12-АПРЕЛДЕН 18-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Көңүлүңүздү бир жерге топтоп иштебесеңиз иштериңиз убагында бүтпөйт. Демек, материалдык мүмкүнчүлүктү жоготосуз. Кырдаалга жараша ыңгайлашып, керектүү адамдарды колдонуп алга жылыңыз. Башы бошторду тагдыр жакшы адам менен табыштырат, мамиле түзүп кетүү өздөрүнөн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кызыл тилдүүлүктү, элди ишендире билүүчүлүк жөндөмдү колдонуп көйгөйлөрдү чечип алуу кажет. Бирөөлөрдүн тукуругуна кирип, бейкүнөө адамга жаман айтпаңыз. Жаңы ишке орношкондор тегерегине пикирлештерди топтоп баштабаса оозго алынышы кыйын. Саясий лидерлер эл алдында ойлонуп сүйлөбөсө душман арттырышат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жашыруун сырларды билип, көптөгөн суроолорго жооп табасыз. Кыялыңыздын бири оңой орундалат. Туугандарга кеп болбоо үчүн сараңдыктан качыңыз. Күчтүү тамактар, алыс жол жүрүү ден соолугуңузга терс таасирин тийгизерин эске алыңыз. Коңшулар менен урушуп калбоо үчүн эмоцияны ооздуктаңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Өз күчүңүздү ашыкча баалоо менен көп милдеттенме алууңуз алдан тайдырат. Балээге калбайын десеңиз, бетке чаап сүйлөбөңүз. Жакыныңыздын бирин алыска узатууга камынууңуз ыктымал. Айрымдардын ишине өзгөрүүлөр кирет. Жүрөгүңүзгө жакын адам жакшы кабары менен бөлүшөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ийгилик коштоочу апта, максималдуу түрдө колдонуп калуу керек. Чечкиндүүлүк, туура ойлонуучулук касиет сизди талаш-тартыштарда жеңүүчү кылат. Чет тилди үйрөнүү, жакынкы иштерди пландоо кажет. Көпчүлүктүн пикирине каршы чыгуунун кереги жок. Акчаны болушунча үнөмдөңүз, болбосо шашылыш иштерде акча таппай каласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаңы идеялар, энтузиазм пайда болот. Романтикалык кече уюштурууга, турак жай маселесин чечүүгө, мамилелерди бекемдөөгө ыңгайлуу убак. Өзүн лидер катары тааныткысы келгендердин абройлуу адамдарга күнү түшөт. Үйүңүзгө келгендерге кең пейил кожоюн болуп чыга келесиз. Балдарды майда жаракаттардан сактоо керек.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Материалдык жактан камсыз болууга болгон аракетти жумшайсыз. Буга үйдөгү жашоо шартты жакшыртуу, жеке бизнес ачуу маселелери аргасыз кылат. Сүйгөн адамыңыздын көңүлүн алуу үчүн белек берүүңүз мүмкүн. Достор чогуу бир ишти бүтүрүү жаатында сунуштарын айтышат. Ден соолукка кам көргөндү унутпаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Көп иштериңиз бүтүшүн кааласаңыз ийкемдүү, тил тапкыч болушуңуз керек. Жаман көргөн адамыңыз менен ачык касташууга жетпеңиз. Жетекчилер кол астындагылардын нааразычылыктарына кабылышат. Эс алууга жакшы көңүл бурбасаңыз өнөкөт чарчоого кабылып, илең-салаң болуп баштайсыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жер тилкесин, турак жайды сатуу жана сатып алууга ыңгайлуу убак. Айрымдар зарылчылыктан улам банктан насыя алууга же айлыгы көбүрөөк иш издөөгө аргасыз болушат. Тааныштардын тамашалары катуу тийип, урушуп калышыңыз ыктымал. Өзүңүздү жакшы сезбей жатсаңыз, оор ишти жасоодон баш тартыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жаңы ишке орношууга же кызматтан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк чыгат. Жетекчиликтин тилин табуу керек. Юридикалык жана каржылык маселелерди чечишүүгө кол сунгандар табылат. Киреше да кирет, чыгаша да чыгат. Жакындарыңыздын бири ийгилигин чогуу белгилөөгө чакырат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүү, сыйлашуу өкүм сүрөт. Балдарды ар тараптуу өстүрүүгө көңүл бөлүп, керектүү нерселер менен камсыз кыласыз. Чет жактагы достор менен байланышып, бир топ маалыматтарды аласыз. Жашыруун кастардын сизди жетекчиликке жаман көрсөтүүсүнө жол бербеңиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптада жетекчилик менен айлыкты жогорулатуу жаатында сүйлөшсөңүз болот, ыңгайы келип турат. Алар макул болушат же материалдык жардам көрсөтүшөт. Оптимисттик маанай көп иштерди бүтүрүүгө түртөт. Сатып алуулардан жолуңуз болот. Жакшы жаңылык угасыз. Пайдалуу тааныштар менен мамилелер бекемделет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан