КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ: ТАЛАШ КИМДИН ПАЙДАСЫНА ЧЕЧИЛҮҮДӨ?

Ташкентке расмий иш сапар менен барып келген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта “Кыргыз-Өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди” деп билдирүү жасады. Кайсы жерлер Өзбек тарапка өтүп, ордуна Кыргыз өлкөсү кайсы жерлерди алганы ачык жарыяланып, коомчулукта талкуу кызыды.

КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА – СУУ САКТАГЫЧТАР

Кемпир-Абад суу сактагычы талкуу жаратууда. Ташиев суу сактагычтын жалпы аянты 4400 гектар экенин, анын ордуна убагында Өзбекстан 4100 гектар жер бергенин, калган 300 гектары боюнча маселе соңку сүйлөшүүдө чечилгенин айтат. Тагыраагы, 300 гектардын ордуна Өзбек тараптан 1000 гектар жер алынары айтылды. Ал жер – Кемпир-Абаддын жанындагы жайыт жерлер деп түшүндүрдү Ташиев. Маалыматка таянсак, Кемпир-Абаддын суусун мындан ары эки өлкө чогуу пайдаланат. Өзбек тарап объектти куралчан кайтарууга албайт.

– Өзбек тарап адегенде 500 гектар сунушташты. Кайра "700 гектар берели, андан ашык бере албайбыз" деп кесе айтышты. Мен “1000 гектардан 1 гектар да түшпөйм, болбосо кетем, келишимге кол коюлбайт” деп туруп алдым. Акырында “ушунча сүйлөшүүлөр текке кетпесин” деп макул болушту,- дейт УКМК жетекчиси.

Ала-Бука аймагындагы Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен Кыргыз тарапка бир топ жер тилкелери өткөнү айтылды. Аталган суу сактагычтын 800 гектары Кыргызстандын аймагында жайгашып, бирок суунун 95 пайызын коңшу өлкө пайдаланат. Компенсация катары Көк-Серек айылында 105 гектар, Баястан тилкесинде 212 гектар, Унгар-Тоодогу 35 гектар, Ак-Таш айылында 100 гектар жер Кыргыз тарапка жазылганын, мурда Өзбекстанга өтүп кеткен 25 гектарга ээ Кара-Белес тилкеси Кыргыз тарапка кайтарылганын белгилейт. Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын аймагында калды, бирок суусун Өзбекстан пайдаланат.

Мындан тышкары Гава-Сай тилкесинде 8 миң гектар жер Кыргыз өлкөсүнө жазылганын билдирди Ташиев. Өзбекстанга Шахрихансай плотинасынын баш жагынан 50 гектар жер берилип, ордуна Өзгөндүн баш жагынан 50 гектар жер алынарын билдирди.

ТАЛАШТУУ БУЛАК ТАЛАШ БОЙДОН КАЛДЫ

Баткендин Кадамжай районундагы Чечме булагы боюнча маселе чечиле элек. Жарандар ортосунда жаңжал жаратууга себеп болгон булак боюнча эки тарап тил табыша албаганын моюнга алды Камчыбек Ташиев.

– Булактын аянты 2 сотых экен, тегерегин кошкондо 1 гектар дейли. 2 сотых жерди макулдашпай калдык деп калган сүйлөшүүлөрдү токтотуп коё алган жокпуз. Буюрса, ал дагы чечилет,- деди ал.

Буга чейин чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы коомчулукка ачык айтылчу эмес. Ташиев Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоодогу жагдайларды ачык айтып, элди туура түшүнүүгө чакырууда. “Чек араны чечүүдө уткан жана утулган тарап деген болбойт. Башкысы – талаштуу маселени диалог аркылуу, улуттук кызыкчылыкка ылайык чечип алуу зарыл” деген УКМК төрагасы 30-31-мартта Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугуп, чек ара талашы кантип чечилип жатканы боюнча маалымат берди. Ташиевдин аракетин айрымдар тарыхый катачылык десе, башкалары чечкиндүүлүк катары баалап колдоп жатышат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан