген оюм бар. Буга чейин “Перекупщик” деген тасманын сценарийин жазууга жардам бергем. Ал кинонун идеясы да меники. Биз азыр команда болуп иштейбиз да. Биздин амирибиз, шефибиз Азамат Исмаилов. Ошондуктан бирибиз идея айтсак, экинчибиз сценарийин жазып, дагы башкасы режиссёр болуп иштеп жатабыз. Мен режиссёр катары драма тарткым келет. Буюрса, ал да болот.
– “Тамашоуго” келгенге чейин тартынчаак, өзүмө ишенбеген жигит болчумун” деп каласыз. Бул тепкичтен өткөн адам катары айтсаңыз, адам өзүнө болгон ишенимди жаратуу үчүн эмне кылышы керек экен?
– Өзүнө ишенгенди үйрөнүшү керек. Жүрөгү менен сүйлөшүшү зарыл. “Ушинтип жүрө беремби? Эмнеге уялчаакмын, колумдан келет го. Уялчаактыкты жеңишим керек, өзүмө ишенишим керек” деп өзүнө-өзү күч бериши керек. Анан да Кудайдан суранышы кажет, Кудай жардам берет. Ойлоп көрсөк, баарыбыз эле бирдейбиз да. Ошондуктан бири-бирибизден уялбашыбыз керек. Тартынчаактык баарыбызда бар. Бирок аны айрымдар жеңип чыгат, айрымдар ошо бойдон калат экен. Бир ишти жасоону жан дүйнөң каалап жатса аракет кылышың керек, бул тоскоолдуктан аттап өтүү сенин гана колуңда.
– Жашоодо бардык нерсенин даамын татып көрүш керек деп калышат. Сиз эч качан даамын татпайм деген нерсе барбы?
– Ооба, бар. Менин алкоголдук ичимдиктерди ичпеш керек, ден соолукка зыян келтирчү иштерди жасабаш керек деген принцибим бар. – Чыгармачылыкта кандай бийиктикке жеткиңиз келет?
– Чыгармачыл адам канчалык бийиктикке чыкса да аздык кылат. Майкл Жексон деле кандай бийик “учту”, өмүрү өткөндө анын атактуулугу башкаларга орун бошотуп берди. Биз деле ошондой болобуз, бизден кийин ордубузга башка таланттуулар келет. Москвада учурунда Тиматилер “качать” этчү эле, азыр Моргенштерн алардын ордун басып алды. Ошол сыяктуу эле менин, Эмил Эсеналиевдин, Азамат Исмаиловдун ордуна деле жаштар келет. Ар адамдын өз доору болот. Артыбызда жакшы нерсе, жакшы адамдар калсын деп аракет кылып жатабыз. Мисалы, Жеки Чанды көрүп көп адам өстү, спортчу болду. Ошондой эле бизди көрүп да көп жаштар өсүп, үлгү алса экен дейбиз.
– Бир топ чет өлкөлөргө чыгып келдиңиз. Кайсы өлкө катуу таасир калтырды?
– Көп өлкөлөр таасир берди. Умрага да баргам, жүрөгүмдө эң чоң таасир калтырган, мени кичине болсо да “оңдогон” ошол зыярат болду.
– Чыгармачылык кризис болгон учур болобу? Андайда эмне кыласыз?
– Болот. Азыр андай кризис көп боло баштады. Канчадан бери тамаша жазып жүрөбүз, бири экинчисине окшошуп калбасын деп көп ойлонобуз. Жашоодо да көп роль ойнойт экенбиз. Үйдө маселе болсо же башка жумуштарга жетишпей жатсаң тамаша жаза албайсың. Же жөн эле тамаша жазгың келбеген учур болот. Андайда “эл суранып жатат, кой, жазайын. Эл мени ушул үчүн жакшы көрөт да, жалкоо болсом элге жакпай баштайм, мээнет кылайын” деп өзүмдү кыйнайм. Жеке жашоомдо деле көп маселелер болот. Анын баарын элге айтып отурбайсың да. Эл бизди жыргап жашайт деп ойлошот. Андай эмес, кайгылуу күндөрүбүз да болот. Болбой эле тамаша жазабыз. Өзүмдү кыйнап тамаша жазууга туура келет.
– Жеке жашооңузда жаңылыктар барбы?
– Буюрса, үйлөнөйүн деп жатам. Болочок жубайым менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жатканыбызга бир ай болду. Мага ал кыз ыймандуулугу, чынчылдыгы, мени сыйлагандыгы жана сулуулугу менен жакты. Ата-энемди сыйлаган келин болот деп айта алам. Мага жагып тургандан кийин үйлөнөм деген чечимди тез эле кабыл алдым. Эркек деген чечкиндүү болушу керек да. Баары ойдогудай болсо быйыл баш кошолу деп турабыз.
– Сонун. Бактылуу болуңуздар! Маегиңизге рахмат.
КЫСКА ЖООПТОР
– Эң кымбат буюмуңуз кайсы?
– Колумдагы телефон.
– Сизди тажаткан суроо?
– “Күлдүрүп койчу”.
– Сизге айтылган эң жагымдуу комплимент?
– “Шумкардай бийиксиң, мындан дагы бийик бол”.
– Кандай адамдар кыжырыңызга тиет?
– Маданиятсыз, оозуна ээ боло албаган, керексиз суроолорду берген адамдар.
– Мушкер болсоңуз рингге кайсы атактуу менен чыкмаксыз?
– Аманда Нуньес деп койгом, ээ (күлүп)? Макгрегор менен чыкмакмын.
Перизат Музуратбекова