БИР БҮРКҮМ. БИШКЕККЕ ЖАҢЫ ООРУКАНА КУРУЛАТ...

  • 16-мартка карата Токтогул суу сактагычында 9 миллиард 51 миллион метр куб суу бар.
  • Өзбекстан Кыргыз армиясына 1 тик учак белек кылары расмий маалымдалды.
  • “Мегаком” компаниясынын башкы директору Азамат Жаманкулов кызматтан кетти.
  • Жарандык активист Тилекмат Куренов социалдык түйүнгө жазган посту үчүн УКМК тарабынан кармалды.
  • Улуттук статистика комитети: “Өлкөдө аялдар эркектерге салыштырмалуу 8 жылга узак жашашат”.
  • Катар өлкөсү Бишкекке 9 кабаттуу медициналык борбор куруу үчүн 9,2 миллион доллар грант бөлгөнү айтылды.
  • Өлкөдөн 59 миллиард 500 миллион сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип Бахтияр Жолдошбаев аттуу жаран изделип жатканын УКМК билдирди.
  • Ушул жылдын февраль айында Тажикстанда кармалган 9 Кыргыз жараны ар бири 180 миң сомдон айып пул төлөп, мекенине кайтарылды.
  • Бишкекте 15-мартта саясатчы Жеңиш Молдокматовдун иш кеңсесине укук коргоо органдары тарабынан тинтүү жүргүзүлдү.
  • 10-февралда УКМК тарабынан пара берүүгө шектелип кармалган муфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыгарылды.
  • Башкы прокуратура: “Ысык-Көл облустук фонду мамлекетке 150 миллион сом зыян келтирген”.
  • 21-март – Нооруз майрамы жекшембиге туш келгендиктен, 22-март, дүйшөмбү – дем алыш күн деп жарыяланды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан