Телефондогу “контакттар ааламына” саякатка чыгалы. Сүйүктүүңүздүн номерин ким деп сактагансыз? Бул санда шоу-бизнес жылдыздары түгөйүн телефонго ким деп сактаганына кызыгып көрдүк. “Ырысым”, “Муза жүрөкчө”, дагы ким?..
МИРБЕК АТАБЕКОВДУН СҮЙҮКТҮҮСҮ “МЕКУЛИЧКА ЖАНУЛИЧКА”
– Менин контактымда келинчегимдин номери “Мекуличка Жануличка” деп сакталуу. Башынан эле ушундай деп сактагам. Ал эми келинчегим мени “Мишка” деп сактаган. Атым Мирбек болгондуктанбы же мамалактарга окшоштуруп “мягкий” дегенби, айтор, Мишка деп сактап койгон.
ТЕАТР ЖЫЛДЫЗДАРЫ ТЕЛЕФОНДО ОЛУТТУУ
Арнис Кыдырмышев:
– Келинчегимдин номерин “Альбина О” деп эле сактагам. Эмнеге экенин билбейм, эч качан эркелеткен сөздөр менен жазып сактабаптырмын. Биз башынан эле аттарыбыздан сактап жүргөнгө өзгөрткөн эмеспиз.
Альбина Имашова:
– Жолдошумдун эки номери тең атынан сакталуу. Бир номерин “Арнис О”, экинчисин “Арнис Билайн” деп сактагам. Башка ат коюп сактаган эмесмин.
АЛПАРУУЧУ УРМАТ БОРЧЕНОВДУН СҮЙҮКТҮҮСҮ “АСЕЛИМ”
– Жубайым менен кыз-жигит болуп жүргөн кезде эле “Аселим” деп номерин сактагам. Азыр дагы өзгөргөн эмес. Ал мени эмне деп сактаганын билбейм. Бирок бизде эркелетмей жок, согушуп кетебиз.
ОМАР “КОМАРГА” АЙЛАНГАНДА...
– Келинчегим экөөбүз контакттагы номерибизди ар кандай аттар менен жазып сактап коёбуз . Үйлөнгөнгө чейин эмне деп сактаганымды унутуп калдым. Бат-баттан алмаштырып турабыз. Кыз-жигит болуп жүргөн кезде ал мени “компот жыттанасың” деп “Компот” деп сактап койчу. Азыр болсо Омарга “К” тамгасын кошуп “Комар” деп сактап койгон. Кээде күлкүлүү быйтыкчаларды коюп коёт. Мен болсо келинчегимди “Д” деп сактагам.
АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ “РОМАНТИКА БҮТПӨЙТ” ДЕЙТ
– Турмушка чыкканга чейин жолдошумдун номерин “Медвежонок” деп сактачумун. Азыр аты эле жазылуу. Жолдошум да мени “Айгерим” деп атымдан сактаган. Муну менен “романтика бүттү” дебейм, романтика улана берет. Бири-бирибизге жаным деп кайрылабыз. Ал эми телефонго атыбызды жазып сактаган кызыктуураак сезилет.
САМАТ ЭРКИНБЕКОВ ЖУБАЙЫН “ДЕВУШКАМ” ДЕП ЭРКЕЛЕТЕТ
– Келинчегимди “Девушкам” деп сактагам. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезден эле ушундай келе жатат. Келинчегим болсо мени телефонуна “Муза жүрөкчө” деп сактаган.
АВАЗ АКИМОВ “ЛЮБИМЫЙ”, АЙДАНА ДЕКА “ЖАНЫМ”
– Айдана экөөбүз таанышкан күндөн баштап эле анын телефон номерин “Жаным” деп сактагам. Үйлөнгөндөн кийин, азыр деле өзгөрткөн жокмун. Ал эми Айдана мени телефонуна орусча “Любимый” деп сактаган.
ЫРЧЫ КУДАЙБЕРДИ АЙТБОСУНОВДУН “БОБОТИГИ” АЗЫР КИМ?
– Келинчегимдин эки номери бар. Бирөөсүн “Боботик”, экинчисин “Катыке” деп сактап койгом. Үйлөнгөнгө чейин деле сүйүктүүмдү “Боботик” дечүмүн. Азыр тамашалап, эркелетип “Катыкем го менин” деп калам.
КОМУЗЧУ ЧОЛПОН МЕЛИСБЕКОВАНЫН ЖОЛДОШУ “ЫРЫСЫМ” ДЕП САКТАЛУУ
– Жолдошумдун телефон номерин көп жылдан бери “Ырысым” деп сактап келем. Такыр өзгөртө элекмин, өзгөртүү планым деле жок. Башкалардан өзгөчөлөнтүп берекем, бактым, ырысым болсун деп жазып койгом.
Гүлдана Мамадали кызы