Ар бир эл, ал тургай айрым ѳлкѳлѳрдѳ уруулар ѳзүнүн уникалдуу үйлѳнүү үлпѳт салттарына эгедер. Андай салт ѳздѳрүнѳ кадыресе кѳрүнүш саналса, башка элге жапайычылыктай сезилет.Ыйлоо жѳрѳлгѳсү
Кытайда туцзя эли (этникалык топ) бар. Хунань, Хубэй, Сычуань, Гуйчжоу провинцияларында жашашат. Салт боюнча, кыз турмушка чыгардын алдында бир ай кѳз жашын тѳгүп ыйлайт. Ыйлап баштагандан 10 күндѳн кийин аны соороткондун ордуна апасы келип кошулат. Дагы 10 күндѳн кийин жакын туугандары кошулуп ыйлашат. Үйлѳнүү үлпѳт маалында кыздын курбулары да кѳз жашын тѳгүп киришет. Бир ай аралыгында жакшы ыйлаган кыздын мындан аркы турмушу жакшы болот деп ишенишет. “Жакшы турмуш үчүн” кыздарга 12 жаштан тарта ыйлаганды үйрѳтѳ башташат. Ал эми айрым үй-бүлѳлѳр ыйлоо боюнча адистерди чакырышат.
Таажы кийүү салты
Финляндияда үйлѳнүү үлпѳт той маалында жаңы келиндин кѳзүн таңып, бойго жеткен кыздар тегеректеп бийлешет. Келин башындагы таажысын чечип, тегеректеп бийлеп жаткан кыздардын бирине кийгизет. Бул бизде ыргытылган гүлдестени тойдогу кыздар тосуп алган сыяктуу эле, кийинки турмушка чыгуу кезеги кимде экенин түшүндүрѳт.
Жаңы келинге жаман сѳздѳрдү айтуу салты
Кенияда масаи уруусунда аталары турмушка узап жаткан кызынын чачын сүт менен нымдап, кѳкүрѳгүнѳ сүт тамчылатып “кѳп балалуу бол!” деп батасын берет. Анан кыз үйдѳн артын карабай чыгып кетиши керек. Диний ишеним боюнча, эгер артын карап жиберсе ташка айланып кетет делет. Күйѳѳ баланын үйүнѳ жакындаганда анын туугандары келинди тосуп алып, ага карата жаман сѳздѳрдү, анын ичинде кемсинткен сѳздѳрдү да айта башташат. Эгер келин буга чыдаса, демек, ал жашоонун кыйынчылыгына чыдайт деп эсептелет.
Үч күн дааратканага барышпайт
Калимантанда (Борнео) жашаган тидонг элинде эски салтка ылайык, жаш жубайлардын эркинин жана организминин күчтүүлүгүн сынашат. Жаш жубайлардын үйлѳнүү тоюнан соң аларды дааратканага киргизбей үч күнгѳ чейин бир бѳлмѳдѳ камашат. Жадакалса аларга кѳп сандагы суусундуктарды берип, 5-6 киши аңдып турушат. Үй камагында ѳткѳн бал айы бактылуу никеге жол ачат деген түшүнүк бар.
Күйѳѳ баланын кара күчүн сынашат
Кениянын Ибо уруусунун үйлѳнѳ турган жигиттери физикалык сыноодон ѳтүшѳт. Кыздын туугандары катары менен тизилишет. Ал эми болочок күйѳѳ бала тизилгендерди аралап ѳтүшү керек. Ошол учурда жигитти таяк менен катуу ургулап, аны болушунча кыйнашат. Бул тоскоолдуктан ѳткѳн жигиттин үй-бүлѳ курууга даяр экенине ишенип, бакыт каалашат.
Жолдубек Качкынбаев