ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДАГЫ СУУНУН ДЕҢГЭЭЛИ КООПТУУ ЧЕККЕ ЖЕТТИ

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу 30-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Учурда суу сактагычта 8 миллиард 700 миллион метр куб суу бар.

– Эгер шашылыш чаралар көрүлбөсө, кийинки жылы суунун деңгээли 5,5 миллиард метр кубга чейин түшүп кетиши ыктымал. Абалдан чыгуунун 3 жолу бар. Биринчиси – электр энергиясын импорттоо, экинчиси – ички өндүрүмдү көбөйтүү, үчүнчүсү – ички керектөөнү азайтуу,- деди министр.

Бул арада өкмөттө электр энергиясы боюнча жаңы тарифтер даярдалып жатканы айтылды. Коомчулук электр жарыгына баалар кымбаттаганы жатат деп коңгуроо кагууда.

Айта кетсек, учурда электр энергиясынын 1 киловатт-сааты үчүн эл 77 тыйындан төлөйт. Бул тариф 700 киловатт-саатка чейин гана иштейт, 700дөн ашкан ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 16 тыйындан эсептелет.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан