“КООПСУЗ ШААР”: “ЭРЕЖЕНИ БУЗГАН АЙДООЧУЛАРГА АЙЫП ПУЛ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

Өкмөттө “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пулдарды азайтуу маселеси каралууда. Расмий маалыматка таянсак, бул жаатта атайын токтом даярдалууда. Себеби – өлкөдөгү азык-түлүк каатчылыгы, баалардын кымбатташы жана айып пулдун суммасынын көптүгү боюнча коомчулукта айтылып келген нааразычылыктар. Жакын арада тийиштүү токтомдун долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрү күтүлүүдө. Кайсы беренелер боюнча айып пулдар азайтылат? ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айып пулду өз убагында төлөгөндүгү үчүн каралган 50 пайыздык жеңилдикти 70 пайызга чейин көбөйтүүнү сунуштап жатат. Мисалы, 1000 сом айып салынган айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төксө, азыркыдай 500 эмес, 300 сом төлөп жазадан кутулат. Аталган башкармалыктын өкүлү Тилек Исаевдин айтымында, бул жеңилдик 123-берененин “транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан саатына 10 чакырымдан көп, бирок 20 чакырымдан көп эмес ашуусу” бөлүгү боюнча берилет. Тагыраагы, ушул эрежени бузгандар айып пулду 70 пайызга чейин төмөндөтүп төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат. Ошондой эле “жол белгилеринин талаптарын аткарбоо” беренеси боюнча да жогорудагыдай жеңилдик берүү каралууда.

Коомчулукта айып пулдарды жеңилдетүү демилгесин колдогондор көп. Ошол эле учурда айып пулду азайтуу өлкөдө жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жол ачат деген кооптонуулар да айтылууда. Айта кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын 4-мартынан бери иштеп келе жатат. 2 жыл аралыгында систем 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысын каттаган. Айдоочулардын көпчүлүгү аталган долбоордун алкагында салынчу айып пулдун суммасы Кыргыз өлкөсүндөгү жашоо-шартка туура келбейт деп нааразы болуп келишет.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан