ГҮЛЖАЙНА АТАКАНОВАНЫН АК ӨРГӨӨСҮНӨ САЯКАТ

Гүлжайна айым айткандай, жакшылыкты күйөрмандар менен бөлүшүп турганга эмне жетсин? Эсиңизде болсо, мындан 3 ай мурун куудул, алпаруучу жакындарын чогултуп там той берген. Дал ошол ак өргөөсүнө саякат жасайбыз.


– Алгач үйгө келген адамды тосуп алчу кире бериштен тааныштырып баштайын. Мага кире бериштин кенен болгону жагат. Эшиктен кирип келгенде жаркырап, өзүмдөй дардайып турганы кандай жакшы (күлүп). Бул жерге сырткы кийимдерди, баш кийим, бут кийимдерди коё турган шкафка буюртма бергем, азырынча даяр боло элек.

– Негизи көпчүлүк эмеректерди, килем, төшөктөрдү бартерге алдым. Бул бөлмөдө турган жумшак эмерек дагы бартерге келген. Бүгүн түлөө берейин деп даярданып дасторкон жазгам. Ниетиңиздер жакшы экен, даяр дасторкон үстүнөн чыктыңыздар.

– Менин жакшы көргөн, өзүмдү эркин сезген бөлмөм ушул. Бул бөлмөгө киргенимде эч ким тоскоолдук кылбайт, тыптынч эс алам. Шкафта грамота, диплом, ыраазычылык каттар көп болчу. Силер келебиз дегенде мактана бербейинчи деп бекитип койдум. Алар адамга стимул берет. Бирок мен кагаз эмес, эл үчүн иштегенге аракет кылам.


– Кийимдеримдин көбүн сандыкка салып койдум. Анткени, өзүңүздөр билгендей, кош бойлуумун. Учурда 4-5 көйнөгүм эле батып жатат, ошолорду гана илип койгом. Сурап калдыңар, эң кымбат көйнөгүм шөкүлөсү менен кошо тигилген 48 миң сомдук кыргыз көйнөгү. Ал да сандыкта жатат. Башкалардыкындай беш жүз миң же миллион сомдук көйнөктөрүм жок. Алыма жараша эле иш кылам, 2-3 миң, 10 миң сомдук көйнөктөрүм бар. Анан да сумка, көз айнектер менен ооруйм.

– Бул жакта китептер турат. Көбүнчө адамга дем бере турган, жашоону өзгөртө турган мотивациялык жана диний китептерди окуйм. Сахнада каткырып жүрө бергеним менен, жашоодо олуттуу элемин.

– Үйдө мыкты кожойкемин. Ар бир тамакты өзгөчөлөнтүп жасаганды жакшы көрөм.

Ашканада тазалыкка көп көңүл бөлөм. Өзүм көбүнчө сыртта жүрүп калгандыктан кызымдан үйдүн тазалыгын талап кылам. Газдан, идиштерден май агып, колго жармашып турганы жинимди келтирет.


– Гүл өстүргөндү аябай жакшы көрөм. 2-3 айдан бери киного тартылып, концерттерге катышып жүрүп, гүлдөрүмө көңүл бөлө албай калдым. Гүлдөрүм мага таарынып калышыптыр. Алар менен кадимкидей сүйлөшөм, жакшы көрөм.

“КРУТОЙ” УНАА АЙДАЙМ ДЕП ҮЙ АЛБАЙ КАЛГАМ”

– Гүлжайна айым, үйдүн жасалгасы кимге таандык?

– Жакшы, рахмат. Жасалгасы менен өзүм алек болдум. Ачык түстөрдү, анын ичинен ак түстү жактырам. Ошол себептүү туш кагаздардан тартып эмерек, шейшептер, майлыктарга чейин ак түстө болушуна маани бердим. Бул стиль неоклассика деп аталат.

– Үйдү качан, канчага, канча жыл акча чогултуп алдыңыз?

– Былтыр 62 миң долларга алдым. Аянты 80 чарчы метр, 2 бөлмөлүү. Үйдү чыгармачылыктан тапкан каражатка алган жокмун. Чыгармачылыктан тапкан акчаң кээде өзүн да жаппай калат. Ишкерлик менен алек болуп жүрүп алдым. Акчаны 6 жылда чогулттум. Ошентип кыялымдагы үйгө жеттим. Үйдү 2-3 жыл мурун алмакмын. Ортодо "крутой" унаа айдайм деп кыялдана коюп, үй алуу планым артка жылып кеткен.

– Экинчи ирет эне болуу алдында турасыз. Бул баланы көпкө күткөнүңүздү айтып каласыз. Сезимдер кандай болуп жатат?

– Улуу кызым 15ке чыкты. Аны төрөгөн кезде өзүм деле бала болчу экенмин. Азыркы сезимдерим башкача, сөз менен түшүндүрө албайм. Ичимдеги балага 7 ай болуп калды. Табигый жол менен болбой, ЭКО жолу менен балалуу болгону турам. Көптөр “боюнда деле жок, суррогат энеге төрөтүп, сатып алат” деп айтып жатышыптыр. Андай эмес. Мен азыр кесаревого да макул болбой, толгоону сезип өзүм төрөйм деп турам.

– Күйөрмандарыңызга жолдошуңузду качан тааныштырасыз?

– Ага убакыт керек. Мен “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп калгам. Бакыт да, байлык да тынчтыкты сүйөт экен. Азырынча көрсөтпөйм, бирөөнүн оозунда, бирөөнүн көзүндө бар дейт.

– Аман-эсен көз жарып алыңыз! Үйүңүздө жалаң жакшылыктар болсун!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Гүлжайна Атаканова: “Көп эле нерсени бартердик негизде алдым“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zhazgul98
2021-04-05 10:10:53
Азаматсың Гулжайна. Эң позитивдүү адамдар эң ишенимдүү адамдар. Башка бирөөнүн оюн уккуң келгенде, ал позитивдүү болуш керек. Бирөөнүн моралдык оюна көз каранды болбогула. Эмгегиң жерде калган жок. Кандай гана маселе болбосун, акыры чечилет. Биз өзүбүздүн терс менталитетибизден кутулушубуз керек. Көрө албастык, ушактамай. Позитивдүү ойлонушубуз керек.
+2
zhazgul98
2021-04-05 10:28:54
Бирөөнүн ийгилиги көбүнчө ушактын булагы болуп саналат. Адеп ахлакты жамынып алып кыздарды кысымга алып жаткан ушакчыларга көңүл бөлбөгүлө. Жашоонун бардык кубанычы жаратмандыкта. Жаратмандык - өлүмдү жеңүү дегенди билдирет.
+2
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан