“Бири-бирибиздин баркыбызды билип калдык” дешет “Кеңеш” тобунун ырчылары, жубайлар Мүзүр Мамбетов менен Гүлмира Шерипова. Жубайлардын бири чыгармачылык менен алектенсе, бири бизнес жасап чуркап жүрөт. Гүлмира айымдын убактысы тартыш экенине карабай кызыктуу маек алуу мүмкүн болду.
– Кандайсыздар? Москвада концерт берип келдиңиздер, кандай өттү? Ал жактагы мекендештерибиз кандай жатышыптыр?
Мүзүр: – Жакшыбыз, рахмат. Москвада 8-мартта жана 20-мартта чай-концерт бердик, аябай жакшы өттү. Мекендештерибиз ырчыларды аябай сагынып калышыптыр, пандемия болуп, көп чектөөлөр менен жашап калбадыкпы. Орун жетпей, кире албай калгандар болду. Көрүүчүлөр ордунан туруп кол чаап тосуп жатышты.
Мекендештерибиз пандемиянын айынан аябай кыйналышыптыр. Былтыр жаңы гана иштейм деп барганда карантин башталып, үйдө отуруп калгандарга аябай оор болуптур. “Бири-бирибизден карызга акча сурап жашадык, азыр эми карыздардан кутулалы деп иштеп жатабыз” дешти.
Гүлмира: – COVID-19 дүйнөгө жайылгандан кийин мага адамдар бири-биринин баркын билип калгандай сезилип жатат. Ырчылардын да баркын билип калышкандай, бул ирет бизди тосуп алганы башкача болду. Мүзүр экөөбүз да жайында бул оору менен оорудук. Мен тура албай жатып калдым. Ошондо биз да бири-бирибиздин баркыбызды билдик. Азыр ден соолугубуз жакшы.
– Учурда эмне менен алексиздер?
М.: – Элге 10го жакын ыр убадалап коюп, ар кандай себептер менен чыгара албай жүргөнбүз. Ошол ырлардын үстүндө иштеп жатам. Быйыл, буюрса, Казакстандын бир телеканалы уюштура турган концертке чакырып жатышат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бизди кыргыз ырларын казакчага которуп ырдап жүргөн Назар Серик аттуу ырчы чакырууда. Ал концертке казактардын ырчылары катышат экен, бизди конок катары чакырышты. Өзүбүз толук маалымат алгандан кийин сиздерге кабар берип коёбуз.
Г.: – Мен болсо кайрадан тармактык бизнеске кирип алгам. Буга чейин бир пирамидадан банкрот болгонумду баары эле билет да, бирок азыркысы мага жакшы киреше алып келип жатат. Дүкөнүмдү иштетип, ырдап, тармактык бизнестеги иштеримди жасап такыр колум бошобойт. 4 саат уктап, 20 саат иштеп жатам.
– Чарчаганда баарын таштап салгыңыз келбейби?
Г.: – Жок, менде андай болбойт. Иштегенди жакшы көрөм. Оору бизге шүгүр кылганды үйрөттү. 2 ай үйдө жатып уйкудан да чарчабадыкпы. Болгону балдарыма көңүл бура албай калып жатам. Ичимди ачыштырганы ошол. Балдарым мени сагынып калышат. Москвадан келгенде 2 саат гана балдарымдын жанында болуп, кайра эле Ошко чыгып кеттим. Кызым “апа, сизге качан дем алыш болот?” деп ыйлактап калды.
– Жаңы ыр чыгара элегиңиздерге көп болуптур...
М.: – Күйөрмандарыбыз дагы “жок болуп кеттиңер, эмнеге ырдабай калдыңар?” деп сурап жатышат. Башка жумуштар менен алек болуп кеттик. Ортодон пандемия болду. Жаз келди деп жаңы күч менен кайрадан киришели деп жатабыз. Эми бизди эч ким токтото албайт.
Г.: – Мүзүр бул нерселерди көп айтпайт. Бирок 2017-жылдан бери ооруп, сахнада жыгылып калган учурларым болду, банкрот болдум, бир күндө 2 ирет автокырсыкка кабылган окуялар болду. Көз тиет дегенге ишениш керек экен. Ошондон улам Мүзүр “ырдабасам койдум, балдарымдын апасы, сен аман бол, ден соолукта бол, ырым бирөөгө терс таасирин тийгизип жатса, ырдабай деле коём” деп калды. Ошентип ден соолугубузга карап калдык. Мүзүрдүн чыга элек ырлары көп. Эми динге таянып, дем салдырып, өзүбүздү этияттоо жолу менен ырдайбыз.
– Чыгармачылыгыңыздарда качандыр бир бурулуш болушу мүмкүнбү? Такыр башка форматта ырдап салсаңыздар кандай болмок болду экен...
М.: – Жаштардын табитине ылайыкталган ырларым бар. Жаштар да суранып жатышат.
Г.: – Мен ыр чыгарбаганым үчүн айта албайм. Мүзүр кандай десе ошондой болот. Чыгармачылыкка келгенде аны менен талашпайм. – Гүлмира эже, ырчы Гүланда менен сырдашкан достордон экенсиздер. Андан башка дагы кимди жакын досум дей аласыз?
Г.: – Гүландага бир нерсе айтсам, сөзүмдүн башкага жетпешин билем. Ал көп сырымды билди, ооруганда жанымда болду. “Банкрот болдум” деп ыйласам, “кандай жардам керек?” деп сурап, жанымда жүрдү. Кыйын учурда кол сунгандар эсиңде калат экен. Гүланда эң жакын курбум.
– Мүзүр байке, достук боюнча сиздин оюңуз кандай? Жашоодо кан досуңуз болдубу?
М.: – Дос күткүң келсе, Алла жетиштүү дейт го. Жолдош балдарым бар. Кан досум деп эч кимди айта албайм.
– Канча жылдан бери чогуу жүрүп, көптөгөн сыноолордон өттүңүздөр. Азыр экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы мамилени кандай сүрөттөйсүздөр?
М.: – Менде Гүлмирага болгон ишеним бекемделди. Кандай сыноо болбосун ал дайыма мени тандады. Оор учурларда ал менин, мен анын жанында болдум. Азыр ичимдегини айтсам Гүлмирага айтам, айтпасам эч кимге айтпайм.
Г.: – Чогуу жүргөнүбүзгө 20 жылдай болуп калды. Азыр ортобузда сый мамиле бар, бири-бирибиздин баркыбызды билебиз. Жакында Юлдуз Усманованын “сен менин алдымда кетпе, мен жок болуп кетем” деген маанидеги ырын угуп алып ыйладым.
– Жаман комментарийлерге азыр да эмоция менен жооп жазат экенсиздер. Айрым ырчылар “көнүп калдык, көңүл бурбайбыз” дешет. Сиздер көнө элексиздерби?
Г.: – Үй-бүлөмө карата жазылган жаман комментарийлерге чычалайм. Ошолорго катуу жооп берем. “Сынга чыдагыла” деп өздөрүн сынчы атап алышкандарычы. “Силерге ким андай ат коюп берди?” дейм. Ырларыбызды сындай беришсин, жеке жашообузга тийишпесин. Балдарым чоңоюп калышты. Балам Инстаграмга кирет, окуйт. Ал да кээде ыйлактап жиберет. Балдарым үчүн да аларга жооп жазам. Кийин жеке кат аркылуу кечирим сурагандары болот.
М.: – Мен көбүнчө ырларыбызга, клиптерибизге карата жазылгандарды окуйм. Кээде ошол сындар менен түздөлөсүң.
Бирөөлөр билип, бирөөлөр билбей жазат. Мен ошолор эмгекти билип жазышса экен дейм. Бир кыз Инстаграмдан “ушул да клиппи, мен буларга караганда жакшы ойнойм. Минтип тартпай эле койбойсуңарбы. Ырдабай деле койсоңор болмок” деп жаза берчү. Бир жолу клипмейкер экөөбүз ошол кызды клип тартабыз демиш болуп чакырып, бир-эки ролду аткартсак, окшоштура албай бир күн кечке кыйналган. Ошондон кийин канчалык оор экенин түшүнүп калды. “Кечирип койгула, түйшүгү көп турбайбы” деди. Менимче, ар бир адамдын мээнетин баалаш керек. Ар жумуштун түйшүгү менен жыргалчылыгын анын ичине кирип иштеген адам гана билет.
– Маегиңиздерге рахмат. Сиздерден жаңы ырларды күтөбүз.
Перизат Музуратбекова