5-октябрь окуясынын башкы каармандарынын бири – Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 30-мартта башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон.
Сыймык Жапыкеев октябрь окуяларынан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын (Финпол) бир нече ай жетектеп турду. 5-мартта өкмөттүн буйругу менен Финпол өз алдынча орган катары жоюлуп, ИИМдин курамына кошулган. Кызматтан кетерде Жапыкеев төрт айда бюджетке 800 миллион сом түшүрдүк деп билдирген. Бул арада ага “генерал-майор” чини ыйгарылды.
Жолдубек Качкынбаев