Ырчы Кудайберди Айтбосунов Бир бала каймана аты менен таанымал блогер Бакыт Макеевди жаакка чапкан видео тарады. Көпчүлүк муну хайп дешсе, окуянын каармандары бул сөздөрдү четке кагат. Бул боюнча Кудайберди Айтбосунов мындай дейт:
– Бир бала менен мурда тааныш болчубуз. Ортодо түшүнбөстүктөр болуп сүйлөшпөй калганбыз. Ал өзү элди мушташка чакырып, хайп жаратканды жакшы көрөт экен. Башында өзү мага тийишип баштады, үн каткан эмесмин. Ар кандай берүүлөр аркылуу “Кудайбердини мушташка чакырсам келбей койду. Коркуп жатат, певичка. Ырчы болбой калчы...” деген сөздөрдү айтып, намысыма тие берди. Анан “эркек болсоң кел, жолугалы” дедим. Сүйлөшөйүн деп жалгыз эле баргам. Ал болсо балдары менен келиптир. Аларды көрүп менин да балдарым келди. Жакшы сөзгө түшүнбөйт экен, жиним келип бетке чаап салдым. Анан видеодогудай окуя орун алды. Бир бала атайын камерага тартканга даярданып келиптир. Жекеме-жеке мушташка чыгууну сүйлөшүп тарадык. Күнү белгилене элек. Мушташка даярдыгым жок. Утулсам дагы татыктуу утулам. Бул хайп эмес. Мен ага “эч кимге жарыялабай эле эркекче мушташалы” деп айткам.
Ал эми блогер Бир бала мындай жооп айтты:
– Биз мурда жакын дос элек. Ортобуздагы чыккан чырдын себебин Кудайберди өзү жакшы билет. Анын күнөөсү бар. Мен аны мушташка чакырып алып видеого тартайын деген эмесмин. Балдардын бирөөсү тартып алып социалдык тармакка таратып салыптыр. Бул хайп эмес. Мен хайп жаратканды сүйбөйм. Жолугуп аны балдарга сабатайын деген оюм болгон эмес. Ал балдары менен келип, мага кол көтөрдү. Бирок анын чапканынан кыздардын чапканы күчтүүрөөк болот деп ойлойм. Мага чымын конгондой деле болгон жок. Билбейм анан кийин кантип мушташат? Жекеме-жекеде мен аны сөзсүз жеңем.
Буга чейин Бир бала менен модель Аскат Осмоновдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, алар рингде беттешкен эле.
Гүлдана Мамадали кызы