Капырай, куюп койгондой...
Биздин "Капырай, куюп койгондой..." аттуу сынагыбыз аягына чыкты. Сайтыбызда жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ринат Момунов эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү деп табылды.
– Ринат, өзүң тууралуу айтып өтсөң...
– Мен Москва районуна караштуу Беловодск айылында 1987-жылы төрөлгөм. Учурда Кыргыз агрардык университетинин ветеринардык факультетинин студентимин.
– Ырчы Сапар Сопубеков менен таанышсыңбы же туугандык жайың барбы?– Туугандык жайыбыз жок. Болгону, бир жолу өзүм иштеген кафеге Сапар байке достору менен келип калды. Ырчынын достору мени көрүп, “Сапарга окшош экенсиң” деп таң калышкан. Ошондо экөөбүз учурашып, эсткеликке сүрөткө түшүп койгон элек.
– Көчөдөн көргөндөр Сапар менен алмаштырып алышабы?
– Ооба. Мурда кыздар “сенин Назмиң болоюн, Сапар” деп СМС жазышчу. Азыр деле “сен Сапарсың да...” деп айырмалай алышпайт.
– Сапар “Ринат, экөөбүз окшош экенбиз, кел, дуэт ырдайбыз” десе эмне кылат элең?
– Мен ырдаганга кызыгам. Ошондуктан жан дилим менен кабыл алмакмын.