Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов 6-апрель күнү Бахрейнде Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман менен жолугушту. Бул тууралуу аталган союздун маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда COVID-19 пандемиясынын шартында Кыргыз мамлекетиндеги футболду колдоо, өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Ошондой эле өткөн жылы каражаттын жоктугунан токтоп калган АФКнын каржылык жардамына токтолушту. AФК президенти Шейх Салман каржылык жардам 2022-жылдан тарта кайра башталат деп ишендирди. Жолугушууда келечекте каржылоонун кошумча жаңы жолдору жөнүндө да сөз болгону айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, бир топ жылдан бери Кыргыз футболунун күйөрмандары, мекенчил жарандар Бишкекке заманбап, ФИФАнын стандарттарына жооп берген стадион куруу талабын коюп келишет.
Жолдубек Качкынбаев