ВЕНЕЦИЯ КОМИССИЯСЫ: “КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИКТИН ТЕҢ САЛМАКТУУЛУГУ БУЗУЛГАНЫ ЖАТАТ”

Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча Европа кеңешинин Венеция комиссиясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму менен бирге өз корутундусун жарыялады. Комиссия Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бийлик бутактарынын тең салмактуулугунун бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон беренелер бар дейт.

Мисал катары 70-беренени белгилейт. Мында “президент министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктай тургандыгы” жазылган. Комиссия бул нормадан улам президенттин укуктары ашкере көбөйтүлүп, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлиги алсызданарын, сот бийлигинин көз карандысыздыгына доо кетиши мүмкүн деген коркунуч бар экенин белгилейт.

Аталган комиссия кадрларды дайындоо жана аларды кызматтан бошотуу жаатында президенттин ыйгарым укуктарын кайрадан карап чыгууну сунуштады. Президенттин мыйзам долбоорун жана референдум демилгелөө укугун чектөө маселесин да кайра кароону сунуштайт. Жогорку Кеңештин көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарын күчөтүү, долбоордон Жогорку Кеңештин депутатын “чакыртып алуу” системин алып салуу, адам укугу жана эркиндигине тийиштүү жагдайларды Баш мыйзамда так көрсөтүүнү, ошондой эле ЖМКларга, сөз эркиндигине байланыштуу жоболорду эл аралык стандарттарга ылайыктап кайра карап чыгууга чакырат Венеция комиссиясы.

Айта кетсек, Венеция комиссиясы эл аралык абройлуу уюм. 2016-жылы атамбаевдик бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине тынчсызданып, "Кыргыз өлкөсүндө парламент алсызданат, Конституциялык палата маанисин жоготот, бийлик эки жээкке бөлүнөт, соттор көз каранды болот, жалпы демократиялык баалуулуктарга шек жаралганы жатат" деп коңгуроо каккан. Анда аталган комиссияга корутунду берүүнү өтүнүп, ал кездеги оппозициячыл депутат Алмамбет Шыкмаматов кайрылган. Азыркы бийликтин курамында турган Шыкмаматов Венеция комиссиясынын корутундусуна үн катабы?

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан