29-мартта Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, андан белгилүү ырчылар ар кандай жаракаттарды алышып, Нурзат Ажыгожоева аттуу ырчы каза тапты. Нурзат Ажыгожоеванын артында жолдошу жана 3 баласы калды. ӨКМнын маалыматына ылайык, КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Ырчылар – Коргоо министрлигинин алдындагы оркестрде иштегендер. Алар Баткенге концерт койгону бара жатышкан. Жаракат алгандардын катарында белгилүү ырчы НурЧолпон, кыл кыякчы Залина Касымова да бар. Кыл кыякчы Залина Касымованын айтымында, кырсыктан акыреги сынып, баш мээси чайкалган.
– Жол тайгак болгондугу үчүн унаа ала салып кетти. Кырсыктан акырегим сынып, баш мээм чайкалыптыр. Учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатам. Операция болот же болбойт деп айтыша элек, текшерилип жатам. КамАЗда 16-17 киши бар болчу. Окуя болгон соң бир кыз экөөбүз жолдон эле унаа тосуп шаарга келе бердик. "Тез жардамды" күткөн жокпуз. Себеби колумдун оорутканы чыдатпай жатты.
Ырчы НурЧолпон болсо социалдык тармактар аркылуу “Бизди Кара-Балтанын ооруканасына алып келип коюшту, коридордо жатабыз. Госпиталга алып кетише элек, бизге өз убагында тез жардам көрсөтө албагандыгы өкүнүчтүү болуп жатат” деп билдирген.
Эмне үчүн ырчыларды алыс сапарга КамАЗ менен алып баратканы кызуу талкуу жаратууда.
Куралдуу күчтөрдүн берген маалыматы боюнча, кырсыктан 10 адам жабыркаган.
“Бизде мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Азыр өзүбүздүн ички иликтөөбүз башталды. Бул боюнча Аскер прокуратурасына доклад жөнөтүлдү. Иликтөө аяктагандан кийин ырчылардын КамАЗ менен сапарга чыкканы, аларга кандай жардам көрсөтүлөрү анык болот”,- дешти мекемеден.
“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Нурзат Ажыгожоеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кырсыктан жабыркаган ырчылардын тез айыгып кетишине тилектештигин билдирет.
Гүлдана Мамадали кызы