Уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду ишке кирди. Тийиштүү келишимге президент Садыр Жапаровдун Ташкентке жасаган мамлекеттик иш сапарында кол коюлган. Фонддун максаты – өлкөлөр ортосундагы соода, каржы мамилелерин кеңейтүү. Башкы штабы Бишкекте жайгашкан фонд бизнести каржылоону көздөйт. Мисалы, туризм, өндүрүш, транспорт, айыл чарба жана башка тармактар боюнча насыяларды берери айтылат маалыматта.
Коомчулукту фонддун түзүлгөнү эмес, кандай иштээри кызыктырат. 2014-жылы уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Анын да максаты – Кыргыз жеринде арзан насыяларды берип, бизнести колдоо эле. 7 жылдан бери Кыргыз-Орусия фондунун үзүрүн чиновниктер, алардын тууган-туушкандары гана көрдү, карапайым эл фонддон насыя ала алышкан жок деген сындар такай айтылып келет. Көпчүлүктүн эсинде калганы – Өмүрбек Бабановдун тууганынын Бишкекте “Азия Молл” соода борборун ачууга деп аталган фонддон 17 миллион доллар насыя алганы. Кыргыздын экспорттук потенциалын көтөрүүгө деп каралган акча соода борборлорун куруу, “Кыргыз темир жолу” ишканасына вагон сатып алуу өңдүү иштерге да жумшалып, чуу жараткан.
Жолдубек Качкынбаев