Тайган – Борбордук Азиядагы жергиликтүү иттердин эң байыркы тукуму. Жыт сезгич, көрөгөч жана күлүк келет. Кыргыз эли байыртадан эле тайганга жакын. Канчалаган доор алмашса да таза кыргыз тайганын жоготпой таптагандар арбын. Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз-2021 турнириндеги салбуурунда алдыңкы орундарды алган тайгандардын кожоюндары менен тайгандар тууралуу сүйлөштүк.
Аты – Сарбан
Жашы – 1 жаш 10 ай
Ийгиликтери – Президенттин кубогун жана Нооруз-2021 турнирин жеңген.
“ЭТТИ КАЙНАТЫП, ШОРПОСУНА КАМЫР БЫШЫРЫП БЕРЕМ”
Алтынбек Изабеков, тайганчы:
– Мен Сокулук районунун Арал айылынын тургунумун. Тайган бакканыма 25 жылдай болуп калды. Азыр колумда жети тайган бар. Кышы менен аңчылыкка алып чыгып чөөлөргө, карышкырга салабыз. Сокулукта тайганчылардын уюму түзүлгөн. Ар жума сайын кичи мелдештер өткөрүлөт. Тайгандардын күлүктүгү аныкталып, тапталып жүрүп отурат. Мелдештерде тайгандардын стандартына катуу карап, таза кыргыз тайганы экенин аныкташат. Эгер стандарт эмес, күлүктүгүнө эле басым жасай берсе грейхаунддар менен аргындаштырып салышат. Мисалы, казактар аргындаштыра берип өздөрүнүн тазы деп аталган породасын таппай калышты.
Булардын баасы ар кандай болот. Жакында эле бир тайган 50 миң сомго сатылды. Бирок мен бул тайганды сатпайм. Себеби Көчмөндөр оюндарына тандоо болуп жатат. Мунун атасы таластык Кылжээрен деген Көчмөндөр оюндарында 2 жолу жеңген, бир жылда 300 миңдей акча уткан чемпион тайгандын баласы. Атасы-энеси күлүк болуш керек деп аттардай эле тукум кубалап сатып алабыз. Энеси дагы нарындык күлүк тайган. Күчүк кезинде алгам. Ээси тааныш болгондуктан 10 миңден эле берген.
Тайганга тамакты да жөндөп бериш керек. Кичинесинде төрт, чоңоюп калганда үч, анан 2, 1 маалга чейин кыскартыш керек. Кышкысын жылуу кылып 2 маал, жайкысын бир маал тамак берилет. Мал сойгон жерлерден арзан эт алып келип кайнатып, шорпосуна камыр бышырып берем. Чөө тиштегендиктен мезгили менен текшертип, дарылатып турабыз. Үйдө кожойкебиз “итиңден бизге азыраак көңүл бурасың. Дем алыш күнү балдарды паркка алып барбай, итти чуркатып кетип каласың” деп кыжы-кужу болот. Аларга чыдаш керек (күлүп).
Аты – Пантера
Жашы – 3 жарым жаш
Ийгиликтери – Нооруз-2021 турниринин жеңүүчүсү
“ЧӨӨЛӨР АЙЫЛДЫ АРАЛАП КИРЕ БАШТАГАНДА ТАЙГАН БАКТЫМ”
Тыныбек Байымбетов, тайганчы:
– Өзгөн районунун Мырзаке айылынан болом. Кичинемден иттерге кызыкчумун. Тайган бизде көп болбогону үчүн багалбай жүрчүмүн. Кийин чөөлөр айылды аралап кире баштаганда тайган бактым. 8 жылдан бери багып келем. Пантераны сатып алганыма бир жарым жыл болуп калды. Баасы 35 миң сомго чукулдаган. Түпкүрү Таластын тайганы. Колдон колго өтүп отуруп мага келди. Мен төртүнчү ээсимин. Мага чейин мелдештерге катыштырып жүрүшүптүр. Бирок мага келгени биринчи жолу чоң мелдешке чыгып, биринчи орунга ээ болду. Жол алыс болгондуктан мелдештерге алып бара албай калам. Муну ар кандай баага сурагандар көп болду, бирок сатпайм. Тукум алып көбөйтөм. Азыр колумда 4 кыргыз тайганы бар.
Ош тарапта мурун тайган багууга кызыгышчу эмес, 2-3 жылдан бери кызыккандар көбөйдү. Бул деле бир азарт. Тайгандын жыт, из кубалаганы өзгөчө. Бир саат мурунку изди артынан таап барганы эле канча? Мен буларга башка иттердей жугунду бербейм. Этти бышырып берип багабыз. Аңчылыкка чыгарарда атала, сүт, жеңил тамак беребиз.
Аты – Алгыр
Жашы – З жаш
Ийгиликтери – Көчмөндөр оюндарында 3-орун, 9-Май турниринин жеңүүчүсү, Нооруз-2021 турниринин күмүш медалчысы
“ТАЙГАНДЫН АРТЫ МЕНЕН ЭЛ-ЖЕР КӨРҮП ЖАТАМ”
Майрамбек Жакыпов, тайганчы:
– Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынан болом. 35 жаштамын. Тайганды 9-классымдан бери багып келе жатам. Жалпы 5 тайганым бар. Алгыр – таза кыргыз тайганы. Үйдөгү болгон жакшы жугундуну ушул ичет. Атайын кара ун алып келип, нан бышырып берем. Ооруп калбасын деп малдын боорун, өпкөсүн эч убакта жедирбейбиз. 20 күн сайын ичиндеги куртка дары беребиз. Дайыма жаныбызда жүргөндүктөн текшерүүдөн өткөрүп турабыз.
Мунун баасы жок. Көчмөндөр оюндарынан кийин алайлыктар бир ээр токумдуу атка алмашалы дегенде бербей койгом. Бербегеним ырас болуптур. Кийинки жылы Сауд Арабияда көргөзмөгө катышып келди. Мунун аркасы менен эл-жер көрүп жатам. Барган тайгандарга 35 миңден төлөп беришти. Былтыр күлүктүгү боюнча биринчи орунду алып, Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына жолдомо алгам. Пандемиядан улам мөөнөтү жылып калбадыбы. Азыр кайрадан тандоо турлары болуп жатат.
Алгыр аңчылыкка да мыкты. Тирүүлөй көп карышкыр кармадым. Былтыр июнь айында Ак-Сай жайлоосундагы малчылардын малына карышкыр тийип, бизди чакырышты. Тайганымды алып, бир байке экөөбүз жөнөдүк. Ошол күнү кар жаап, карышкырдын изин кууп отуруп тайгандын арты менен уясын таап алдык. Энесин жарадар кылып 6 бөлтүрүгүн тирүү алып келдик. Торго камап койсом тыңдары бирөөсүн жеп салышыптыр. Калган бешөөнү зоопарктар, айрым багабыз дегендер алып кетишти.
Аты – Бойка
Жашы – 3 жарым жаш
Ийгиликтери – Нооруз-2021 турниринин күмүш медалчысы
“ТАЙГАНДЫ БАЙЛАП ЖЕ КАМАП КОЙГОН БОЛБОЙТ”
Талгат Сооронбаев, тайганчы:
– Талас районунун Көк-Ой айылында жашайм. 38 жаштамын. Чоң атам, атам да тайган баккан. Кичинекейимден тайган менен чоңойдум. Буларды бапестеп чучугун толтуруп багыш керек. Байлап же камап койгон болбойт. Ээрчитип чыгып, иштетип турганда гана мыкты чуркап чыга келишет. Ат менен ээрчитип аңчылыкка алып чыгабыз. Ошентип тапталат.
Бойканын мүнөзү өтө сыпайы. Адамга көп жакындабайт, өзү менен өзү. Тамакка жулкунбайт, өз ченин билет, ашыкча ичпейт. Көбүнчө этти кайнатып беребиз. Чийки бергенде эти оор болуп, чуркаганда кыйынчылык жаратат. Мелдешке 4-5 күн калганда сүт берип суутуп коёбуз. Бул өлкөнүн чемпиону, Көчмөндөр оюндарында жеңген Кылжээрен деген тайгандын баласы. Ал учурда ардагер, мелдештерге жаш, табында турган тайгандар катышат. Азыр андан тукум алып жатабыз. Аны 150 миң сого сатып алабыз дегенде бербей койгон. Ал Көчмөндөр оюндарында 120 миң сом утту. Булар табына келип алдыга чыгып берсе өзүн актайт, баасы да көтөрүлөт. Мен муну былтыр бир тайга бербей койгом.
Динара Акимова