Apple компаниясынын 2021-жылы күз айларында чыгуучу iPhone 13 Pro смартфонунун үлгүсүнүн сүрөтү жарыяланды. Бул сүрөттү чет элдик порталдар япониялык Macotakara блогуна шилтеме берүү менен жарыялады. Macotakara Apple компаниясынын гаджеттеринин бардык үлгүлөрүн алдын ала так жарыялап келет.
iPhone 13 Pro мурунку үлгүлөргө салыштырмалуу кыска жана тууралжын болот. Ошондой эле 2017-жылы iPhone Х смартфонуна колдонулган “көкүл” бул сапар да рамканын башына коюлат. Ал эми калган жагы iPhone 12 Pro`дон дээрлик айырмаланбайт. Тактап айтканда, Apple бул сапар технологиялык артыкчылыктарды киргизбей тургандыгы көптөгөн дүйнөлүк маалымат каражаттарында жазылууда.
Асел Ишенбай кызы