КОЙ (21.03-20.04)
Сизге шектүү сезилген адамдардан айланып өтүңүз. Кандай талаш-тартыш болбосун чатакка жеткириши мүмкүн, андыктан баарлашууларды азайтыңыз. Кыйынчылык чыкса анын себебин изилдеңиз. Айрым жалгыз бойлорду тагдыр болочоктогу өмүрлүк жары менен табыштырат. Жумушсуздар өздөрүн жаңы чөйрөдө сынап көрүшөт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрымдарда аллергия оорусу козголот. Врачка кайрылуу оң. Спорт менен машыгууда инструкторго кайрылыңыз, болбосо организмге күч келтирип аласыз. Иште стереотиптерди жыйыштырып, жаңыча иштөө керек. Соода менен алектенгендер кыраакы болбосо акчадан кол жууп калат. Балдар көңүл бурууга муктаж болушат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште атаандаштар түзгөн тоскоолдукту оңой жеңип, кадыр-баркыңызды көтөрө аласыз. Жетекчилик кайсы бир маселе боюнча кеңешке кайрылат. Чыгашага туш болбоо үчүн капчыкты жоготуп же сапатсыз буюм сатып албоо кажет. Жактырган адамына сөз айта албай жүргөндөр харизма менен куралданып, аракет кылышы керек.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чечүүнү талап кылган майда маселелер чыгат. Иште жаңы кадрлар пайда болот. Ачууңузга тийгендерге кыйкырбай, жекече сүйлөшүңүз. Жакындарыңызга жашоонун оор учурунан өтүп кетүүгө кол сунуңуз. Эски тааныштар менен байланыш жанданат. Жеген тамак-аштын сапатына көңүл бурбасаңыз оору жаралат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Өзүңүздү жашоонун кожоюну катары сезип, бейкам жүрө бербеңиз. Жумушта сизге жан тартып, сөзүңүздү сүйлөшү үчүн досторду көбөйтүңүз. Жеке жашоодо чыр, кызганчаактык орун алат. Жеке бизнеси барлар катардан сүрүп чыгаргысы келген атаандаштарына туруштук берүү үчүн акчаны үнөмдөө, кирешени көбөйтүү жолун издешет.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өткөн иштер үчүн өзүңүздү айыптап, өзүңүздү ичтен жебеңиз. Эски эшиктерди жаап, жакшы жашоого умтулуу кажет. Кыйналып иштегениңизге жараша тапканыңыз жакшы болот. Үйдөгүлөрдүн талаптарын аткарбасаңыз кулак-мээңизди тынч коюшпайт. Жаңы нерселерди үйрөнүүдөн коркпоңуз, колуңуздан келет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Материалдык кызыкчылык үчүн мыйзамды аттап кетпеңиз, жооп берип каласыз. Жакыныңыз туура эмес иш жасап жиберсе жөн коюңуз, аягына өзү чыгарсын. Жетекчилик оор ишти жүктөйт, жакшы аткарсаңыз карьераңыз жогорулайт. Кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөр мамиленин уланышына көздөрү жетпесе, алаканы үзүшү керек.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чөйрөңүздөн байкатпай далыдан бычак ура турган адам ким экенин баамдасаңыз, байланышты токтотуңуз. Убактыңыз жетпегенден бүтүрө албай жүргөн үй иштерин бүтүрөсүз. Достук жолугушуунун демилгечиси болушуңуз ыктымал. Жан дүйнөнүн тең салмагын калыпка келтирүү үчүн сейилдеңиз, йога менен алектениңиз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жакындарыңызга жардам берем деп акчаңыз жок калышы мүмкүн. Бирөөлөрдүн азгырыгы менен карызга бир нерсе албай туруңуз, төлөө кыйын болуп калат. Жылдыздар кызганычты ооздуктоону сунушташат, болбосо улам улана берген чырды жаратасыз. Өзүңүз тууралуу ушак угасыз, ага көп маани бербөөгө тырышыңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Башка жакшы ишке которулуу боюнча сунуш түшөт. Каржылык балансты сактоо үчүн акчаны үнөмдөңүз. Туугандардын кеңешине катышууңуз ыктымал. Айрымдарда башка жакка көчүү же кыймылсыз мүлк жаатындагы документтерди бүткөрүү керектелет. Дем алышта иштерди жыйыштырып тынч эс алыңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кандай гана долбоор, иш болбосун олуттуу киришсеңиз, ийгилик жылоолойт. Сүйүктүүңүз бир нерселерди айтпай жашырып жатканын байкайсыз. Териштирбей убакыт бериңиз, өзү айтып берет. Келечекте акча алып келчү булакка айлантчу хобби тапсаңыз абдан жакшы болмокчу. Ички дүйнөнү өнүктүрүү үчүн китеп окуңуз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Телефон чалуулар, шашылыш иштер көп болот. Коомдук унаада же барган жериңизде буюмуңузду унутуп кетпөөгө тырышыңыз. Ишке ашпоочу убадаларды берип, калп эле бирөөлөрдүн көңүлүн албаңыз. Үйдөгүлөргө сураган акчаларын таап бериңиз. Апта аягында гаджетти жыйыштырып, табигат коюнуна чыкканыңыз туура.