7-апрелде 2010-жылкы Апрель ыңкылабына 11 жыл толду. Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, бул революциянын Кыргыз тарыхындагы ордун белгиледи.
– 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргыз калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды. Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды. 2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Ак үйдүн алдына өз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык. Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду. Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө,- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Ушул эле күнү Садыр Жапаров баштаган топ “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, баатырларды эскерди. Эскерүү иш-чарасына парламент төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков да катышты. Ошондой эле Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Аксы жана Апрель окуяларынын баатырларына арналып тургузулган монументке гүл коюп, эскеришти.
Бишкекте Апрель революциясынын 11 жылдыгына арналып башка да иш-чаралар өттү.
Жолдубек Качкынбаев