Президент Садыр Жапаров АКШны Кыргызстандагы кылмышка шектүү жарандарга карата кош стандарттуу саясат жүргүзүүдө деп күнөөлөдү. Бул тууралуу ал жакында ЖМКлардын бирине берген маегинде белгилеп өттү.
Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовду айыптаган АКШ экономикалык кылмышка шектелип жаткан экс-чиновник Аскарбек Шадиевди өлкөгө бербей жатканын айтат президент. АКШда Шадиевден башка да саясатчылар жашынып жатканын билдирди:
– ТИМ аркылуу АКШ элчилигинен Көлбаевге каршы кылмыш ишин, ага каршы факт, далилдерди берүүнү сурадым. Ал эми биз ачык-айкын сот ишин өткөрүп бермекпиз, элчиликтин өкүлдөрү ага катышсын. Ал адегенде “мыйзамсыз баюу” беренеси менен камакка алынган. Андан соң мамлекетке белгилүү бир сумманы төктү. Калганын эркиндикке чыккандан кийин которду. Ал бирөөнү өлтүргөн эмес. АКШ аны “баңгизат соодасы менен алектенген, факт бар” деп жатат. Бергиле десек, бербей жатышат,- дейт президент.
Аскарбек Шадиевге мындан 3 жыл мурун "мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды адалдаштыруу", "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери менен кылмыш иши ачылган. Кылмыш иши ачыларга жакын ал өлкөдөн чыгып кеткен.
Ал эми жакында АКШ бийлиги кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу уюмунун каржылык механизмдерин бузууга жеткирген маалымат үчүн 5 миллион доллар сый акы берилери тууралуу жарыя кылган.
Жолдубек Качкынбаев