ӨЛКӨДӨ “КЕРБЕН” ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУ АЧЫЛАТ

Өлкөдө “Кербен” эл аралык аэропорту ачылат. Бул боюнча эл аралык “Манас” аэропорту менен Жалал-Абад облусунун аймагында алтын казган “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасынын акционерлеринин ортосунда сүйлөшүү жүргөнү расмий маалымдалды. Түркиялык инвесторлор “Кербен” аймактык аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү ниетин билдиришкен.

– "Кербен" аэропортунун инфраструктурасын жаңылоо, кеңейтүү иштеринен кийин жүргүнчүлөр каттамын аткаруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясы менен "Кербен" аэропортун модернизациялоого түз инвестицияларды салууну пландаштыруу боюнча кызматташуунун жолдору талкууланып жатат. Жыйынтыгында “Кербен” аэропортунда эл аралык стандарттарга жооп берген учуп-конуу тилкеси пайда болот. Реконструкцияланган аэропорт “эл аралык аэропорт” деген макам алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт,- дешти “Манас” аэропортунан.

“Кербен” аэропортун оңдоп-түзөп ишке киргизүү демилгесин мындан 4 жыл мурун Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты
Алмазбек Эргешов көтөрүп чыккан. Аэропорттун имараты жаңыланып, бирок учактарды кабыл алып баштоо иши кечеңдеп жаткан.

“Кербен” аэропорту Аксы районунун борбору Кербен шаарында жайгашкан. 1979-жылы курулган аба майданы СССР ыдырагандан кийин ишин токтоткон.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан