Бильярддын белгилүү түрү болгон снукер жөнүндө уксаңыз керек. Балким, көрүп да жүрөсүз. Андай болсо Ронни О'Салливан деген ысым сизге тааныш. Снукер боюнча Дүйнөнүн 6 жолку чемпиону, рекордчу, өзгөчө кыял-жоругу менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган легендарлуу снукерчи тууралуу сөз кылабыз.
АНКЕТА
Туулган жылы – 1975-жыл, 5-декабрь
Туулган жери – Англия, Батыш Мидлендс графтыгы, Вордсли айылы
Жетишкендиктери – 6 жолку Дүйнө, 7 жолку Улуу Британиянын чемпиону, беделдүү Мастерс турниринин 7 жолку, Премьер-Лиганын 10 жолку чемпиону жана башка көптөгөн турнирлердин жеңүүчүсү
Каймана аты – РакетаЭРТЕ КЕЛГЕН ИЙГИЛИК
Белгилүү снукерчи Ронни О'Салливан Англиянын Батыш-Мидлендс графтыгына караштуу Вордсли айылында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энеси ишке кеткенде дайыма кошуналардын үйүндө кала турган. Болочок спортчу 7 жашында эле снукер ойноого кызыккан. Бир жолу туугандардын үйүнө конокко барганда атасы баласынын снукерге болгон сүйүүсүн байкаган. Көп өтпөй Рождество майрамында уулуна снукер столун белек кылган. 8 жашында Ронни атасы менен бильярд клубдарына бара баштайт. Анын оюну 5-6 саатка созулуп кетчү. Кызыгуусу күч алып турган өспүрүмгө ийгилик эрте келди. 10 жашында сенчури-брейк (бир айлампада эреже бузбастан топтогон упайлардын жалпы саны) жасоого үлгүргөн, башкача айтканда, бир оюнда 100дөн ашык упай топтой алган. Бүгүнкү күнгө чейин Ронни О'Салливан сенчури-брейктеринин саны боюнча абсолюттук рекордчу болуп саналат. Ал эми 13 жашында жаштар арасында Улуу Британиянын чемпиону аталса, 15 жашында 147 упай топтоп максималдуу брейк жасоого жетишип, 16 жашында профессионал оюнчулардын катарын толуктай алган.
РЕФЕРИНИН БАЛАСЫН САБАП...
Роннинин каардуу, татаал мүнөзүн балалык кезде болгон окуялар менен байланыштырууга болот. Ата-энеси эми бутуна турган кезде үй-бүлөдө күтүүсүз трагедия орун алат. 1992-жылы барда болгон уруштан кийин атасы адам өлүмүнө күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган (18 жылдан кийин эркиндикке чыккан). Бирок Ронни азыркыга чейин атасын актап келет. Ал атасынан кол үзбөй барып турган. Абакта болсо дагы кубансын деп мелдештерди жеңүүгө болгон күчүн жумшаганын айтат. Ал аз келгенсип, 1995-жылы салык төлөбөгөнү үчүн айыптап спортчунун апасын дагы камакка алышкан. Чоң үйдө карындашы экөө эле калган. 7 айдан соң апасы эркиндикке чыккан. Бирок соттошуу окуясы Ронниге жармашкан. 1996-жылы Дүйнө чемпиондугунда атасынын түрмөдө экенин айтып күлгөн атаандашын сабап салган. Ал реферинин баласы болгон. Бул жоругу үчүн Ронни оюндан четтетилип, шарттуу түрдө кесилген жана 20 миң фунт (болжол менен 2 362 186 сом) айып пул төлөгөн. Мындай жагдайлардан улам дайыма депрессияда жүргөн спортчунун бир күнү да алкоголь, баңгизатсыз өтпөй калган. Кийин психологдун кызматын пайдаланган.ЖЕКЕ ЖАШОО
21 жаштагы спортчу Салли Магнус аттуу кыз менен жолугушуп жүргөн. Анын кош бойлуу экенин укканда Саллини таштап кеткен. Кыздуу болушкан. Аларга үй алып берип, жума сайын акча жөнөтүп турганы менен, ымыркай кызынын жүзүн көргөн эмес. Кызы учурда 21 жашта, аны болгону 10 жолу көргөн. Кийин Жо Ленгли аттуу айым менен баш кошуп, бир кыз, бир уулдуу болгон. Жубайлардын тагдыры соттошуу менен аяктаган. Ал бул тууралуу “каражатым жактоочуларга жана алимент төлөөгө эле кетчү болду” деген. 2013-жылдан тартып англиялык актриса Лайла Руасс менен сүйүү мамилесинде.
ЭРЕЖЕЛЕРГЕ БАШ ИЙГИСИ КЕЛБЕЙТ
Снукер элиталык спорт, анда көптөгөн жылдар бою калыптанып калган салттар так сакталат. Мисалы, жакшынакай шым, көйнөк, чыптама, жаркырап тазаланган бут кийим оюндун алмаштыргыс элементтери. Ронни мунун баарын сандырактык деп эсептейт. Ал эрежелерге баш ийгиси келбейт. Оюн учурунда каалаганын жасап, андан кийин айып пул төлөгөндөн ырахат алган спортчу. Анткени мелдеш жана маалымат жыйын учурундагы жагымсыз жүрүм-туруму үчүн төлөгөн айып пулдарынын суммасы өтө чоң, башка бир дагы оюнчу анчалык айып пул төлөгөн эмес. Бул спорт эч кандай шоу жасоону талап кылбаса да, Роннинин жосунсуз жоруктары күйөрмандарын таң калтырып келет. Алсак, оюн маалында боосун байлоого ыңгайлуу болуш үчүн бутун түз эле снукердин столуна койгон. Көйнөгүн шалбыратпай шымына кыстарып коюшун суранган калыс менен урушуп кеткен. Бир оюнда “бутум дем алгысы келип турат” деп бут кийимин чечип жылаңайлак ойносо, биринде оюнга ак кроссовкичен келген. Анан да бир Дүйнөлүк чемпиондукта оюн ортосундагы тыныгууда чачын алдырып салган. Ракета каймана атына ээ снукерчи бир ирет Улуу Британиянын чемпиондугуна маанайы суз келген. Ал оюнда Стивен Хендриге аз гана эсепте жеңилип жаткан. Утууга толук мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок Ронни баарын каратып туруп залдан чыгып кеткен. Эртеси ал оюнда зериккендиктен үйүнө телевизор көргөнү кеткенин айткан. Кыймыл-аракети, кылык-жоругу менен аттандаштарын шылдыңга алмайы да бар. Ошентсе да Ронни мыкты. Улуу, гений, баарынан кыйын, легенда, снукердин Моцарты... Мунун баары күйөрмандары тарабынан анын дарегине байма-бай айтылган сөздөр. Чынында, ал өз спортунун чебери, ар убакта мыктылардын сап башынан орун алып келет.
Динара Акимова