БИР БҮРКҮМ. ОРОЗО АЙЫ 13-АПРЕЛДЕ БАШТАЛАТ...

  • Жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду камакта кармоо мөөнөтүн Бишкек шаардык соту 15-апрелге чейин узартты.
  • Башкы прокуратура: “Ысык-Көлдө 31 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды”.
  • Мамлекеттик салык кызматы: “2021-жылдын алгачкы 3 айында 781 миллион сомдон ашуун камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду”.
  • Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Түштүк Корея парламентинин төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.
  • Жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттерди онлайн каттоо 9-апрелде аяктай турганы айтылды.
  • Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталат.
  • “Жыл башынан бери өлкөдө кумшекер 10 сомго кымбаттады”,- дейт Улуттук статистика комитети.
  • 6-апрелден тартып Бишкекте жылуулук берүү токтотула баштады.
  • Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду камакта кармоо мөөнөтү 10-июнга чейин узартылды.
  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунда жергиликтүү милицияга “шайлоодо мыйзам бузууларга бөгөт койгула” деп ташырма берди.
  • 7-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү.
  • 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан