Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 30 жашка чыкты. Ырчы 4-апрель күнү Оштогу ресторандардын биринде 30 жашын жана чыгармачылыгынын 10 жылдыгын белгиледи. Маегибиз ушул теманын айланасында жана башкалар тууралуу болду.
– Самара, салам! Отуз жашыңыз кут болсун! Той кандай өттү?
– Салам! Чоң рахмат! Убакыт бат өтөт экен. Өзүм 30га чыгып, чыгармачылыгыма 10 жыл болуп калыптыр. Той кандай өткөнүн билген жокмун. Ресторанга киргенимди бир билем. Андан кийин конокторго көңүл буруп жүрдүм. 3 күндөн бери уктай элекмин.
– Тоюңуздан чыгармачылыктагы жакындарыңыздын жоон тобун көрө алган жокпуз. Чакырган жоксуздарбы же келе албай калыштыбы?
– Жол алыс деп баарына айткан жокпуз. Шартына байланыштуу келе албай калгандар да болду. Тойго 400 адам чакырганбыз, келген коноктор 500дөн ашып кетти. Күйөрмандарыбыз да келишти. Сиздердин да атайын Бишкектен келгениңиздер чоң сыймык болду. Менин популярдуу болушума, чыгармачылыгымдын элге жетишине сиздердин гезитиңиздердин салымы чоң. Ыраазычылык билдирем.
– Уулуңуз тойдо сизге арнап ыр ырдады. Балдарыңыздын чыгармачылыкка аралашканына кандай карайсыз?
– Кудай 3 перзент берди, чексиз шүгүр айтам. 2 уулубуз музыкага жакын. Кызым шоуну, көңүл борборунда болгонду жактырбайт. Тун уулум Барсбек чыгармачылыкка абдан жакын. Ал Данияр Эрматовдун фанаты. Тойго Данияр келсе, өпкөсү көөп “Данияр акем келиптир” деп сүйүнүп жүрдү. Даниярга кийимин, чач жасалгасын да окшоштуруп алат, ырларын жакшы көрүп угат, ырдайт. Баланын ийгилиги башкача экен. Өз ийгиликтерим билинбейт. Кечээ тойдо балам ырдаса ыйлагым келип өзүмдү араң кармап турдум. Өзүм көп ыйлай бербейм, катуумун. Барсбегим чыгармачыл инсан болот окшойт. “Чоңойгондо ырчы болом, бизнесмен болом” деп айтып калат. Жаштын тилегин берет дейт. Кайсы кесиптин ээси болсо да, атасы экөөбүз балдарыбызды колдогонго даярбыз.
– Кандай ата-энесиздер?
– Асан кызын жакшы көрөт. Эки баламды Аскеден коргоп эле жүрөм, ал уулдарына катуу. “Ааламды жети айланып келсең дагы кыз баладай мээримдүү таппайсың” деген сөз туура деп ойлойм. Бир жактан келсек 2 балабыз “келдиңерби? Эмне алып келдиңер?” деп эле коюшат. Кызым чуркап келип, “жаным атам” деп кучактап, курсагыбыз ток же ач экенин сурап, “чарчадыңарбы?” деп массаж жасап берип жүрөгүңдү элжиретет.
– Жолдошуңуз тойдо тамашалап сүйлөп элди күлдүрүп жатты. Үйдө деле тамашакөйбү?
– Аскени көргөндөр катуу адам деп ойлосо керек. Үйдө аябай күлдүрөт. Анын турган турпаты күлкүлүү. Айымдарга комплименттерди жакшы айтат. Аске чындыгында абдан жакшы адам. Тагдыр экен, ушул инсан менен үй-бүлө куруп, турмуш жолунда бири-бирибизге жөлөк болуп жашап жатабыз.
– 30 жашка чыккан кандай экен?
– Ар жаштын өзгөчөлүгү бар. Балдарымды көрүп чоңойгонумду сезем. Азыр энемин, бир үй-бүлөнүн кожойкесимин. Элге төбөсү көрүнгөн кыргыз элинин азамат кыздарынын бири болдум деп сүйүндүм. Алдыда көп жакшы максаттарым бар. Иштесем ишке, жесем ашка тойбой турган учурум. Ар бирибиз дүйнөгө бир миссия менен келебиз деп ойлойм. Өз тармагыбызда мыкты болушубуз керек. Келечекте кыргыздын мыкты кызы катары изим калса экен дейм.
– Чыгармачылыгыңызга өтсөк, Өзбекстандын “Кадырхан” сериалына тартылып жатканыңыз маалым. Ушул тууралуу айтсаңыз.
– Кичинемде “чоңойгондо ырчы, актриса же диктор болом, башка мамлекеттерге да таанылам” дечүмүн. Тилектерим орундалып келатат. 2019-жылы Өзбекстанда концерт койгом. Ошондо Нусрат Абдурасулов деген режиссёр мени көргөн экен. “Ак шооланын” саундтрегин да көрүшүптүр. Тасмага тартылууга чакырганда толкундандым, анткени ал Өзбекстандын кино тармагында орду бар киши. Кичине кезибизде өзбек кинолорун көрчүбүз. Өзбекстанда тез иштешет экен. Бир жакта тартуу иштери болуп жатса, анын жанында эле монтаж болуп, дагы бир жагынан үн жаздырыла берет экен. Мурда тасмалар чет өлкөлөрдө ушундай тартылат дегенди угуп таң калчумун. Бизде да, буюрса, ошондой шарттар болот.
– Буюрса. Кремлде, Ташкентте концерт бердиңиз. Дагы кайсы өлкөлөрдө концерт берүү кыялыңыз бар?
– Тажикстанда, Казакстанда берүү пландарым бар. Шабнам Сурайёну тажик эли Примадоннабыз дешет. Ошол ырчы менен жакшы мамиледебиз, байланышып турабыз. Буюрса, дуэт жаздырабыз, долбоор жасайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Япония, Америка, Европада концертим болгонун элестетем. Кудай дем-күч берсе көп жерде берем.
– Атактуулук кээде чарчатабы?
– Кичинемден атактуу болгум келгени үчүн андай дебейм. Сөздүн кесири болот дегенге ишенем. Күйөрмандарым менен сүйлөшүп, сүрөткө түшкөндөн качпайм. Ошол нерсе үчүн канча эмгек кылдым, канча ден соолугум кетти. Көкүрөгүмдө көксөгөн кыялым ушул болчу. Кудай берди, шүгүр кылам. Мага эл менен бирге болуу жагат. Бош болсом базарга барганды жакшы көрөм. Барсам сөзсүз толтура белек алып келем, таанып колума карматышат. Кыргыздын өнөр баалаган касиети жагат. Анан дагы мен соодалашканды жакшы көрөм, ошол учур жагат. “Кантип сенде акча жок?” дешсе уялып калам.
– Сындарга көнүп калдыңызбы?
– Жашоодо бирөөгө пайдам тийбесе да, зыяным тийбейт. Өнөр адамы болгондон кийин жакшыбы-жаманбы сен жөнүндө сүйлөп турганы жакшы. Хейтерлер бар. Бирок жаныма келип “жамансың, акмаксың” деп эч ким айткан эмес. Жалаң жакшы сөздөрдү айтышат, “сыймыктуу кызсың, жакшы көрөбүз” дешет. Сынды окуп отурганга убактым жок. Бош убактым болсо жаңы ыр жаздырсам, жаңы долбоор чыгарсам деп ойлоном. Интернетке отурган убактымды кызганам. Ушундан көрө ыр жаттасам же балам менен ойноп келсем болмок деп калам. Бирок ага деле шүгүр.
– Көп ишке жетишкендей болосуз. Анча энергияны кайдан аласыз?
– Бир тууган эжем “сенин жашооң сонун. Бир карасаң Ошто, бир карасаң Бишкекте. Жасанасың, ырдайсың” дей берчү. Мен бир күнү “келиңиз, 2 күн мени менен чогуу жүрүп көрүңүз” дедим, келди. Эртеден кечке ээрчитип жүрдүм. Кечинде тойго кирип чыксам, эси ооп уктап калыптыр. Эртеси да болбой ээрчитип алдым. Кийинки күнү бир жакка кетсем, үйүнө кетип калыптыр. “Жашооң өзүңө буюрсун. Мен жакшы учурларыңды гана көрөт экенмин” деди. Оңой иш жок. Акча табуунун өзү кыйын. Элге жакшы нерселерди гана көрсөтөбүз да. Анын артында канча кыйынчылык бар, ыйлайсың, сүйүнөсүң, ачка-ток каласың, ооруйсуң дегендей. Баарына кайыл болуп аракет кылып жатабыз. Жетишпеген иштерим да толтура.
– Сабырдуусузбу?
– Сабырдуумун. Психологиялык китептерди окуйм. Ачуулансаң да, сабырдуу болсоң да ошол эле нерсе. Акыл калчап жүрөгүмдү тыңшап маселе чечкен учурлар көп. Жаман мүнөз менде да бар. Сабырсызмын десем андай да боло алам. Ошондуктан ар ким өзүн оңдошу керек. Ачуулана берсем ден соолугум кетет, эрте өлүп калам да (күлүп). Адамдын ичи жакшы болсо сыртка ошол чыгат экен. Ошондуктан жүрөгүмдү жакшы сөздөр менен толтурганга аракет кылам.
– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Сизге ийгилик каалайбыз.
Перизат Музуратбекова