Бишкектеги “Ош базарында” скрипка менен элге жандуу музыка тартуулаган кыздын видеосу социалдык тармактарга тарады. Көпчүлүк кыздын талантына баа берип, элге жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн жакшы пикирлерин калтырышты. Биз ал скрипкачы кыз Санем Аматова менен маектештик.
– Саламатсыңбы, Санем? Алгач өзүңдү жакындан тааныштырсаң.
– Саламатчылык. Мен 1999-жылы Бишкек шаарында туулгам. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. №70 мектеп-гимназияда окугам. 1-класстан 7-класска чейин Пётр Шубин атындагы музыкалык мектепте окудум. Мектепти бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда билим алдым.
– Эмне себептен скрипканы тандап алдың?
– Чындыгында, скрипкага кыргыз эли көп деле маани бербейт. Бирок өзүң кызыккан аспапта кол ойнотуу абдан жагымдуу. 1-классымда апам музыкалык мектептин пианино бөлүмүнө тапшырткан. Ошол маалда коридордо отуруп, бир музыкалык аспаптын үнүн угуп, жакшы көрүп калдым. Ал скрипка экенин билчү эмесмин. Ошол бөлмөнүн эшигин ачсам башка дүйнөдөн жарык келгендей сонун сезимдер болгон. Ошол учурдан тартып скрипканы жакшы көрүп калдым. Апамдан суранып “мен ушул аспапты үйрөнөм” деп башка бөлүмгө которулгам.
Апам жаш кезинде комуз чертип, ырдап жүргөн. Балким, ошол себептен мен дагы музыкага жакындырмын. Апам “кыздуу болсом бирөөсүн пианиного, экинчисин скрипкага берем” деп кыялданчу экен. Менден улуу эжем дагы музыкант. Таланттуу, профессионал пианист. Экөөбүз тең билим алууну Москвадан уланттык. Учурда эжем биздин өлкөнүн атынан сынактарга катышып, карьерасын түптөп жүрөт.
– Интернетке тараган видео тууралуу айтсаң. “Ош базарга” барып скрипка ойноого эмне себеп болду?
– Атайын пландап барган эмесмин. Жөн гана оюма бул идея келди. Ошол күнү азык-түлүк сатуучу жерде элдин маанайын көтөрүп, сюрприз кылууну чечтим. Өткөн жылы карантинде баарыбыз чектөөлөр менен жашадык. Театрлар иштебей, концерттер коюлбай эл буулугуп калды. Негизи көпчүлүк убактыбызды жумушта өткөрөт экенбиз. Атайын билет сатып алып, концертке баргандар аз. Айрыкча классикалык музыканы угуу үчүн баргандар чанда гана кездешет эле. Классикалык музыканы элге тартуулагым келди.
– Базардагы элдин реакциясы кандай болду?
– Аябай кубанышты. Баары таң калып, топтолуп калышты. Кээ бири “скрипканын жандуу үнүн биринчи жолу угуп жатам, рахмат” деп ыраазы болду. Ошол жерде гүл саткан эки эже гүл белек кылды. Мен да аябай сүйүндүм. Ушунчалык жакшы кабыл алышат деп күткөн эмесмин. Акча берип кеткендер да болду. Элдин алкышынан ырахат алдым. Кыскасы, жакшы кабыл алышты. Социалдык тармакка тарагандан кийин жакшы ой-пикирлер да көп болду.
– Дагы башка кандай таланттарың бар?
– Музыкадан тышкары ырдайм, сүрөт тартканга кызыгам. Окуучу кезде Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы балдар искусство мектебинен сүрөтчүлүктү үйрөндүм. Орусиядагы Косыгин атындагы Москва мамлекеттик дизайн жана технология университетинде костюм дизайны адистиги боюнча билим алдым. Бирок үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу бул окуу жайды бүтүрбөй калдым. Кыргызстанга келгенден кийин дизайнерлик кесип менен бир жыл иштегем. Бирок кызыгуу таркап кетти. Себеби мен эл менен аралашып, пикир алышууну жактыргандыктан эртеден кечке бир орунда компьютерди карап отуруу көңүлүмө жаккан жок. Ошондуктан жумушумду өзгөртүүнү чечип, өзүмчө иштөөгө өттүм. Учурда сулуулук салонунда визажист болуп иштейм.
– Чоң сахнага чыгуу планың барбы?
– Мен сынактарга, концерттерге катышууга кызыкпайм. Көпчүлүк тааныштарым “сенде көп мүмкүнчүлүктөр бар. Эмнеге эл алдына чыкпайсың?” деп сурай беришет. Ооба, мүмкүнчүлүктөр бар, бирок мен өзүмдүн жан дүйнөм үчүн гана скрипка ойнойм. Жөнөкөй эл менен баарлашып, аларга жандуу музыка тартуулап эле жүргүм келет. Эми балдар жана карыялар үйүнө барып скрипка менен жандуу музыка тартууласам деген ой пайда болду. Азыр адамдар убактысын бекер короткусу келбейт, акча тапкан иштерге көбүрөөк басым жасашат. Мен болсо адамдарга бактылуулук тартуулап туруу керек деген ойдомун. Алдыда жакшы пландарым бар. Ырчы болгум келбейт, бирок ырдаганды жакшы көрөм. Буюрса, хит ырларды кавер аткарып, баракчама жүктөсөм деген пландарым бар...
– Маегиң үчүн рахмат!
Гүлдана Мамадали кызы