29-МАРТТАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Өтө эле боорукер, жумшак болуунун кереги жок. Өткөн жашоону унутуп, учурдагы жашоо менен жашаңыз. Ошондо гана жаңы эшиктер ачылат. Эгерде абалды тез баамдап, колдонуп калсаңыз, каржылык жаатта жолуңуз болот. Иштер менен алыс жакка барып келишиңиз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Ишиңизге өзгөрүү кире баштайт. Ыңгайлашуу, жаңы милдеттерди моюн толгобой аткаруу керектелет. Жакындарыңыздын сунуштарын да, сындарын да угасыз. Сырт-келбетти оңдоого, спорт менен достошууга мезгил келди. Күтүлбөгөн жаңылыктан улам чыгымга учурооңуз ыктымал.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Болуп жаткан окуяларга түшүнүү менен карап, кыйынчылыктардан чыгуу жолун издейсиз. Күйүп-бышып, ары-бери урунганыңызга жараша жыйынтык бир топ жакшы болот. Жакындарыңыздын биринин ден соолугуна кам көрүп, врачтарга текшертүүңүз ыктымал. Алыстагы жакындарыңыздан кабар аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Чөйрөңүздө атаандаштык, агрессивдүүлүк күчөйт. Куу жана сак болуп, өз ишиңизди кынтыксыз жасоого жетишиңиз. Күнүмдүк керектөөлөрдөн акча артып, жаңы кийимдүү болосуз. Колунан оңой менен жакшылык келбеген адамдын сизге сый көрсөтүүсү таң калууну жаратат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жашоого позитивдүү караңыз, тоскоолдуктарды ички туюмдун шыбыры боюнча жеңиңиз. Жаңылыктардын арасында жакшысы да, маанайды түшүргөнү да болот. Кайсы бир уюмга мүчө болуу же жаңы ишти аркалоо жаатында сунуш түшүшү мүмкүн. Пайдалуу болсо ойлонуп көрүңүз. Айрымдар сыйлык алышат же айлыктары көбөйөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Энергиялуу, кайраттуу, уюштургуч болуп чыга келесиз. Бирок өзүңүзгө ашыкча ишенип алып, оң бараткан ишти будуң-чаң кылып жибербеңиз.Чакырган жерге баруу үчүн белек издешиңиз мүмкүн. Кийим же бут кийим оңдотуу маселеси чыгат. Сыртынан жакшы көрүнгөндөрдүн арасында да пейили тарлар бар экенин билесиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Башкаруучулук жөндөм артат. Кайсы бир иш-чараны уюштуруу сунушталса макул болуу керек. Үй-бүлөлүк маселени чечүүдө сиздин кызыкчылык эске алынат. Соода менен алектенгендердин иши алга жылып, жаңы өнөктөштөр пайда болот. Айрымдардын өнөкөт ооруларын стресс же жол жүрүү козгошу ыктымал.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Каржы жаатындагы иштерди ишенимдүү адамдар менен чогуу бүтүрүңүз, болбосо өкүнүп каласыз. Сезимдерди талдап, мамилелерди жакшыртууга убакыт келгенин унутпаңыз. Сапар, жаңы таанышуулар жакшы жыйынтык тартуулайт. Дем алышты чыгармачылыкка, же курулуш иштерине, же активдүү эс алууга арноо оң.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта жашооңузга анчалык деле өзгөрүүлөрдү тартуулабайт. Үйдү жыйыштырып, кийимдерди иргеңиз. Кийилбей тургандарынан кутулуңуз. Турак жай, унаа жаатындагы маселелер ойлонтот. Тааныштар кошумча акча булагын табышууга көмөктөшөт. Достор менен жолугуп, бир топ маселелерди талкуулайсыздар.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Башталган иштер аягына чыгышы үчүн көп күчтү талап кылат. Бул сиздин эмоцияңызга таасирин тийгизип, айрымдар менен урушууга жетесиз. Күтүлбөгөн конок келиши мүмкүн. Банктан же бирөөдөн карыз албай туруңуз, кутулуу кыйын болуп калат. Жеке буюмдарга сак болуңуз, жоготуп алуу коркунучу бар.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бир ишке киришерден мурун кесепетин ойлонуңуз. Жеке турмушуңуз, тапкан каражатыңыз тууралуу сурагандарга эч нерсе айтпасаңыз жакшы, болбосо ушакты көбөйтөсүз. Аптада белгиленген жолугушуулар жогорку деңгээлде өтөт. Жашоодон кыйналган тааныштарга жардам берүүңүз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Чыгармачылык, активдүүлүк өсөт. Сүйүүлөр жанданат. Булар сизге позитив тартуулайт. Жакын тууганыңыз карап берүүгө балдарын убактылуу таштоосу ыктымал. Айрымдар чет өлкөгө кетүүнүн жолдорун издеп, документтерди даярдай башташат. Ортого түшүп, бирөөлөрдүн ишин бүтүрүп бересиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 955, 25-31-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан