“ЧЫКАНАКТАЙЫМ”

– Биз жаңы таанышканда, үйлөнгөндө чыканактай алсыз кыз эле. Эй, чын айтам, кээде боорум ооруп чака көтөрүп баратса жардам берип ийгим келчү. “Жыгылып калбагай эле” деп кабатырлана карап турчумун. Биз, эркектер, аялдардын табиятын түшүнбөйт окшойбуз. Менин чыканактайым үй-бүлөнүн эки тизгин, бир чылбырын алып алганын байкабай калдым. Байкатпай алдыбы, же мен аңдабай калдымбы ал жагы да бүдөмүк. Баары уулубуз ооруп калганынан башталды окшойт. Ал кезде улуусу 2 жашта, кичүүсү бир айлык болчу. Тынымсыз врачтарга барыш керек, укалоо алыш керек, бүтпөгөн диагноздор...

– Акча керек! - деди аялым.

– Өлүп кетейинби, мен жумуштан кийин таксиге чыгып иштеп жатам, дагы эмне кылайын?- деп ороңдодум. Чын эле айлам кетип калган.

– Билбейм, эмне кыласың, бирок табышың керек да,- деди ал ушундай бир салмак менен. Жиним келип бир урдум. Бир жылдай катуу кыйналдык. Аялым балдарыбызды апасына таштап коюп иштей баштады. Мектепти бүтүп-бүтпөй эле турмуш курган да, бир кесиптин да ээси эмес. Тикмечи болуп иштеп жүрдү. Уулубуз жакшы боло баштады. Кийин ал “жеке иш ачам” деди. Мен олуттуу кабыл алган жокмун, менин ата-энем, бир туугандарым “балдарды карап отурбайбы үйдө” деп жаман көрүштү. Ал артка кайткан жок. “Тейтеңдеп алып басылар” дедим мен, майда-барат кол кабыш кылчы десе да намысым жол бербей, кол шилтеп койчумун. Чыканактайым тың, өжөр чыкты. Тырмактары канап, көздөрү тешилип калганча тигүү цехинен чыкчу эмес. Түндөп тикчү. Күндүз тиккенин сатчу. Жинденип, өжөрлөнүп, албууттанып, чалынган жеринен кайра туруп, оңунан чыкпай калса кайра баштан баштап...

Ичимден таң калам, ошентсе да атайлап кош көңүл жасадым. “Жардамдашып койчу” деп жалынса, “ии, эми кантер экенсиң деп?” четте мыскылдап турган күндөрүм болду.

Бутуна туруп кетти, менден жардам сурабай калды. Кийинчерээк менин бар экенимди элес албай калчу болду. Көз карашы катуу, үнү өктөм чыга баштады. Андайга көнбөгөн жаным баса калып кол көтөрүп ийчүмүн. Андан бетер ортобуз алыстап кетти. Сүйлөшмөк тургай, бири-бирибиздин көзүбүзгө тике карабай айлар өтүп жатты. Эркектер, биз, аялдан эмне күтөбүз? Жумшактыкты, алсыздыкты, бизге таянышын күтөбүз. Андай нерсе албасак, кайсаңдап башка бир жылуулук издеп баштайбыз. Мен дагы ошенттим. Көзүмдүн кареги менен тең айлана турган аялды да таптым. Бирок башка аялдын коюнунда жатып да аялың мээден чыкпаса тозок ошол. Мээңдин бир жеринде турганы-турган. “Ой, бул деле соо эмес болуш керек?” деген ой келгенде ийне менен сайып алгандай атып туруп, анын цехине же үйгө жөнөйсүң. Түндөп иштеп жаткан болот, бир нерсени кесип, бир нерсени тигип жатканын, жалгыз экенин көрүп “өх” деп эс алып кайтам. Же үйдө эки баламдын ортосунда уктап жаткан болот. Демди ичке алып тиктеп турам. Ошол секундалар ушунчалык ысык, жүрөккө жагымдуу. Аялым акча тапканды гана билген, катуу, мээримсиз аялга айланды. Эки кабат үй салдык. Мен эмес, аялым салды. Менден кеп-кеңеш да сурап койгон жок. Түтөп кеттим.

– Эмнеге мага кеңешпейсиң, эркекмин да!- дедим одураңдап жаным кашайып.

– Эшектин да эркеги болот, баканын да эркеги болот. Эмне болуптур эркек болсоң?- деди жөн гана.

Сөз жүлүнүмө сайгандай тийди. Басып кеттим. Ажырашып да кеткен жокпуз, чогуу да жашаган жокпуз. Ортодон 4 жылдай өттү. Бир теңтушубуз чакырып барып калсам, аялым отуруптур. Бизди сүйлөшсүн деп атайын уюштурушуптур. Анан узун сүйлөштүк. Деги эле эсимде жок минтип маселе чечкенибиз.

– Сен мага мүмкүнчүлүк бербедиң. Сени коргогонго, сенин ордуңа кайсы бир маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк бергениңде го,- дедим.

– Мен бердим, сен өзүң байкабадың. “Эркекмин да” деген куру дымагың менен алек болуп жатып билбедиң. Сени качан жаныма келип, жүгүмдү алат дедим. Көрбөдүң. Эчен сурандым. “Акчаңды үйгө алып кел, чогуу бир нерсе кылалы” дедим. Жок, сен башкаларга ташыдың. Анткени сен апаңдын жакшы уулу, бир туугандарыңдын берешен агасы болгуң келди. Алар сени мактап, алкап турушун кааладың.

– Сен бир аз алсыз болгонуңда го, сен өзүм билем деп туруп алдың. Эми кара, эмне болду?!

– Алсыз эле болчумун, “чыканактайым” дечү элең, сен күчтүү кылдың.

– Азыр деле ушундайсың,- дедим көзүмдүн жашын аарчып. Сен күлүп жибердиң.

– Мен сенден кете албайт экем. Аракет кылдым.

– Кетпе анда.

Көп жылдардан бери биринчи жолу үнүндөгү назиктикти сездим. Жаш аралаш башымды ийкегилеп жибердим. Аялдар, ооба, көп учурда күнөө эркектерде. Бирок силер акылдуусуңар го, биз көрбөгөндү көрө аласыңар, жолубузду жарык кыла аласыңар. Биз тескери баратканда деле колдон кармап, оң жолго сала аласыңар. Анткени силерде бир чоң касиет бар жашоону жарык кылган... Кечире алган... Жоголгонду таап, үзүлгөндү улай алган... Ошону жоготпогулачы, ээ?


Аскат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Noon
2021-04-05 14:49:30
Ыйлагым келип кетти
+2
akmanai
2021-04-08 08:21:12
Noon,А мен ыйлап алдым
-1
Maguska555
2021-04-05 16:33:33
Аял акчаны коп таап баштаганда, эркек куру намыска алдырбай андан да кобуроок тапканга аракет кылса. Дароо озунон алсызды издеп, башкарууну ойлобой. Бизде ушундай. Негизи эле кыргыздын эркектери оной менен жарытпайт. Алган аялдарын коргой алышпайт. Апасына, карындаштарына, эжелерине кул кылып басып беришет. Кыргыздын эркектери ушундайсынар, чычалабай эле койгула. Тиги, КЫРК ЧОРОЛОРУНАР эле чего стоит? Алсыз аялдарга эле кяйын. Мээлерин иштетип бир ишкана ачышпайбы?
+12
Erlan_95
2021-04-05 21:47:31
Maguska555, 100% кошулам
+2
Aimani
2021-04-06 00:42:12
Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат деп бекеринен айтылбаса керек.Аялды аяп,коргоп, камсыздап турса ошондой назик,жароокер жубай болуп берет.Тескерисинче уруп сабап,кайын журту тытып жеп кулундай иштетип,кордук көрсөтсө ошолор менен тең тайлашып өзүнүн жемин жедирбей же жогорудагыдай акча таап балдарын багыш үчүн күрөшүп жүрүп анан ажаан, күйөөсүн тоготпогон аялдар пайда болот.так что баары эркектер ден соолугуна зависит
+5
Afrodita1993
2021-04-06 20:53:15
Кантип көчүрсө болот
+2
Mubarak
2021-04-07 02:34:19
Баарына аял куноолуу бизде:(
+1
zamir_kgz
2021-04-09 10:30:07
Өтө соонун мазмундуу чыгарма! Рахмат СУПЕРчилерге, силерда жакшы нерсе жазат экенсиңер.
-1
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан