“А-ак чү-үч” деп ырдаган Бакас аттуу ырчыны билсеңиз керек. Ал ырдап гана тим болбостон, театралдаштырылган жандуу клиптерди тартып, клиптеринде өзү актёрлук чеберчилигин көрсөтүп келет. Байкасаңыз, Бакастын куржунунда жалаң тамашалуу ырлар жана клиптер бар.
БАКАС ЖӨНҮНДӨ:
Аты-жөнү – Нурлан Бакасов
Каймана аты – Бакас
Туулган жылы – 1996-жыл, 1-ноябрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары
Билими – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окуган. Кесиби боюнча театр жана кино актёру.
Үй-бүлөлүк абалы – 3 ай мурун үйлөнгөн.
Учурда – ырчы
Репертуарындагы ырлары – “Тың жеңе”, “Ак чүч”, “Көрүнүп кой”, “Шок кыз”, “Камчы”, “Кайни & жеңе”, “Мен жөнөкөй пендемин” жана башка
– Арыбаңыз, Бакас! Өзүңүздүн атыңыз Нурлан экен, элге Бакас деп таанылдыңыз. Алгач ушуну түшүндүрүп берсеңиз...
– Бар болуңуздар. Быссымылда деп баштайын. Ооба, өз атым Нурлан. Мен чоң атамдын атын таанытайын деп Бакас деген ат менен эл алдына чыктым.
– Жакшы. Бала чактан ырчы болууну кааладыңыз беле же актёрбу?
– Ата-энемдин айтканына караганда, 3 жашымдан ырдап баштагам. Бала чакта агабыз Сыймык Бейшекеевдин ырлары хит болчу. Ошол кишинин ырларын жакшы көрүп угуп ырдап, ырчы болом дечүмүн. Үйдө башка ырчылардын да ырларын ырдап, кыймыл-аракетин туурачумун. Аябай тентек болгом. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсүмүн. Мектептен жакшы окуган эмесмин, бирок ар кандай иш-чараларга активдүү катышчумун. КВН, сынактарда актёрлук өнөрүмдү көрсөтчүмүн.
– Актёрлук билим алып, бирок ырчылыкка өтүүгө эмне себеп болду?
– Мен 9-классты бүткөндө ырчы болом деп борбор шаарыбыздагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык колледжге баргам. Ал жактагылар “ооба, сени ырчы кылабыз, жылдыз кылабыз” дешкен. Көрсө, ал жактан мугалим болуп чыгат экенсиң. Анан жарым жыл окуп, кетип калдым.
Ошол кездерде “Тамашоу” жакшы чыгып жаткан. Анда балдардын аткаргандарын көрүп, актёрлукка кызыгуу пайда болду. Актёр Муратбек Кооманов ырчы балдарды чогултуп, гастролго чыкканда кошуп алчу. Мени ырдатып көрүп, “сен актёр, ырчы болушуң керек экен” деген кеңешин берген. Анан актёр болом деп Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайга 2014-жылы тапшырдым. Ал жакты 2018-жылы бүтүрдүм. Кыргыз тасмаларына тартылып жүрдүм. Мисалы, “Напарниктер” тасмасында кыска эпизоддо бармын. Башкы ролдорду аткарбасам да, өзүмдүн юмордук образыма жарашыктуу роль аткарып калдым. Анан ырчылык жактан өзүмдү сынап көргүм келди. Устатым Эркин Эгембердиев “Тың жеңе” деген ырын берди. 2018-жылы ага клип тарттырып, элге сундум. Жакшы чыкты деп айта албайм. Бирок эл жакшы кабыл алды. Андан кийин сөзү, обону Эркин Эгембердиевге таандык “Ак чүч” деген чыгармага клип тарттырып, ырдап чыктым. Ал жакшы чыкты, элге жакты. Анан артынан башка чыгармаларым чыгып баштады. Буюрса, быйыл алтынчы жыл чыгармачылык менен алекмин. Чындыгында, театрда иштөө өтө кыйын. Анын тузу оор. Ага чыдаган адам гана иштейт. Ошол себептен ырчылыкка ооп жатам.– “Ак чүч” ырыңызды күйөрмандар жакшы кабыл алды. Ырдын маанисин түшүндүрүп бериңизчи.
– Мурунку акын-жазуучулар “Ак чүч” деп башкача мааниде сындап жазышкан. Бул ырда адам чүчкүргөндө “ак чүч, сак бол, аман бол” деген мааниде айтып калабыз го, ошондой түз эле маани камтылган.
Оң капталдан согуп жел,
Кыз көрүндү кымча бел.
Деп жатканда ышкырып,
Койду сулуу чүчкүрүп...- деп чүчкүргөнгө арнап чыгарылган тамашалуу чыгарма болду. “Ак чүчтү” ырдап чыгарда “муну кантип чыгарсам? Эл кандай кабыл алат?” деп коркком. Улуу кишилерден кеңеш сурап, анан ырдап чыккам. Жаман болгон жок.
– Продюсериңиз барбы?
– Мурда продюсерим жок болчу. Устатым, актёр, режиссёр Эркин Эгембердиев чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп келген. Дагы деле колдоо көрсөтүп жатат. Чыгармачылыкка дагы олуттуураак киришүү максатында учурда бир байке менен иштешип жатам. Аты азырынча сыр болуп турсун. Кийинчерээк командабыз менен тааныштырабыз. Азыр көп изденип, эмгектенишибиз керек. Эл дагы күлкүгө суусап турат, ошон үчүн тамашалуу чыгармаларды тартууласак деген максатта изденип жатабыз. Буюрса, элге жаккан жакшы чыгармаларды тартуулайбыз.
– Клиптериңиздеги өзгөчө бий менен коштолгон идеялар өзүңүздөн чыгабы. Анан дагы өзүңүз ыр жазып, обон чыгарасызбы?
– Мен эми обон чыгарганга аракет кылып жатам. “Бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун” дегендей, ыр жазуу, обон чыгаруу оңой эмес экен. Мен сөз жаза албайм. Жаздырып, обон чыгартып аткарам. Ырдын сөзүнө абдан маани берем.
Бий менен коштолгон клиптеги идеялар өзүмдөн эле чыгат. Анткени эл окшоштуктан тажады да. Ошон үчүн театралдаштырып өзгөчөлүк менен чыгайын дедим. Мен ырчы жана актёрмун да. Ошол себептүү жөн эле ырдап койбой, кошо бийлеп, ойноп ырдын мүнөзүн ачкым келет. Бир сөз менен айтканда, мен ырга өзүмдү берем. Ырдамайынча тура албайм. Ырдоо менин жан дүйнөм, менин жашоом. Жүрөгүмдүн буйругу. Мен өзүм шоуго жакынмын. Шоу жараткым келет. Анан театралдаштырганга аракет кылам.
– Тасмаларга тартылууга сунуштар түшүп жатабы?
– Ооба, сунуштар түшүп турат. Бирок башкы ролго сунуш түшө элек. Эгер сунуш түшсө роль тандабайм. Берилген ролду жакшы аткарганга аракет кылам. Бирок мен ырчылыкты тандадым.
– Өзгөчө образ менен дайыма шаңдуу жүргөн Бакас реалдуу жашоодо кандай болду экен?
– Негизи үй-бүлөдө атам, апам жактан ырга, бийге шыктуулар бар. Атам, бир туугандарым дагы ырдашат. Бирок алар сахнага чыга алышкан эмес. Мен баарыныкын чогултуп алып чыгып жатам (күлүп). Чыныгы жашоодо жөнөкөймүн. Жашоого олуттуу караган адаммын. Сахнада роль ойногондой жашоодо ойной албайм. Сахна менен үй-бүлөнү аралаштырбаш керек деген принцибим бар. Үйдө жаралган маселелерди акыл калчап, башкалар менен кеңешип чечем.
Досторумдун арасында тамашакөймүн. Чыгармачыл адамдарга олуттуу мамиле жасайм. Ар бир чөйрөнүн өзүнө жараша талаптары болот эмеспи, ошого жараша өзүмдү алып жүрөм. Үйдүн кичүү уулу болгондуктан эрке болуп чоңойдум. Эркелигим жакында эле калды. Үйлөнгөндөн кийин жоопкерчилик көбүрөөк болот экен. Өткөн жылы сүйүктүүмө баш кошком.
– Бактылуу болуңуздар. Маегиңизге рахмат.
Гүлдана Мамадали кызы