ЖӨӨ КҮЛҮКТӨР ТАШКЕНТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ КАЙТЫШТЫ

28-мартта Ташкент шаарында эл аралык марафон болуп өттү. Анда Жеңил атлетика боюнча кыргыз курама командасынын төрт спортчусу байгелүү орундарды камсыздашты.

42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо биринчи келип Мария Коробицкая алтын медалга ээ болсо, эркектер арасында марафондук аралыкка жарышкан Илья Тяпкин экинчи орунду ээледи. Ал эми 21,1 чакырымдык (жарым марафон) аралыкка чуркоодо алдыга киши салбаган Дарья Маслова алтын медаль тагынды. Ушул эле жарым марафондо үчүнчү келип Гүлшана Саттарова коло медалга ээ болду.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан