22-МАРТТАН 28-МАРТКА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Жагымдуу, активдүү болуп чыга келип, элдин көзүнө түшүп, комплименттерди угасыз. Бирөөлөрдүн ишине да, жеке жашоосуна да аралашуунун кереги жок. Карыз алууга жеткирүүчү жагдай жаралат. Майда кыйынчылыктар чыгат, тынчсызданбай, боло жүрчү көрүнүш катары кабыл алуу керек.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада бир нерселерди сатуу жана сатып алуулар ийгиликтүү жүрөт. Айлык көтөрүлүшү, же сыйлык алууңуз, же жаңы кызмат орунга ээ болушуңуз мүмкүн. Эски катаны оңдоого учур келди. Айтылган сын туура болсо чычалабай кабыл алыңыз. Иш боюнча сапарга барып келишиңиз ыктымал.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кайраттанып чоң иштерге киришиңиз. Ойлонуу жана пландоо убактысы өттү. Эмне ишти колго алсаңыз да, ийгиликтүү болушу күтүлүүдө. Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүнү үйдөгүлөргө калтырыңыз. Шашылыш иштер чыкса да түндөп жол жүрбөө сунушталат, анткени кыйынчылыктар күтүлөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Каалооңуз менен мүмкүнчүлүгүңүз толук дал келип, кубанасыз. Кандай кырдаал жаралбасын өз кызыкчылыгыңыз үчүн пайда өндүрүүгө аракеттениңиз. Жаңы иш табууга же бизнес ачууга киришсеңиз болот. Акчаны туура эмес жакка жумшап, артында өкүнүп калууга жетпеңиз. Пайдасыз достордон кол үзүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сизди мактап, алдап коюшса дердеңдеп ашыкча иштеп, же кооптуу иштерге киришип кетпеңиз. Үй тиричилик техникасын оңдотуу же сатып алуу маселеси чыгат. Азыраак суммадагы акча колуңузга тиет. Сиз баалаган адамдар менен бир дасторкондо отуруп баарлашасыз. Жакыныңыздын сунушу менен кийинүү стилиңизди өзгөртүүңүз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Тагдыр сиздин жашоого канчалык бышык экениңизди дагы бир жолу сындан өткөрөт. Татыктуу өтүп кетсеңиз бир топ ийгилик сиздики. Убактылуу кызыкчылык үчүн бирөөлөр менен мамиле түзүп жүргөндөрдүн сыры ачыкка чыгып, мамилелер үзүлөт. Базар кыдырууда акчаңызга сак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада негативдүү тенденциялар чыгат. Чечилбеген маселелер туңгуюкка камайт. Кандай болгон күндө да артка чегинбеңиз, абалды оңдоого аракет жасаңыз. Шылуун адамдар менен байланышуудан качыңыз. Сүйүктүүңүздүн айткан сунушун четке какпай, ал сунушка толуктоо, өзгөртүү киргизсеңиз туура болмокчу.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жылдыздар кыялдар ишке ашышы үчүн комплекстерди жеңүү керек экендигин эскертишет. Жаңы технология же чет тили болобу, айтор, жаңы нерселерди өздөштүрүп, өзүңүздү өстүрүңүз, бул мезгил талабы. Ашыкча чыгымга жол бербей, акча топтоону улантыңыз. Жашооңуздун жакшыра башташына жакындарыңыз салым кошуусун улантат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Иштин деңгээлин жогорулатуу максатында жаңы идеяларды колдонсоңуз тапканыңыз көбөйөт. Аптада чечимдерди ички туюмга таянып кабыл алыңыз, ошондо адашпайсыз. Абройго көлөкө түшүрбөө үчүн чагымчылдардын сөзүнө кирбөө керек. Айрымдар өзү күтпөгөн тараптан материалдык колдоо алышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Олуттуу маселелер боюнча оюңузду угуу үчүн тааныштарыңыз көп кайрылышат. Пикириңизди айтыңыз, бирок таңуулабаңыз. Эскирген үй буюмун жаңыртууңуз мүмкүн. Гаджеттерди балдарга берген соң көз салыңыз, сындырып коюулары ыктымал. Сүйүктүүңүз кыялын көрсөтөт, чыдап койсоңуз, ал кемчилигин бат эле сезип кечирим сурайт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Таарыныч, өз ара түшүнбөстүк болбошу үчүн чөйрөдөгүлөргө пикириңизди ачык айтыңыз. Кайсы бир маалыматты колдонордон мурун аны тактаңыз, болбосо көйгөйдү башыңызга үйөсүз. Энергия толук болбойт, андыктан күнүмдүк иш менен эле алектенген туура. Гардероб жаңыртышыңыз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Ички потенциал ачылат. Сизге туура багытты тандап, шыктануу менен алга жылуу калат. Мотивация керек болгон кыйын учурда ишенимдүү адамга кайрылыңыз. Балдарга керектүүлөрдү алып бересиз. Дем алышта үйдөн тышкары эс алуу сунушталат. Сүйүүдөн жолуңуз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 954, 18-24-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан