UFC`нин РЕЙТИНГДИК ТИЗМЕСИ ЭМИ ХАБИБСИЗ

UFC уюмунун президенти Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду кайрадан октагонго кайтарууга болушунча аракет кылды. Бирок дагестандык айтканынан кайткан жок. Ал октагонго кайтпасын, чемпиондук орунду бошотконун тастыктаган соң UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде бардык тизмеден четтетилди. Мындан ары UFC`нин рейтингдик тизмесинен анын атын көрүү мүмкүн эмес. Нурмагомедов өткөн жылы америкалык Жастин Гэтжини жеңгенден кийин карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Ал жалпысынан жеңилүүсүз 29 беттеш өткөргөн.

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан