“Досторуңуз же ата-энеңиз үчүн ырдасаңыз болот. Бирок чоң сахнага чыкпай эле койгонуңуз оң...” дешкен орус шоу-бизнесинин дөө-шаалары убагында. Азыр Клава Коканын ырларынын миллиондогон угармандары бар. Популярдуу Тик-Ток, Инстаграм каналдарында анын ырларына тартылган каверлер, видеороликтер толтура. Мурда Клаваны сындагандар азыр кандай ойдо ким билсин, бирок ал ырчы катары калың элге атын чыгара алды.Аты-жөнү: Высокова Клавдия Вадимовна
Псевдоними: Клава Кока
Туулган жери: Орусия, Екатеринбург шаары
Туулган жылы: 1996-жыл, 23-июль
Бою: 170 сантиметр
Салмагы: 51 килограмм
Үй-бүлөдө: 3 бир тууган, агасы жана сиңдиси бар
Белгилүү ырлары: “Мурашки”, “Если...”, “Прости”, “Мне по*”, “Покинула чат”, “Краш” жана башка
8 ЖАШЫНДА АЛГАЧКЫ ЫРЫН ЖАЗГАН
Бала бакчада башка балдар ботко, оюн, момпосуй жөнүндө ойлонсо, Клавдиянын бүт ою ырда эле. Кичинесинен эле кыңылдап ырдап, музыка чыкса мойтоңдоп бийлеп кирчү. Атайын музыкалык билими жок болгону менен, ата-энеси да чыгармачылыкка жакын адамдар. Атасы дүйнөлүк жылдыздардын ырларынын пластинкасын коллекцияласа, апасы жакшы ырдайт, фортепиано чертет. Анан ушундай чыгармачыл адамдардын кызы музыкага жакын болуп өскөнүнө таң калбай деле койсок болот. Алардын үйүндө “The Beatles”, “Queen”, Уитни Хьюстон, Фрэнк Синатранын ырлары дайым жаңырып турар эле. 4 жашка чыкканда Клаваны ата-энеси музыкалык мектепке беришет, ал жерден фортепианодо ойногонду үйрөнүп, хордо ырдай баштаган. Мына ушинтип музыкага сугарылган Клава эң алгачкы ырын 8 жашында жазган, албетте, чоң энесинин жардамы менен.
МЕЙЛИ СЫНАЙ БЕРИШСИН, НЕГИЗГИСИ, ТАЖРЫЙБА
Секелек чоңойгон сайын таланты да өсүп отуруп шаардык джаз-хорунун солистине айланат. Хор менен Орусиянын жарымын кыдырган Клава алгачкы ырчылык гастролун ушинтип баштаган. Ырдан сырткары бий, сүрөт тартуу, сууда сүзүү, ал эле эмес, фехтование ийримине да барган кыздын энергиясы ашып-ташып турар эле. Шаарда болгон музыкалык сынактардын, фестивалдардын баарына катышканга аракет кылды. Мейли утпай калсын, мейли башкалар сындасын, негизгиси, тажрыйба.
Сынактарга катышууну үй-бүлөсү менен Москвага көчүп барганда да таштаган жок. 2012-жылдан баштап Орусиянын борбор шаарын багындырууну көздөгөн Клава кавер аткарып интернеттеги баракчасына жүктөй баштаган.ПОЛИЦИЯГА КАРМАЛЫП...
“Cuz I See”. Дал ушул ырды жаздырып, ага клип тарттырып, интернетке жүктөгөндөн кийин Клаванын өз күйөрмандары пайда болгон. Анда кыз 14 гана жашта болчу. Ата-энесин кыйнагысы келбей жарнамалык баракчаларды таратып, кийим сатып, көчөдө ырдап тыйын-тыпыр таап алат. Өзүнүн окуучулук билети менен башка адамдарды метрого киргизип акча алганы үчүн кармалып, полициядан эскертүү алганы да бар.
Ал кезде “Ранетки” аттуу кыздардын тобу популярдуу эле. “Топто бош орун болуп калса кирем” деп кыялданган кыз түрдүү музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнгөн. Бирок кыялы орундалбай, топ тарап кеткен.
АРТКА ЖОЛ ЖОК
Интернет желесинде кавер аткарып белгилүү боло баштаган кыз масштабдуу “Я – артист”, “Фактор-А”, “Х-вактор: Главная сцена-2” музыкалык сынактарына катышты, бирок баарынан “өңүң жакшынакай болгону менен, үнүң анча эмес” же башка “өзүң үчүн эле ырда” деген сындарды укту. “Голос” сынагынын 1 эмес, 3 сезонуна тең катышканга аракет кылды, өтпөй калды. Ал аз келгенсип С.А.Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография университетине тапшырып, бирок 1 балл жетпей бюджет бөлүмүнө өтпөй калды. Башка бирөө болсо баарына кол шилтеп басып кетмек, бирок Клава эмес. Башка университеттин мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. БАКТЫСЫН АЧКАН “BLACK STAR”
2015-жылы Клава Египеттеги бир кафеден ырчы болуу сунушун алат. Мына кетейин деп камданып жатканда атактуу ырчы, рэпер Тиматинин “Black Star” лейбли уюштурган “Жаш кан” аттуу сынак жөнүндө угуп, сынактан көңүлү калбаган жаны ага да катышып көрмөкчү болду. Дал ушул сынак анын музыкалык бактысын ачып, “Black Star” менен келишим түзгөн. Ольга Бузова, Егор Крид, Моргенштерн, Niletto менен жазылган дуэттер миллиондогон кароолорго ээ болду, көптөгөн ырлар жазылып, клиптер тартылды. Клава Кока деген ысым Орусия эле эмес, бир катар мамлекеттерге да тааныла алды.
КҮН КЫЗ
Асыл Орозбекова