Айпери Руслан кызы, улакчы Сейитбек Анарбек уулунун жубайы: “ОЮН БҮТКҮЧӨ ЖЫГЫЛБАСА ЭКЕН ДЕП САНААРКАП ТУРАМ”

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, жашоонун ысык-суугун бирге таткан жаныңда түшүнүктүү жан шеригиң болгону кандай жакшы. Бул сапар “Жан шерик” рубрикабызда мыкты көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулу менен жубайы Айпери Руслан кызы конокто болду. Алдыда түгөйлөрдөн жагымдуу маек.

– Саламатсыздарбы, маек төрүбүзгө куш келипсиздер! Сейитбек мырза, жакында бутуңузга операция жасаттыңыз. Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Рахмат. Буюрса, жакшы. Акырындан калыбына келип жатат. Дарыгерлердин айтымында, оюн талаасына бир жыл чыгууга болбойт.

– Сизге ден соолук каалайбыз. Рубрикабыз «Жан шерик» болгондон кийин сөзүбүздү ушул жаатта уланталы. 16-17 жашыңыздарда баш кошконсуздар. Үй-бүлөлүк турмушту алып кетүү оор болгон жокпу?

Сейитбек: – Анда сүйүү күчтүү, бала жаш. Азыр 18-19 жаштагылар үйлөнүп жатышса "эмнеге үйлөнүп жатат, жаш да" дейм. Өзүмдү эстесем, анда бала экенмин (күлүп). Экөөбүз сүйлөшүп жүрчүбүз. 22-25 жашка чейин баш кошобуз деген планыбыз бар болчу. Үйлөнөм десем атам чалкасынан кетти. Жашай албайт деп сарсанаа болду окшойт.

Айпери: – 9-класстан кийин лицейде бухгалтердик кесипке окуп жаткам. Биринчи курста январда ала качып кетти. 16 жашымда турмушка чыгам деп такыр ойлогон эмесмин. “Эшикке чыксаң, машинада сүйлөшүп отурабыз” дегенинен макул болуп чыктым. Анан “дос баламды Москвага узатабыз, айылга жүрү” деп калды. Мейли деп машинага отурдум.

С.: – Баарына өзү эле макул болгон (күлүп).

А.: – Ал баланын үйүнө эмес, Сейитбектин чоң апасынын үйүнө бардык. “Эмнеге сенин үйүңө барган жокпуз?” деп дос баласына айтсам, “үйдө киши толтура, тосконго орун жок” деди. Эшикке чыгып, кайра келсем жеңеси мага жоолук салып жатат. Нес болуп калдым. Башында анча ишенбей тургам. “Көшөгө тарткыла” дегенде, “отурбайм” деп ызылдап баштадым. Бул болсо жок, “Сейитбекти чакыргыла” десем эч ким чакырбайт. Көрсө, бул терезеден аңдып туруптур. “Отурбайм эле, отурбайм” деп ар кимди сөгүп жатам. Эртең мененки сегизге чейин алышып жатып, аягында алым келбей калды. “Отуруп калсам жашоом кандай болот, кетип калсам жашоом кандай болот?” деп ойлондум. Бир эле айылданбыз. Апамдар келишти, байкем “кеттик, сен жашсың” деди. Сейитбек ар нерсени айтып маңдайымда отурат. Ошентип отуруп калдым.

Билинбей эле 11 жыл болуп калыптыр. Мага көп нерсени Сейитбек үйрөттү. Биздин жашап кетерибизге көбүнүн көзү жеткен эмес. Кудайга шүгүр, ысык-суукка чыдадык, барды-жокту көрдүк. Сейитбек намыскөй, эч кимден эч нерсе сураган жок. Баарын нөлдөн баштадык.

– Баш кошконуңарга 11 жыл болуптур. Ошол кездеги мамилеңер менен азыркы мамилеңерде өзгөрүү барбы?

С.: – Барган сайын сүйүү күчөп баратат. Мурун сбор десе урган бойдон кетчүмүн. Азыр үйдөн чыккым келбейт.

А.: – Чынында башында сүйгөн эмесмин (күлүп). Бара-бара сүйүп баштайт экенсиң.

– Кайсы учурда кызганыч болот?

С.: – Обу жок эле кызгана бербейбиз.

А.: – Мунун кызганганы жакшы, билгизбей кызганат. Көз караштан эле түшүнөсүң. Мүнөзү оор. Бир айттыбы, айтканындай кылат. Бир нерсе жакпайбы, көз менен эле түшүндүрүп коёт. Ак көңүл жагы да бар.

– Романтиксизби? Дегеним, үчүнчү балаңыз төрөлгөндө төрөт үйүнөн жубайыңызды өзгөчө шаан-шөкөт менен чыгарып кеткен элеңиз...

С.: – Романтик эмесмин. Ал учурга токтоло кетсем. Улактан утуп келгенде биздин үйгө чогулуп куурдак жечүбүз. Ошондо Эрназар деген дос балам “аяшка, сен төрөсөң Лимузин менен чыгарам” дей берчү. Ал Лимузин жалдады, дагы бири роза алды.

А.: – Боюмда бар кезде тамашалап жатат деп көп деле маани берген эмесмин. Төрөт үйүнөн чыксам бул 101 роза берди. “Самат алып берди” деди. Ичимден “ошондой, сен мындай роза албай кал” дедим (күлүп). Кетип баратсак Лимузин келип токтоп, “отур” дегенде, Эрназар айткан сөзүн аткарып жатыптыр дедим. Бул романтик эмес. Туулган күн, майрамда белек жок. “Белек бербейсиңби?” десем, “мен сага белекмин” деп коёт. Буга караганда мен романтикмин.

С.: – Такыр эле жок деп алдың го. Бир эле жолу гүл алдың беле?

А.: – Бир эле жолу эмес, унутулуп баратканда берип турат (күлүп).

– Жолдошуңуз көк бөрү ойноп жатканда сизде кандай сезимдер болот?

А.: – Оюн бүткүчө жыгылбаса экен деп сарсанаа болуп тырышып турам. Кокус тайып бир жерин оорутпаса экен деп санааркайм. Улак бүткөндөн кийин “өх” деп өзүм улак тарткандай чарчап калам. Бир жолу телевизордон оюн көрүп жатканбыз, Сейитбек жыгылып түшкөндө кызым туруп эле эшикке чыгып кетти. Көрсө, мага көрсөтпөй ыйлап, бетин жууп келип, “атам жакшы эле бекен?” деп сурап жатпайбы. Аны көрүп менин да ыйлагым келди. Негизи кыз киши боорукер болот го. Өткөн оюнда “атам жок да” деп кызым оюнду көргөн жок.

– Көк бөрү ойношуна каршы болгон учурларыңыз болдубу?

А.: “Бизге, балдарыңа, бир туугандарыңа керексиң, ойнобой эле кой” деп көп айтам. Сборлорго кеткенде аял кишиге мал-жан менен кыйын болот. “Улак тартпай эле койчу, андан көрө тоодо мал багып оокат кылабыз” дейм. Бирок бул болбойт.

С.: – Жаңы үйлөнгөндө “жайлоого чыгабыз” десем чалкасынан кетчү. Кийин жайлоого кетебиз деп мени шаштырып калды. 9-Май турнирине барып келгенче түйүнчөгүн түйүп даяр турат. Улактан чарчап келип 1-2 күн эс алайын десең эле эртең менен малың камалуу, түйүнчөгүң түйүлүү. Болду, жайлоого кеттиң (күлүп).

А.: – Бул музоо, улак алам десе “албай эле койчу, андан көрө шаарга барып иштейбиз” дечүмүн. Бир жылдары “жүрү, тоого барып келебиз” деп мени алдады. Каалабасам да бардым, көрдүм. Ал жакта ошончолук оокат кыласың, ошончолук акча табасың. Эми тоосуз жашай албайм. “Сен чыкпасаң да, мен чыгам” деп айта берем. Берекенин баары тоодо да. Балдар да таза абада, таза азык-түлүк жеп чоңоёт.

– Сейитбек мырза, оюнга баш-отуңуз менен кирип ойнойсуз. Үй-бүлөңүз үчүн өзүмө этият болоюн деген ойлор болобу?

“Бутум сынып калса ким карайт, тартпай эле койсомбу” деп оюнга чыкканга чейин ойлонгонуң менен, оюнга кирип кеткенден кийин эч нерсени билбей да, сезбей да каласың. Оюн бүткүчө эч ким эске келбейт.

– Жубайыңызга каралашып турасызбы?

– Үй-оокаттары менен ишим жок. Уйду өзүм үчүн саайм. Колдорго машыгуу болот. Мурун уй саабай улак тартсам колдорум көөп кетчү.

– Үй-бүлөдө кээде боло турган пикир келишпестиктерди кантип жеңесиздер?

С.: – Балдар чоңойгону урушкуң келбей калат экен. Урушсак эле көздөрү токтоп калат. Кой, болор-болбоско уруша бербей, сөз менен эле чечишели дейсиң.

А.: – Биз урушуп баштаганда уулубуз “эй-эй, стоп-стоп, болду урушпагыла” дегенде экөөбүз тең күлүп, эмнеге урушуп жатканыбызды да унутуп калабыз.

– Жагымдуу маегиңиздерге рахмат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Сейитбек Анарбек уулу, көк бөрүчү: “Жубайыма болгон сүйүүм жылдан жылга күчөп жатат“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Noon
2021-04-05 15:26:00
Сонун! Бактылуу болгула. Мыкты жигит экенин көрүнүп турат! Жигиттер ушундай бир сөздүү болгула ушакка аралашып диванга жатып алып коммент жазбай.
+4
Mubarak
2021-04-07 02:26:10
Аялы жакшынакай екен ачык суйлоп
+2
Altynbekova.01
2021-04-07 04:07:31
Буларды коруп жашап келип кетет го. Озунорго эле жомок го.
+2
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан