ТАРЫХТАГЫ КЕСКИН БУРУЛУШ: АКСЫ ОКУЯСЫНА 19 ЖЫЛ

17-мартта айтылуу Аксы окуясына 19 жыл толду. Өлкөнүн бүтүндүгү, эркиндик, акыйкаттык үчүн көтөрүлгөн элге бийлик ок атып тарыхка жазылган каргашалуу күн. Кыргыз ыңкылаптарынын башаты, элдин эркиндик үчүн күрөшүнүн, адилетсиздикке каршы тайманбас мүнөзүнүн символу катары сыпатталып келе жаткан тарыхый окуя. Тактыга отурган ар бир президентке өткөнүн эстетип турушу керек болгон “Шералынын чокою”.

Президент Садыр Жапаров Аксы окуясынын 19 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Анда президент Аксы каргашасы өлкөдөгү революцияларга, анын ичинде 5-октябрдагы элдик толкундоого түрткү берген окуя деп белгиледи:

– Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр мүнөзүн көрсөтүп, улуттун намысын коргоп калышкан. Аксы окуясы эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Аксы сабагы – бизди адилет жана калыс саясат жүргүзүүгө, элге кызмат кылган башкаруунун демократиялык багытын бекемдөөгө үндөйт,- деди президент.

2002-жылы Аксы эли авторитардык режимге, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы көтөрүлүп чыккан. Жөө жүрүшкө чыккан элге Акаевдин бийлиги ок атып, 6 азамат окко учуп, ондогон жарандар жаракат алышкан. Өкүнүчтүүсү – демократиялуу, күчтүү, өнүккөн өлкө курууну эңсеп көтөрүлүп, бей ажал каза тапкан аксылык баатырлардын тилегинин орундала электиги. Арадан дээрлик 20 жыл өтсө да.

17-март – өлкөдө Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгиленет.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан