БИР БҮРКҮМ. КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР ЖАЗАЛАНДЫ...

  • Өлкөдө 1 жылда ундун баасы 13 пайызга кымбаттады дейт Улуттук статистика комитети.
  • Экс-вице-спикер Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды.
  • Кыз ала качкан 3 жигитке Бишкектин Биринчи Май райондук соту 220 миң сом айып пул салды.
  • Өлкөдө муфтий шайлоонун мөөнөтү жылдырылып, ушул жылдын 29-майына белгиленди.
  • “Коопсуз шаар” системи 2 жыл ичинде өлкөдө 2 миллион 239 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысын каттады.
  • Эрлис Тердикбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • БШК Өмүрбек Текебаевдин ордуна Шералы Абдылдаевди парламент депутаты кылып бекитти.
  • Депутат Сайдулла Нышанов парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп шайланды.
  • УКМК: “Кылмышка шектүү ишкер Жалил Атамбаев мамлекетке келтирилген 100 миллион сомдук зыяндын ордун толугу менен төлөп берди”.
  • 28-мартка караган түнү Бишкекте Гапар Айтиев атындагы музейге уурулукка кирген чет өлкөлүк жаран кармалганын ИИМден маалымдашты.
  • 1991-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз жеринде 114 саламаттыкты сактоо, 45 билим берүү мекемеси менчиктештирилгени 29-мартта парламентте айтылды.
  • Бишкектин Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулуп, ордуна Мелис Өскөмбаев дайындалды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан