КЫРГЫЗСТАН КОҢШУЛАРДАН ГУМЖАРДАМ АЛАТ

Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга дыйканчылык жаатта жардам берүүнү чечишти. Кыргыз премьери Улукбек Мариповдун айтымында, Өзбекстан 1000 тонна буудай үрөнүн берет.

– Өзбекстан бизге жардам катары 1000 тонна буудай үрөнүн берип жатат. Жарымы бекер, жарымын бир топ убакыттан кийин кайтарып беребиз. 500 тонна пахта берет. Анын дагы жарымы жардам болсо, жарымын кайра кайтарабыз. Ошондой эле 10 миң тонна көчөттөрдү бизге белек катары берди. Казакстан дагы 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары берди. Ал өлкөдөгү муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Ошондой эле миң тонна күздүк буудай үрөнүн берип жатат,- дейт Марипов.

Мындан бир ай мурун айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өлкөдө буудайдын үрөнү 85 пайызга, арпа үрөнү 89 пайызга, калган өсүмдүк түрлөрү боюнча үрөн 100 пайызга камсыздалды деп билдирген эле.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан